Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 21-майы № 109 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-берененин 2-бөлүгү "Лицензиялык талаптарга" деген сөздөрдөн кийин "экспорттук контролдоо боюнча талаптардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасы "карата" деген сөздөн кийин ", ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 33-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1 жана 29-пункттарында каралган уруксаттарга карата" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 16-беренеде:
6-пунктунда "күйүүчү кычкылдандыруучу газдар жана" деген сөздөр алып салынсын; 7-пунктунда "химиялык коркунучтуу" деген сөздөр "таасири күчтүү уулуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 17-беренеде:
13-пунктунда ", сактоо" деген сөз алып салынсын; 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "27) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды сактоо укугу;"; берене төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын: "27-1) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугу;"; 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "28) Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүү;".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4857-V "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 04.03.2015 · № 4857-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 4987-V «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 15.04.2015 · № 4987-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5063-V "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 06.05.2015 · № 5063-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 4452-V "«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 13.11.2014 · № 4452-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014 –жылдын 27- ноябрындагы № 4490-V «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 27.11.2014 · № 4490-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 4357-V "«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасыyын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 08.10.2014 · № 4357-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-ноябрындагы № 677 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жвнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду "жана -…Постановление · 26.11.2014 · № 677 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы № 494 "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 29.08.2014 · № 494 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106