Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
126-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 23-глава
1. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берет.
Башкы прокурорду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе Президенттин сунушу боюнча каралат. Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана (же) анын орун басарларын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе Башкы прокурордун тиешелүү сунушу болгон учурда каралат.
2. Сунушту кароо үчүн ушул Регламентте каралган тартипте териштирүү боюнча комиссия түзүлөт. Комиссия сунушту карайт жана өзү түзүлгөн күндөн тартып 21 күндөн кечиктирбестен өз корутундусун Жогорку Кеңешке жөнөтөт.
3. Сот тартибинде салынуучу укук бузуу үчүн кылмын-жаза жоопкерчилигине жана жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароодо комиссия Башкы прокуратуранын өкүлүн, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адамды угууга милдеттүү.
4. Комиссиянын маалымдамасы жана мамлекеттик кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдин долбоору Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет.
5. Бул маселени кароодо, ошондой эле сунуш кылынган долбоордо чечимдер сунушта көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, баалоо же тактоо менен чектелет.
Токтом депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин жашыруун добуш берүүсү менен кабыл алынат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-126" title="126-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>