Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
108-берене. Парламенттик териштирүү боюнча комиссиянын иши
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 19-глава
1. Бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Алар комиссиянын талабы боюнча бардык зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
2. Комиссия тарабынан банктык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды алуу зарыл болгон учурларда бардык ушул документтер "кызматтык пайдалануу үчүн" деген гриф менен аныкталууга тийиш жана жарыя кылынууга тийиш эмес.
Парламенттик териштирүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү банктык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды жарыялагандыгы үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
3. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия укуктардан пайдаланат жана ага тергөө органдары үчүн кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Комиссиянын жыйналышына келүүдөн жана түшүндүрмөлөрдү берүүдөн качууга эч кимдин укугу жок. Комиссиянын жыйналышына келүүдөн, түшүндүрмөлөрдү берүүдөн, парламенттик териштирүү боюнча комиссияга материалдарды жана маалыматтарды берүүдөн качкан адамдар жөнүндө маалымат коомчулукка жеткирилет.
4. Түшүндүрмөлөр комиссиянын ачык жыйналышында угулат. Өзгөчө учурларда, эгерде маалымат мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу сырды камтыса, комиссиянын чечими боюнча ушул маалыматты угуу аяктаганга чейин жыйналыш жабык режимде уланат.
5. Аракеттери парламенттик териштирүүнүн предмети болгон кызмат адамдарынын түшүндүрмөлөрүн угууда Комиссия мыйзамдарда белгиленген тартипте полиграфты колдонууга укуктуу.
6. Өзгөчө учурларда комиссия түшүндүрмө алууну комиссиянын үч мүчөсүнө тапшырууга укуктуу.
7. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия укук бузуу фактысын тапкан учурда укук бузууга бөгөт коюу же болбосо кылмыш-жаза ишин, укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү же тартиптик өндүрүштү козгоо жөнүндө маселени мамлекеттик органдын же кызмат адамынын алдына коюуга укуктуу.
8. Ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселе алдына коюлган мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары, эгерде комиссия тарабынан башка мөөнөт белгиленбесе, коюлган маселени кароонун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө комиссияга бир айлык мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.
9. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия түшүндүрмөлөрдү алуу максатында жаза аткаруу мекемелерине кирүү укугун комиссия мүчөлөрүнө берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
10. Комиссиянын бардык чечимдери комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11. Иш аяктагандан кийин комиссия негизделген корутундуну түзөт жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн Координациялык кеңешке жөнөтөт, ал 15 күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңештин жыйналышында талкууланат жана токтом менен бекитилет.
12. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссиянын корутундусу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) териштирилген фактылардын жана жагдайлардын сүрөттөлүшүн;
2) алардын келип чыгуу себептерин жана алардын кесепеттерин талдоону;
3) тыянактарды;
4) сунуштамаларды;
5) зарыл болгон учурда - ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу, адамдарды жоопкерчиликке тартуу же мамлекеттик органдардын жана (же) алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды.
13. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат жана "Эркин-Тоо" газетасына жарыяланат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-108" title="108-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>