Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
50-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууга даярдоо
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 7-глава
1. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, жооптуу комитет мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен аны алдын ала кароону жүзөгө ашырат.
Конституциялык соттун чечимин аткаруу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин жооптуу комитети тарабынан Министрлер Кабинетине, Жогорку сотко жана Башкы прокурорго жөнөтүлөт. Мыйзам долбоору боюнча корутунду Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине 30 күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.
2. Өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, депутаттар, Министрлер Кабинети, Жогорку сот жана Башкы прокурор, Элдик Курултай, жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоору боюнча жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерди жана сунуштарды ал Жогорку Кеңештин расмий сайтында жайгаштырылган күндөн тартып 2 жуманын ичинде жооптуу комитетке жиберүүгө укуктуу.
3. Эксперттик кызматтар корутундуну мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен жооптуу комитетке жөнөтөт.
4. Мыйзам долбоору жооптуу комитеттин жыйналышына анын демилгечиси же ал ыйгарым укук берген өкүл тарабынан сунушталат.
5. Мыйзамдардын альтернативдүү долбоорлору болгон учурда жооптуу комитет аларды бир эле учурда карайт жана Жогорку Кеңешке бир мыйзам долбоорун кабыл алууну жана калгандарын четке кагууну же болбосо бардык мыйзам долбоорлорун бириктирүүнү же четке кагууну сунуштайт.
6. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду кабыл алат, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
1) мыйзам долбоорунун концепциясы;
2) мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкештиги;
3) мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы;
4) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна карата жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар;
5) ушул Регламенттин 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар;
6) эгерде көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар бар болсо, алар;
7) коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча сунуштар;
8) фракциялардын, депутаттык топтордун комитеттердин жана депутаттардын сунуштары;
9) комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири бар болсо, ал;
10) Жогорку Кеңеш ушул Регламенттин 54-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган чечимди кабыл алышы жөнүндө сунуштамалар.
7. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун алдын-ала кароонун натыйжалары боюнча Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз же электрондук түрдө төмөнкүлөрдү жөнөтөт:
1) комитеттин корутундусун;
2) эксперттик кызматтардын корутундуларын;
3) эгерде мыйзам долбооруна салыштырма таблица бар болсо, аны;
4) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун;
5) мыйзам долбоорлорун бириктирүү тууралуу чечим кабыл алууда - бириктирилген мыйзам долбоорун.
8. Жооптуу комитеттин жыйналышынын корутундусуна жана протоколуна төрагалык кылуучу 5 күндөн кечиктирбестен кол коет.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 мая 2026 года № 69 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
19.05.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…натыйжалары боюнча Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз алынып салынды: жана кошулду: же электрондук түрдө төмөнкүлөрдү жөнөтөт:
1) комитеттин … 5 күндөн кечиктирбестен кол коет.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № алынып салынды: 205 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 205, 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-50" title="50-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>