Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
137-берене. Депутаттын көз карандысыздыгынын кепилдиктери
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 27-глава
1. Жогорку Кеңештин депутаты эл шайлаган адам катары элдин жана мамлекеттин коргоосунда турат. Өз мандатынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаты кызматтык милдеттерин аткарууда болду деп эсептелет.
2. Жогорку Кеңештин депутатына анын ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде төмөнкүдөй көз карандысыздык кепилдиктери жайылтылат:
1) өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде, ошондой эле андан кийин ал депутаттык ишине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес;
2) кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурларды кошпогондо, ал кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган негиздер боюнча кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө, жекече текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес;
3) ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу болмоюнча кылмыш жасагандыгына шектелгендиги боюнча камакка алынышы жана сотко чейинки тергөө аракеттерине жана иш-чараларына тартылышы, ошондой эле ага карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары колдонулушу мүмкүн эмес.
Башкы прокурор же болбосо ишти карап жаткан сот сотко чейинки тергөө аракеттерин жана иш-чараларын жүргүзүүгө, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоокерчилигине тартууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга макулдук алуу үчүн тиешелүү сунуштаманы Жогорку Кеңешке токтоосуз киргизет.
3. Кылмыш жасагандыгына шектелгендиги боюнча кармалган, ар кандай укук коргоо органына мажбурлап жеткирилген Жогорку Кеңештин депутаты, эгерде Жогорку Кеңештин депутатынын ким экендиги кармоо учурунда белгисиз болсо, анын ким экендиги аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.
4. Депутатка кол салгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-137" title="137-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>