148-берене. Шайлоочулар менен иштөөнүн формалары жана методдору
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 31-глава
Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар сессия учурунда жана сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүлөр аркылуу уюштурат:
1) шайлоочуларды кабыл алуу;
2) сунуштарды, арыздарды, өтүнүчтөрдү кароо;
3) чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, тегерек столдорду, семинарларды, кеңешмелерди, жыйналыштарды, анын ичинде көчмө жыйналыштарды, ачык эшиктер күнүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
4) жарандардын жана алардын бирикмелеринин мыйзам чыгаруу сунуштарын кароо жана кабыл алуу;
5) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын укуктарын бузушу боюнча парламенттик териштирүү жүргүзүү жөнүндө жарандардын кайрылууларын кароо;
6) мыйзам долбоорлору жана коомдук маанилүү маселелер боюнча парламенттик угууларды өткөрүү;
7) шайлоочулардын даттануулары боюнча парламенттик жана депутаттык суроо-талаптарды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүү.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
148-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2506-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2024 · № 2506-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 58-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2025 · № 58-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1039-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2023 · № 1039-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-мартындагы № 1954-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2024 · № 1954-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы № 1572-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2023 · № 1572-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2506-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2024 · № 2506-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 2712-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.12.2024 · № 2712-VII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-148" title="148-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>