23-берене. Жогорку Кеңештин комитеттери
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 5-глава
1. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
2. Жогорку Кеңеш комитеттердин санын, алардын карамагындагы маселелерди аныктайт, ошондой эле алардын курамын түзөт.
3. Комитеттердин курамы фракциялардын лидерлеринин, депутаттык топтордун жетекчилеринин сунушу жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын арыздары боюнча түзүлөт.
4. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык аткаруу бийлик органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт.
5. Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.
6. Комитеттер Жогорку Кеңешке отчет берет.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы № 489-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 14.05.2026 · № 489-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "2025-жылдын 18-декабры № 15-VIII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 15-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңшинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 2357-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү…Постановление · 18.09.2024 · № 2357-VII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-февралындагы № 921-VII ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө"…Постановление · 01.02.2023 · № 921-VII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>