138-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселенин Жогорку Кеңеш тарабынан каралышынын тартиби
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 27-глава
1. Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат.
Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор токтоосуз түрдө Жогорку Кеңешке тиешелүү сунушту киргизет.
2. Жогорку Кеңештин депутатын айыпкер, анын ичинде мурда козголгон иштер боюнча айыпкер катары тартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугун алгандан кийин гана Башкы прокурор тарабынан бекитилет.
Жогорку Кеңештин депутатын айыпкер, анын ичинде мурда козголгон иштер боюнча айыпкер катары тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тиешелүү сунушту киргизет.
3. Ушул Регламентте жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурордун, соттун сунушу келип түшкөндө Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө маселени 48 сааттын ичинде кезексиз тартипте карайт.
Атайын депутаттык комиссия сунушту бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карайт. Зарыл болгондо Башкы прокурордон жана соттон кошумча материалдар талап кылып алынышы мүмкүн. Атайын депутаттык комиссия маселени кароодо маселеси чечилип жаткан депутатты, прокуратуранын, соттун же арыз ээсинин (жеке айыптоочунун) өкүлүн угууга жана чечимдин долбоорунда чечмелөө, баа берүү же сунушта көрсөтүлгөн фактыларды гана тактоо менен чектелүүгө милдеттүү. Башкы прокурордун же соттун сунушун кароонун жыйынтыктары боюнча атайын депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маалымдаманы жана комиссиянын чечиминин долбоорун Координациялык кеңешке жөнөтөт.
4. Жогорку Кеңеш тарабынан маселени кароо атайын комиссиянын өкүлүнүн анын ишинин натыйжалары жөнүндө баяндамасы менен башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.
Маселе боюнча жарыш сөздөргө фракциялардын, депутаттык топтордун өкүлдөрү, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар жана өзүнө карата кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе чечилип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты катышат.
5. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, Башкы прокурордун же соттун сунушун канааттандыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынган болуп эсептелет.
6. Башкы прокуратура жана сот Жогорку Кеңештин жүйөлөштүрүлгөн токтому кабыл алынгандыгы жөнүндө 3 күндүк мөөнөттө кабарландырылат.
Негиздер болгондо Жогорку Кеңеш өз чечимин кайра карай алат.
7. Башкы прокурор же сот иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө ишти териштирүүнүн же кароонун натыйжалары жөнүндө Жогорку Кеңешке кабарлоого милдеттүү.
8. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартышы бул депутатка карата кылмыш- жаза иши боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
138-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 1027-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Б.Абировго карата кылмыш ишин козгоого, сотко…Постановление · 15.03.2023 · № 1027-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 1751-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине…Постановление · 27.12.2023 · № 1751-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 31-майындагы № 1205-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине…Постановление · 31.05.2023 · № 1205-VII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-138" title="138-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>