Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 3-апрели № 33 Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык, КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамы редакциясына ылайык, КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене
1-берене. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аргасыз кырдаал жагдайлары пайда болгон учурда, белгилүү мөөнөткө салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болуу, өзгөрүү, аткаруу жана токтотуу негиздери боюнча, ошондой эле салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн санкцияларды жана туумдарды колдонбоо боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.".
3-берене (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
1) 19-берененин 1-бөлүгү "таасирин талдоо" деген сөздөрдөн кийин ", ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, " деген сөздөр менен толукталсын;
2) 23-берененин 1-бөлүгү "бир айдан кем эмес" деген сөздөрдөн мурда ", ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кошпогондо, " деген сөздөр менен толукталсын.
6-берене "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
1) 81-статьянын 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацы "банкрот болушуна алып келиши мүмкүн болсо, " деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, " деген сөздөр менен толукталсын;
2) 26-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен пайда болгон айыптык төлөмдөрдүн суммасына үстөктөр эсептелбейт.".
7-берене "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда белгилүү мөөнөткө жеке ишкерлерди камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу тууралуу чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.".
8-берене (КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
1) 37-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчу абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана\же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен акционерлердин жылдык жалпы чогулуштарын өткөрүүнүн башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн.";
2) 81-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизүү менен жана\же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен коомдун финансылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетту жарыялоонун башка мөөнөтү белгилениши мүмкүн.".
10-берене (КР 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-берене Ушул Мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 1-пунктунун «а» пунктчасын кошпогондо, 2020-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
2020-жылдын 1-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 21 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (21)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- "Токмок шаарынын 2020-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы мезгилге карата милдеттери жөнүндө" (Токмок шаардык кеңешинин 2021-жылдын 22-январындагы…Программа · 22.01.2021 · № 305/39-4
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 3655-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2020 · № 3655-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 210 "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча…Постановление · 20.04.2020 · № 210
- Токмок шаардык кенешинин 2021-жылдын 22-январындагы № 303/39-4 "Токмок шаарынын 2020-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2021 · № 303/39-4
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 3657-VI "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам…Постановление · 01.04.2020 · № 3657-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 3656-VI "Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам…Постановление · 01.04.2020 · № 3656-VI
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 164 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтомуПостановление · 08.05.2020 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
21 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 80, 85, 138, 139 жана…Постановление · 22.03.2022 · № 150
- Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 3 "Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 30-май 2019-жылдагы кезектеги XVI сессиясынын №2-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 27.04.2020 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 35 "Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 28.01.2022 · № 35 · Күчүн жоготкон