129-берене. Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын угуу
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 25-глава
1. Президент Жогорку Кеңешке жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.
2. Жогорку Кеңеш Президенттин кайрылуусун жана маалыматын угат, алар талкууланбайт жана добуш берүүгө коюлбайт. Суроолордун жана жооптордун жол-жобосу колдонулбайт.
3. Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, парламенттик делегациялардын жетекчилери жана башка өкүлдөрү сүйлөй турган Жогорку Кеңештин жыйналыштарына Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Акыйкатчы (Омбудсмен), чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын башчылары жана баруу программасына ылайык башка кызмат адамдары чакырылат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
129-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-129" title="129-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>