130-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамалары
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 25-глава
1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн парламенттик контроль Акыйкатчыга (Омбудсменге) жүктөлөт.
2. Ар бир жылдын 1-апрелине чейин Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы жөнүндө Жогорку Кеңешке ар жылдык баяндаманы берет.
3. Улуттук борбор жыл сайын 1-мартка чейин Жогорку Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө баяндама жана өткөн жыл үчүн финансылык отчет берет.
Ар жылдык баяндама кыйноолордун жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жалпы баа берүүлөрдү, корутундуларды жана алардын алдын алуу боюнча сунуштамаларды камтууга тийиш. Ар жылдык баяндамада Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган, анын сунуштамаларын этибарга албаган мамлекеттик органдар (кызмат адамдары) көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл болгондо Улуттук борбор эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде табылган жана дароо чечүүнү талап кылган адам укуктарын одоно бузуу фактылары боюнча атайын баяндаманы (баяндамаларды) Жогорку Кеңешке бере алат.
4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамалары тармактык комитет тарабынан каралгандан кийин Жогорку Кеңеш алардын баяндамаларын биринчи эле жыйналышта угууга милдеттүү.
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндама менен сөз сүйлөө датасын Жогорку Кеңеш ар айлык иш планында аныктайт. Парламенттик фракциялар, депутаттык топтор жана бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар баяндамага карата өздөрүнүн мамилесин аныктоо үчүн сөз сүйлөй алат.
5. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Башкы прокурор, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат.
6. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамаларын угуунун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамаларын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан аткарылышынын максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө жана тиешелүү чечим кабыл алууга тийиш.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
130-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 22 майындагы № 2079-VII "2023-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.05.2024 · № 2079-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 19-апрели № 1102-VII "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын…Постановление · 19.04.2023 · № 1102-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 758-VIII "2025-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы…Постановление · 15.10.2026 · № 758-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 1101-VII "2022-жылда Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы…Постановление · 19.04.2023 · № 1101-VII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 ("Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 17.05.2024 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 22-майындагы № 2080-VII "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын…Постановление · 22.05.2024 · № 2080-VII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-130" title="130-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>