60-берене. Макулдашуу тобун түзүү жана анын иши
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 9-глава
1. Макулдашуу тобун түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууда Жогорку Кеңеш анын Жогорку Кеңештен жана Президенттен мүчөлөрүнүн санын жана курамын аныктайт.
2. Макулдашуу тобуна Жогорку Кеңештен демилгечи жана макулдашуу боюнча жооптуу комитеттин өкүлү кирет.
Эгерде демилгечи Конституциянын 79-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ыйгарым укуктары токтотулган депутат болуп саналса, макулдашуу тобунун курамына жооптуу комитеттин кошумча өкүлү кирет.
3. Чечим кабыл алууда макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн добуш берүүсү "бир тарап - бир добуш" принциби боюнча жүргүзүлөт. Макулдашуу тобунун чечими бир добуштан болууга тийиш.
4. Мыйзамдын макулдашылган вариантына жана түзөтүүлөрдүн таблицасына кол коюлганга чейин макулдашуу тобунун Жогорку Кеңештен тең төрагасы аларды ушул Регламенттин 49-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттарды аткаруу үчүн эксперттик кызматтарга жөнөтөт.
5. Макулдашуу тобу аны түзүү жөнүндө Жогорку Кеңеш тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 жумуш күндөн кечиктирбестен мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
Макулдашуу тобунун мүчөлөрүнүн ортосунда макулдук болбогон учурда жооптуу комитет четке кагуу жөнүндө сунуштама менен мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
6. Макулдашуу тобунун ишин уюштурууну жана маалыматтык камсыз кылууну жооптуу комитеттин бөлүмү жүзөгө ашырат.
7. Жогорку Кеңеш макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан төмөнкүнүн варианты боюнча чечим кабыл алат:
1) конституциялык мыйзамдын - депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн эки көпчүлүк добушу менен;
2) мыйзамдын - депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
60-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (59)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 219-т (2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети…Распоряжение · 04.05.2023 · № 219-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1040-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.03.2023 · № 1040-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы № 1840-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 1832-VII токтому менен…Постановление · 25.01.2024 · № 1840-VII
- Кыргыз Песпубликасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 2149-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Сүттүн сатып алуу баасын…Постановление · 06.06.2024 · № 2149-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 1439-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, "Сүттүн сатып алуу…Постановление · 21.09.2023 · № 1439-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 1791-VII Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 28.12.2023 · № 1791-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 1832-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 24.01.2024 · № 1832-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 2876-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 06.03.2025 · № 2876-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 3022-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген Кыргыз…Постановление · 17.04.2025 · № 3022-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 3113-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 3022-VII токтому менен түзүлгөн…Постановление · 04.06.2025 · № 3113-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 1908-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 28.02.2024 · № 1908-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 2482-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2-октябрындагы № 2408-VII токтому менен…Постановление · 24.10.2024 · № 2482-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2536-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25- сентябрындагы № 2388-VII токтому менен…Постановление · 20.11.2024 · № 2536-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1041-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 971-VII токтому менен…Постановление · 16.03.2023 · № 1041-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 2-октябрындагы № 2408-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 02.10.2024 · № 2408-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы № 2746-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарылган "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.01.2025 · № 2746-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1395-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган “Мамлекеттик жарандык кызмат…Постановление · 29.06.2023 · № 1395-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2385-VII "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз…Постановление · 25.09.2024 · № 2385-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 538-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 376-VIII токтому менен түзүлгөн…Постановление · 04.06.2026 · № 538-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 3114-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 3023-VII токтому менен түзүлгөн…Постановление · 04.06.2025 · № 3114-VII
59 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-60" title="60-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>