Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 27-июлу № 151 Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 конституциялык Мыйзамынын, КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 редакцияларына ылайык)
1-берене
1-берене. (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамына ылыйык күчүн жоготту)
2-берене. "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын 2-пункту "каралуучу кайрылуулардан" деген сөздөрдөн кийин ", судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөн" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 9-статьяда:
а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет.";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Каралган кайрылуулар жооптордун көчүрмөлөрү менен, аларды сактоонун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен архивге сактоого өткөрүп берилет.";
3) 11-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жеткиликтүүлүгү мыйзамдар менен чектелген маалыматтарды, ошондой эле жарандын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарды, анын макулдугусуз жарыялоого жол берилбейт.";
4) 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же кызмат адамынын кайрылууну кароодон укук ченемсиз баш тартууларына, же негизсиз жоопту же анык эмес маалыматтарды бергенине байланыштуу жарандын тарткан чыгымдары мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же кызмат адамынан соттун чечими боюнча өндүрүп алынышы мүмкүн.".
3-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-берененин 1-бөлүгү "Жогорку Кеңештин жыйналышында" деген сөздөрдөн мурда "Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик бийлик органдарына, өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга суроо-талап жөнөтүүгө укуктуу, алар бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү.";
б) 3-бөлүгүндө "органдарына жана алардын кызмат адамдарына" деген сөздөр "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүгү "сырды" деген сөздөн кийин ", мыйзам менен корголгон башка сырды" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 6-бөлүгүндө "Мамлекеттик" деген сөз "Аткаруу" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 16-берененин 1-бөлүгү "Жарандардын укуктары" деген сөздөрдөн мурда "Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
4) 21-беренеде:
а) биринчи абзацында "Жогорку Кеңештин" деген сөздөр "1. Жогорку Кеңештин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган депутатка кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет.";
5) 22-берененин биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку Кеңештин депутаты Жогорку Кеңештин же анын органдарынын тапшырмасы боюнча, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мыйзамдарды аткаруусун текшерүүгө катышат.";
6) 27-берененин биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери Жогорку Кеңештин депутатынын кайрылуусу боюнча шайлоочулар менен иштөөнү уюштурууга зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.".
4-берене
4-берене. (КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-статьянын 4-бөлүгү "тийиштүү органдардын" деген сөздөрдөн мурда "сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 12-статьянын 1-бөлүгү "мамлекеттик органдарды" деген сөздөрдөн мурда "сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
3) 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган депутатка кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет.";
4) 18-статьянын биринчи сүйлөмү "бардык мамлекеттик органдарга" деген сөздөрдөн мурда "сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
5) 20-статьянын 1-бөлүгү "тийиштүү органдарга" деген сөздөрдөн мурда "сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- Баткен шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 01-8/2 «Баткен шаардык кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат Давлятбек у Чыңгыздын арызын кароо жана…Постановление · 01.02.2018 · № 01-8/2
- Баткен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 01-08/5 "Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат М.К.Шералиевдин арызын кароо жана «Өнүгүү…Постановление · 19.03.2018 · № 01-08/5
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.