Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
120-берене. Согуш жана тынчтык, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү, Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда согуш абалын жарыялоо маселелерин кароо
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 22-глава
1. Президент согуш жана тынчтык, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү, Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда согуш абалын жарыялоо маселелери боюнча жарлыкты Жогорку Кеңешке жөнөтөт.
2. Жогорку Кеңеш Президенттин жарлыгын комитеттерде алдын ала кароосуз бекитүү же жокко чыгаруу боюнча чечимди ал келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде, ал эми айрым жерлерде өзгөчө абалды киргизүү маселелери боюнча - ал келип түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен карайт жана чечим кабыл алат.
3. Эгерде табигый кырсыктардын, арылуу мүмкүн болбогон башка кыйынчылыктардын натыйжасында белгиленген мөөнөттө кворумдун болушу камсыз кылынбай калса же болбосо жыйналыш Жогорку Кеңештин имаратында өтүшү мүмкүн болбосо, Төрага Бишкек шаарындагы же башка шаардагы башка жайды тандап алат, ал жөнүндө депутаттарга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен кабарландырылат.
4. Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда Жогорку Кеңеш өзгөчө, согуштук абалды киргизүү жөнүндө, согуштук абал жарыялоо жөнүндө Президенттин жарлыгын жана анда каралган чараларды толугу менен, тигил же бул бөлүгүн бекитиши же аны четке кагышы мүмкүн.
5. Президенттин жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6. Кабыл алынган чечим жөнүндө Жогорку Кеңеш 3 сааттын ичинде Президентке маалымдайт жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
7. Эгерде Жогорку Кеңеш аны конституциялык мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталган мөөнөттө бекитпесе, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү жөнүндө, Кыргыз Республикасына баскынчылык же түздөн-түз баскынчылык коркунучу болгон учурда согуштук абалды жарыялоо жөнүндө Президенттин жарлыгы күчүн жоготот.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-120" title="120-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>