31-берене. Убактылуу комиссиялар
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205
1. Жогорку Кеңеш айрым маселелерди иликтөө үчүн убактылуу комиссияларды түзөт.
2. Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө сунушту фракциялар, депутаттык топтор, депутаттар же комитеттер киргизүүгө укуктуу; ал Координациялык кеңеш тарабынан каралбайт.
3. Убактылуу комиссия фракциялардын жана депутаттык топтордун Жогорку Кеңештеги пропорциялуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен алардын жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген депутаттардын сунуштары боюнча 7 депутаттан кем эмес курамда түзүлөт.
4. Эгерде фракция, депутаттык топ убактылуу комиссиянын курамына төрагалык кылуучу белгилеген мөөнөттө өздөрүнүн өкүлдөрүн сунуштабаса, Жогорку Кеңеш убактылуу комиссияны алар катышпастан түзөт.
5. Убактылуу комиссияны түзүү жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) убактылуу комиссиянын аталышын;
2) убактылуу комиссия кароо үчүн түзүлгөн максаттарды, милдеттерди, маселелердин чөйрөсүн;
3) жеке курамды;
4) анын иштөө мөөнөтүн;
5) иштин натыйжалары жөнүндө баяндама берүүнүн мөөнөтүн;
6) убактылуу комиссияны уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин.
6. Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан ашышы мүмкүн эмес. Убактылуу комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди Жогорку Кеңеш бир жолудан ашык эмес кабыл алат.
7. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 4 ай калганда убактылуу комиссияны түзүүгө жол берилбейт.
8. Комиссия өз чечими менен өзүнүн курамынан төраганы жана анын орун басарын (орун басарларын) шайлайт, бул жөнүндө Төрагага кабарлайт.Төмөнкүлөр убактылуу комиссиянын төрагасы жана анын орун басары болуп шайлана албайт:
1) комитеттердин төрагалары жана алардын орун басарлары;
2) бир фракциянын мүчөлөрү;
3) бир депутаттык топтун мүчөлөрү,
9. Кызыкчылыктардын кагылышуусу болгондо депутат убактылуу комиссиянын курамы шайланганга чейин өз талапкерлигин алып коюуну билдирүүгө милдеттүү.
10. Эгерде убактылуу комиссиянын ишинин жүрүшүндө депутатта кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкса, ал анын курамынан чыгуу жөнүндө арызын убактылуу комиссиянын төрагасына берүүгө милдеттүү, бул жөнүндө фракциянын лидерине, депутаттык топтун жетекчисине кабарлайт.
11. Убактылуу комиссиянын чыгып кеткен мүчөсүнүн ордун ээлөө ошол эле фракциянын, депутаттык топтун өкүлдөрүнүн ичинен жүргүзүлөт.
12. Убактылуу комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте жүзөгө ашырылат.
13. Убактылуу комиссия өз ишин Жогорку Кеңеш бекиткен убактылуу комиссиялар жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырат.
14. Тапшырылган маселе актуалдуулугун жоготкон же иликтөөгө мүмкүн болбой калган учурда токтомдун тийиштүү долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү менен убактылуу комиссия көпчүлүк добуш менен маселелерди кароосуз калтыруу же убактылуу комиссияны жоюу чечимин чыгарышы мүмкүн.
15. Убактылуу комиссиянын курамы, төрагасын шайлоо, ишин уюштуруу жана мөөнөтү жагынан убактылуу комиссиянын иши ушул Регламенттин талаптарына шайкеш келбеген учурда Регламенттин маселелерин жүргүзүүчү комитет убактылуу комиссиялардын ишинин маселелерине куратордук кылган Төраганын орун басарынын сунушунун негизинде убактылуу комиссияны жоюу жөнүндө маселени карайт.
16. Убактылуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө токтом долбоору Аппараттын юридикалык кызматы менен макулдашылууга тийиш.
17. Убактылуу комиссиянын төрагасы бир айдын ичинде убактылуу комиссиянын ишинин материалдарын жана документтерин архивдик сактоо үчүн Аппараттын тийиштүү кызматына өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (17)
- Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2022-жылдын 21-декабрындагы № 770-VII "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу…Постановление · 21.12.2022 · № 770-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1252-VII "Мыйзамсыз соттолгондорго, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга карата соттордун…Постановление · 14.06.2023 · № 1252-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 735-VII "Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча…Постановление · 14.12.2022 · № 735-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII "Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын…Постановление · 29.12.2022 · № 821-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-январындагы № 905-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн…Постановление · 26.01.2023 · № 905-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 300-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы № 3340-VII токтому менен түзүлгөн…Постановление · 12.03.2026 · № 300-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 655-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М.Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу…Постановление · 24.11.2022 · № 655-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1401-VI “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы…Постановление · 29.06.2023 · № 1401
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 1042-VII "Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын…Постановление · 16.03.2023 · № 1042-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-ноябры № 1555-VII "Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы…Постановление · 01.11.2023 · № 1555-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 1956-VII "Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия…Постановление · 03.04.2024 · № 1956-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2278-VII "Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге жана ишкерлерге кредиттин берилиши жөнүндө…Постановление · 26.06.2024 · № 2278-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-октябры № 2498-VII "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же…Постановление · 30.10.2024 · № 2498-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 5-февралы № 2778-VII "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 05.02.2025 · № 2778-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 720-VIII "Республикадагы экологиялык коопсуздук абалын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү…Постановление · 24.09.2026 · № 720-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 742-VIII "Балдар жана жаштар үчүн жеткиликтүү энергетикалык суусундуктарды жана адамдын ден соолугуна терс…Постановление · 07.10.2026 · № 742-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-октябры № 757-VIII "Майыптыгы бар, аутизм, Даун синдрому, церебралдык шал илдетине чалдыккан, сенсордук бузулуулары жана…Постановление · 15.10.2026 · № 757-VIII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>