53-берене. Мыйзам долбоорлорун кароого жалпы талаптар
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205
1. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды жооптуу комитеттер аларды карагандан кийин кабыл алат.
2. Жооптуу комитет Жогорку Кеңештин кароосуна даярдаган мыйзам долбоору жана материалдар Төрагага жөнөтүлөт.
3. Мыйзамдардын долбоорлору үч окуу жол-жобосу боюнча каралат жана кабыл алынат.
4. Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга жана мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кеминде үч окууда кабыл алынат.
5. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен тындырылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети расмий корутундуну бергенден жана каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.
6. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору жооптуу комитеттин корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.
7. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо ар айлык иш планына ылайык жүргүзүлөт.
8. Мыйзам долбоору коштоочу документтери менен Жогорку Кеңеш тарабынан аны кароого чейин 3 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жана Жогорку Кеңештин электрондук документ жүгүртүү тутумуна жайгаштырылат.
9. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча ар бир окуудан кийин ал боюнча добуш берүүнү өткөрөт.
10. Ушул берененин 13-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумуш күндөн кем болушу жана 30 жумуш күндөн ашык болушу мүмкүн эмес.
11. Жооптуу комитет ушул берененин 10-бөлүгүндө каралган мөөнөттү бир гана жолу бир айга узарта алат.
12. Ушул берененин 10 жана 11-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттөр сакталбаган учурда жооптуу комитет мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө корутундуну Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышына киргизет.
13. Көпчүлүк фракциялардын, депутаттык топтордун, ушул бөлүктүн 9-пунктунда каралган учурду кошпогондо, жооптуу жана тармактык комитеттердин оң корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй учурларда мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда же үч окууда кабыл алууга укуктуу:
1) мыйзам ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүү;
2) колдонуудагы мыйзамды жаңыдан кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү;
3) мыйзамдын айрым беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүү;
4) редакциялык түзөтүүлөрдү киргизүү;
5) мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин ортосундагы төп келбестиктерди жоюу;
6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун кароо;
7) конституциялык мыйзамдардын жана Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун кароо;
8) мыйзамдын же анын айрым жоболорунун расмий чечмелөөсүн берүү;
9) социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча, өзгөчө абалды, шашылыш кырдаалды киргизүүгө жана (же) арылуу мүмкүн болбогон күчтүн жагдайларына байланыштуу укук тартибинин жана коопсуздуктун маселелери боюнча мыйзамдардын долбоорлорун кароо.
14. Президенттин каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарылган, макулдашуу тобу даярдаган мыйзам ушул Регламенттин 76-беренесине ылайык кыскартылган жол-жобо боюнча кайрадан каралууга тийиш.
15. Мыйзам долбоору четке кагылганда Жогорку Кеңеш четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес аны кайрадан кароого кайрылышы мүмкүн.
16. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорун дайындалган расмий өкүл ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунуштайт.
17. Мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жаткан учурда мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъектинин расмий өкүлү - негизги баяндамачы, экинчи окууда тең баяндамачы болуп саналат.
18. Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан конституциялык мыйзамдардын жана мыйзамдардын долбоорлору Конституциялык соттун чечиминин мааниси менен мазмунунан гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш жана Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.
19. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
Мыйзамдар жана кодекстер Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…окуудан кийин ал боюнча добуш берүүнү өткөрөт.
10. Ушул берененин алынып салынды: 13-бөлүгүнүн 9-пунктунда кошулду: 13-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун … жол-жобо боюнча кайрадан каралууга тийиш.
15. Мыйзам долбоору четке алынып салынды: кагылган учурда кошулду: кагылганда Жогорку Кеңеш четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 … экинчи окууда тең баяндамачы болуп саналат.
18. Конституциялык алынып салынды: мыйзамдардын жана Конституциялык соттун чечиминен келип чыккан кошулду: конституциялык мыйзамдардын жана мыйзамдардын долбоорлору Конституциялык соттун чечиминин мааниси … депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
кошулду: (КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-53" title="53-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>