136-берене. Депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 27-глава
1. Жогорку Кеңеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени карайт.
2. Жогорку Кеңеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө тиешелүү арыз келип түшкөн күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте карайт. Арызды кароонун мөөнөтү бир айдан ашпайт.
3. Убактылуу комиссия мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени кароодо өзүнө карата мандатын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе каралып жаткан депутатты, шайлоочулардын чогулушунда дайындалган өкүлдөрдү, арыз берген өкүлдү угат, баа берет же арызда көрсөтүлгөн фактыларды тактоо менен гана чектелиши мүмкүн.
4. Убактылуу комиссия шайлоочулардын тиешелүү арызын кароонун натыйжалары боюнча депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени даярдоо жана алдын ала кароо үчүн чечимди тиешелүү комитетке жөнөтөт.
5. Жогорку Кеңеш тарабынан маселени кароо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө анын баяндамасы менен башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча өтөт.
Маселени кароодо жарыш сөздөргө фракциялардын, депутаттык топтордун өкүлдөрү жана өзүнө карата депутаттык мандатын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе чечилип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты катышат.
6. Жогорку Кеңеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө убактылуу комиссиянын чечимин жактыруу же четке кагуу тууралуу токтомду депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат.
7. Жогорку Кеңеш токтомду 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
8. Жогорку Кеңештин депутаттык мандатты кайра чакыртып алууга макулдук берүүдөн баш тартуусу депутатка карата депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө арыз четке кагылган болуп эсептелерин билдирет.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
136-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-136" title="136-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>