131-берене. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасы
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 25-глава
1. Ар бир жылдын 1-июнуна чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жогорку Кеңешке шайлоолорду, референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн практикасы жөнүндө; жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө; шайлоо мыйзамдарын аткаруу боюнча чаралар жөнүндө ар жылдык баяндаманы жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу сунуштарын берет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын баяндама менен сөз сүйлөөсүнүн датасын Жогорку Кеңеш ар айлык иш планында аныктайт. Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар баяндамага карата өз мамилесин аныктоо үчүн сүйлөй алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат.
3. Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын баяндамасын эске алат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзам чыгаруу сунуштарын мындан ары ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим чыгарат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
131-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы № 1573-VII ""Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз…Постановление · 02.11.2023 · № 1573-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 2479-VII ""Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана…Постановление · 24.10.2024 · № 2479-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 716-VIII "«Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү практикасы, жарандардын шайлоо укуктарын…Постановление · 25.09.2026 · № 716-VIII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-131" title="131-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>