Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 8-августу № 383
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Каралып жаткан Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында сөөктү жайга коюу ишин укуктук уюштурууну камсыздоого багытталган. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алуу менен жана маркумдун өзү тирүү кезиндеги керээзине ылайык өлгөн адамды көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин, аны жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөөнү, ошондой эле сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды белгилейт. Ошондой эле 22-берененин 1-бөлүгүндө маркумдун сөөгүн көмүүнү ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашыруу кепилдиги Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу жолу менен ишке ашырылары каралган. Бирок "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мыйзам тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салат, тактап айтсак Мыйзам долбоорунда сөөктү көмүүнү жүзөгө ашырууда негизги кепилдиктер гана каралууга тийиш. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун концепциясы сөөк коюуга жөлөкпул төлөөгө жана сөөк коюу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштурууга эмес, Кыргыз Республикасында маркумду узатуу жана сөөктү жайга коюу иши чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталышы керек. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсионер өлгөн учурда анын үй-бүлөсүнө пенсиянын базалык бөлүгүнөн он эселенген өлчөмдө (3170 * 10 = 31700 сом) көмүү жөлөкпулу төлөнөт. Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, ырастоочу документтер берилгенде көмүү пособиеси ошол адамдарга төлөнөт. Демек пенсионерлерге көмүү пособиесин дайындоо, төлөө тартибин, өлчөмүн жана каржылоо булактарын аныктоо механизми "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде "жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин" деген сөздөрдү "маркумду узатууну жүзөгө ашыруудагы кепилдиктер" деген сөздөргө алмаштыруу сунушталат, анткени долбоордо маркумду узатуу жана өлүкканадагы маркумдун сөөгүн акысыз табуу мүмкүндүгүн берүү үчүн документтерди токтоосуз берүү түрүндөгү кепилдиктер каралган. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацында "маркумдун керээзи" деген түшүнүккө аныктама берүү сунушталган. Маркумдун керээзи белгилүү бир укуктук кесепеттердин болушуна алып келгендиктен, керээз нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш экендигин жазууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин үчүнчү абзацында маркумдун сөөгүн көмүүнү жүзөгө ашыруучу жак болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн көмүү милдетин өзүнө алган башка жак аныкталган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат"), анткени "мыйзамдар" түшүнүгү жалпыланган түшүнүк жана кеңири чечмелөө мүмкүндүгүн берген бүдөмүк мүнөзгө ээ. Ушуга байланыштуу шилтеме берилген ченемдик укуктук актыларды талдап чыгууну жана алардын тармагын же жөнгө салуу чөйрөсүн көрсөтүүнү сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгү, 6-беренеси, 8-беренесинин 1-пункту, 11-беренесинин 1-бөлүгү, 15-беренесинин 3-бөлүгү, 24-беренеси боюнча ушундай эле сунуштар берилет. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин алтынчы абзацында "сөөк коюу ырым-жырымы (маркумду узатуу)" терминине, башкача айтканда маркумду узатуу боюнча зыйнаттар деген аныктама берилген. Ошол эле учурда бүткүл текст боюнча "маркумду узатуу" термини кездешет, ага Мыйзам долбоорунун түшүнүк аппаратында аныктама берилген эмес. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтарында "колумбарий" жана "аза күтүү дубалы" деген терминдер эки башкача маани болуп саналары аныкталган, ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 20-беренесинде бул терминдер бирдей аныктама түрүндө берилген. Мындан тышкары колумбарий жана аза күтүү дубалы Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин төртүнчү абзацында аныктама берилген өлгөн адам көмүлүүчү жайга кирери белгисиз. Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 2 жана 22-беренелеринин ортосундагы адистештирилген кызматтын аталышы бөлүгүндөгү дал келбестиктерди алып салууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 4, 5, 14, 16, 17-беренелеринде "экологиялык, санитардык ченемдер", "санитардык ченемдер", "санитардык талаптар", "санитардык жана экологиялык талаптар" жөнүндө айтылган, буга байланыштуу аталган терминологияны Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир адамга анын дин таануусуна, жашаган жерине карабай анын керээзин эске алуу менен сөөгүн коюуга, сөөгүн жайга көмүү үчүн ушул Мыйзамга ылайык белгиленген өлчөмдө жер участогун бекер негизде берүүгө кепилдик берилери каралган. Бирок бул Мыйзам долбоорунда аталган жер участокторун берүүнүн критерийлери аныкталган эмес. Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин аталышын берененин ички мазмунуна шайкештиги боюнча кайра карап чыгууну сунуштайбыз. 7-берененин 3-бөлүгүндө терминологияны бир мааниде колдонуу максатында "күйөөсү (аялы)"/"аялы (күйөөсү)" деген сөздөрдү "жубайы (лар)"/"жубайлар (жубайы)" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 5-бөлүгүндө маркумдун сөөгүн коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган адамга жардамды мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү (элчиликтер) жана консулдук мекемелер, ошондой эле расымдык уюмдар көрсөтүшөрү жана Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн сөөктү көмүү менен байланышкан чыгымдарды төлөрү аныкталган. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине көңүл бурууну зарыл деп эсептейбиз, ага ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Министрлер Кабинети) бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин жетинчи абзацында расымдык уюмдар - расымдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу чарбачыл субъектилер экендиги аныкталган. Бирок "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иш аракеттеринин негизги максаты пайда алуу болуп саналган үлүштөрүнө (салымдарына) бөлүнгөн уставдык капиталы бар коммерциялык уюмдар чарбалык шериктик жана коом деп таанылат. Чарбалык шериктиктер жана коомдор толук шериктик, коммандиттик шериктик, жоопкерчилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчилиги бар коом түрүндө түзүлүшү мүмкүн, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "чарбачыл субъектилер" деген терминди колдонуу каралган эмес. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгүндө күйөөсү (аялы) каза болгон учурда, аялынын (күйөөсүнүн) жанына кийин сөөгүн коюу үчүн жайды брондоого жол берилери аныкталган. Ошол эле учурда бул ченем кандайча колдонулары түшүнүксүз. Мындан тышкары, түшүнүк аппаратында "брондоо", "склеп", "биологиялык калдыктар" деген сөздөргө аныктама берүү керек деп эсептейбиз. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүн "экологиялык" деген сөздөн кийин ", тарыхый-маданий" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз. "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен Аквапарктарды жана бассейндерди, мончолорду, ден соолукту чыңдоочу мончо комплекстерин жана сауналарды, кир жуугуч жайларды жана мончо-кир жуугуч комбинаттарды, химиялык тазалоо жайларын, мейманканаларды, жатаканаларды, көрүстөндөрдү жана сөөк коюу объекттерин жайгаштырууга, жабдууга, иштетүүгө жана алардын түзүлүшүнө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери бекитилген. Жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын талаптарын көңүлгө алуу менен Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 3-5-бөлүктөрүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "3. Учурдагы көрүстөндөрдү бузууга болбойт жана суу каптоо, жер көчкү жүрүү, жер титирөөлөрдөн же башка табигый кырсыктардан кийинки коркунуч болгон учурда жергиликтүү кеңештердин чечими, ошондой эле маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тарыхый-маданий мурас объекттерине карата сунушу боюнча экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундулары болгон учурда гана которулушу мүмкүн.
4. Мурда көрүстөн жайгашкан аймактарды пайдаланууга ал которулган учурдан тартып отуз жыл өткөндөн кийин уруксат берилет. Тарыхый-маданий мурас объекттери жок болгон учурда бул аймактар жаңы көрүстөндөр, бак-дарактар тарыхый-маданий максаттар жана музейлештирүү үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Бул аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.
5. Учурдагы көрүстөндөрдө ээси жок эски мүрзөлөрдү маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу болгон учурда көмүлгөндөн кийин жыйырма беш жыл өткөндөн кийин кайрадан көмүү үчүн пайдаланууга жол берилет. Ошол эле учурда бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет аркылуу алдын ала жарыяланууга тийиш жана ошондон бир ай өткөндөн кийин гана көмүүгө уруксат берилет.".
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө 30 жана 25 жылдык мөөнөттөр көрсөтүлгөн. Эки учурда тең кайрадан көмүү каралгандыгын эске алуу менен белгиленген бөлүктөрдө ар башка мөөнөттөр белгиленгендиги түшүнүксүз. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык каада-салттык (көмүүгө) пособие камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылган адам өлгөн учурда же болбосо анын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү өлгөн учурда берилет. Камсыздандырылбаган граждандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн көмүүгө пособие төлөө социалдык жактан коргоо органдары тарабынан жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт. Каада-салттык (көмүүгө) пособиени төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 9-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоо зарыл: "Маркумдун сөөгүн коюуну жүзөгө ашырган адамдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте расымдык (көмүүгө) пособие төлөнөт". Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 2-бөлүгүндө "маркумдун сөөгүн коюу (кремация)" жана "калдыктарды көмүү (кремация)" терминологиясы колдонулат, бир эле убакта Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин он биринчи абзацында "кремация" терминине, башкача айтканда өлгөн адамдын денесин отко берүү (сөөгүн өрттөө) деген аныктама берилген, ушуга байланыштуу аларды туура эмес жана карама каршы колдонуу практикасын болтурбоо максатында колдонулган терминологияны (сөөгүн коюу, көмүү жана кремация) кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык сөөктү коюу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулары каралган. Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 23-беренесинде маркумду узатуу ишин каржылоо булактары регламенттелген. Белгилей кетсек "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каада-салттык (көмүүгө) пособие (пенсионерлерди сөөгүн коюуга) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздоонун түрлөрүнүн бири катары белгиленген. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунда 1-беренедеги "сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнү", 23-беренедеги - "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун каражаттары" деген сөздөрдү жана 22-беренесинин 1-бөлүгүн алып салуу зарыл деп эсептейбиз. Белгилей кетсек Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин 4-бөлүгүндө сөөк коюу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын (документтерди тариздөө, кепинге ороо же кийим кийгизүү, маркумду көрүстөнгө алып баруу, жайга коюу) баасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктай албайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адистештирилген кызматка орду толтурулуп берилбейт. Мындан тышкары адистештирилген кызмат тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен орду толтурулбайт, анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен бекитилген Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык расымдык (сөөк коюуга) төлөм акча каражаттарын түздөн-түз алуучунун банктагы транзиттик эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт. Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 1-бөлүгүн "санитардык ченемдерге" деген сөздөрдөн кийин "жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугу жөнүндө археологиялык изилдөө жүргүзүү жөнүндө корутундуга" деген сөздөр менен толуктоо сунушталат. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесине ылайык жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө райондук мамлекеттик администрациянын компетенциясына көрүстөндөр үчүн бөлүнүүчү жерлердин бардык категорияларын жана түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которуу кирет. Ошого байланыштуу Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат. "2. Сөөк коюу жайын уюштуруу үчүн жер участогун бөлүү жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундулары жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин жоктугу боюнча жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөнүн корутундусу болгон учурда жүзөгө ашырылат.". Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 2-бөлүгүндө көрүстөндөрдү жайгаштырууга тыюу салынган аймактардын тизмеги аныкталган. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жогоруда аталган ченемди төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толуктоону сунуштайбыз: "7) газ түтүктөрү, электр берүү жана жылуулук тармактарынын жогорку вольттогу линиялары өткөн жерлерде". Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 4-бөлүгүн "салттуу" деген сөздөн кийин "жабык" деген сөз менен толуктоо сунушталат. Мыйзам долбоорунун 15 жана 17-беренелерин сөөк көмүлүүчү жайларды карап-күтүү бөлүгүндө алардын аталыштарынын кайталанышы боюнча кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 17-беренеси "Сөөк көмүлүүчү жайларды - көрүстөндөрдү пайдаланууга жана карап-күтүүгө талаптар" деген аталышка ээ, ошол эле учурда берененин ички мазмуну эксплуатациялоого карата талаптарды жөнгө салууга багытталган ченемдерди камтыбайт. Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 4-бөлүгү "карап күтүүгө" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерине карата" жана "ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө" деген сөздөрдөн кийин "жана тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого" деген сөздөр менен толукталсын. Бир эле маселе боюнча бир нече ченемди болтурбоо максатында Мыйзам долбоорунун 18-беренесин (Сөөк көмүлүүчү муниципалдык жайлар) 5-берене менен (Сөөк көмүлүүчү жайлар - көрүстөндөр) бириктирүүнү сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин аталышы анын мазмунуна дал келбейт деп эсептейбиз. Сөөк көмүлүүчү муниципалдык жай маркумдардын керээзин эске алуу менен көмүү же өздүгү аныкталбаган маркумдарды мыйзамда аныкталган мөөнөттө көмүү үчүн арналган деп ойлойбуз. Иш жүзүндө муниципалдык көмүү жайлары жөнүндө сөз болгондо алар муниципалдык менчиктеги жер участокторун түшүндүрөт. Ошондуктан берененин аталышын конкреттештирип, мазмунуна ылайык келтирүүнү сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 3-бөлүгүндө маркумдун сөөгүн көмүү үчүн муниципалдык көрүстөндөрдө ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жер участогу берилери аныкталган. Бирок Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 3-бөлүгүндө сөөк көмүлүүчү жайлардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жагымсыз таасир этүүчү фактыларын табуу үчүн санитардык-экологиялык мониторинг жүргүзүү тутуму түзүлөт. Санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленери аныкталган. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгуу зарыл. Мыйзам долбоорунун 19-беренесинде тарыхый-маданий мааниге ээ көрүстөндөр тууралуу ченемдер аныкталган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы калк үчүн уникалдуу баалуулукка ээ болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы укуктук ченемдер "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынарын белгилейбиз, ага ылайык элдин турмушундагы тарыхый окуяларга, коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө байланышкан тарых жана маданият эстеликтери, материалдык жана руханий чыгармачылыктын тарыхый, илимий, көркөмдүк же башка дөөлөттөргө ээ болгон чыгармалары тарыхый-маданий мурас болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын менчигиндеги тарых жана маданият эстеликтери мамлекет тарабынан корголот. Жогоруда айтылгандардын негизинде 19-берененин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "3. Массалык репрессиялардын курмандыктары көмүлгөн, ошондой эле байыркы мүрзөлөрдүн жайларында тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана музейлештирүү менен байланышпаган ар кандай чарбалык, курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.". Мыйзам долбоорунун 24-беренеси менен маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштери жөнүндө мыйзамдарды бузган адамдардын жоопкерчилигин белгилөө сунушталат. Ушуга байланыштуу азыркы учурда мындай жоопкерчиликти караган конкреттүү ченемдер жок экенин белгилейбиз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинде Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекти Жогорку Кеңешке киргизип жаткан мыйзам долбооруна киргизилүүчү мыйзам долбоорунан келип чыккан мыйзам долбоорлору (мындан ары -мыйзам долбоорлорунун пакети) тиркелет. Мыйзам долбоорунун 25-беренесинин 1-бөлүгү менен ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирерин белгилөө сунушталат. Бирок "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү ченемдик укуктук актынын юридикалык күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналгандыгын белгилей кетүү керек. Ошол эле учурда ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 25-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо керек: "1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүне кирет.". Жогоруда жазылгандар менен катар маалымат иретинде Мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын маселелерин камтыгандыгын белгилейбиз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору аларды Президентке, Министрлер Кабинетине киргизүүдөн мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары, бирликтери менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш. Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатта камтылган мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт деген маалымат чындыкка дал келбейт, анткени Мыйзам долбоорунун 23-беренесинде маркумду узатуу ишин каржылоо булактары болуп республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактары болуп саналары көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү финансы-экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Жер ресурстарынын чектелгендигин, айрым көмүлгөн жерлердин учурдагы абалын жана жарандардын региондордон Кыргыз Республикасынын борборуна көчүп келүүлөрүн эске алуу менен, кремация зарыл деп эсептейбиз. Ошол эле убакта крематорийди курууну каржылоо булактарын аныктоо боюнча маселелер жаралат. Бул иш-чаралар үчүн олуттуу финансы каражаттары талап кылынат, республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу бул каражаттарды орто мөөнөттүү келечекте табууга мүмкүн эмес. Демек Мыйзам долбоорунун 20 жана 21-беренелерин ишке ашыруу үчүн расымдык кызмат көрсөтүүнүн кепилдиги катары аза күтүү дубалын (колумбарий) жана крематорийди курууга кошумча финансы каражаттары талап кылынышы мүмкүн. Бул иш-чараларга кошумча финансы каражаттарын табуу, башкача айтканда расымдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин камсыздоо, пенсионер каза болгон учурда сөөк коюуга пособие төлөө, аза күтүү дубалдарын (колумбарий) жана крематорийди куруу мүмкүн эмес. Мындан сырткары Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 2-бөлүгүндө сөөктү көмүү боюнча кызматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү адистештирилген кызматтар, кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашыруучу расымдык уюмдар тарабынан көрсөтүлөрү каралган. Мындай адистештирилген кызматтарды түзүүгө кошумча чыгымдар талап кылынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 80 пайызга жакыны дотациялык камсыздоодо экендигин эске алуу менен бул ченемди ишке ашыруу үчүн каржылоо булактарын аныктоо зарыл. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жогоруда айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөЗакон · 22.02.2024 · № 53
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 201
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана…Постановление · 18.09.2018 · № 434
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V "Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2015 · № 5389-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18 сентябрындагы №434 токтомунун Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОсуПоложение · 18.09.2018 · № 434
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-октябрындагы № 579 ""Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 25.10.2013 · № 579 · Күчүн жоготкон