104-берене. "Министрлер Кабинетинин саатын" жана "Министрлер Кабинетинин күнүн" өткөрүү тартиби
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 18-глава
1. "Министрлер Кабинетинин саатына" жана "Министрлер Кабинетинин күнүнө" чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналышына келүүгө милдеттүү.
2. Эгерде чакырылган кызмат адамы "Министрлер Кабинетинин саатына" же "Министрлер Кабинетинин күнүнө" катыша албаса, Министрлер Кабинетинин Төрагасы чакырылган кызмат адамынын катышууга мүмкүн болбогондугунун себеби жөнүндө Төрагага жыйналыштын өтүүсүнө 3 жумуш күн калганга чейин маалымдайт жана аны алмаштыруучу кызмат адамын аныктайт.
3. "Министрлер Кабинетинин саатына" чакырылган адамдар айрым маселе боюнча узактыгы 5 мүнөттөн ашпаган сөз сүйлөөгө укуктуу.
4. Депутаттар суроолорду аларды каттоо тартибинде берет. Суроолорго жооптор оозеки түрдө берилет. Суроолор жана жооптор боюнча жарыш сөз өткөрүлбөйт.
5. "Министрлер Кабинетинин күнүнө" чакырылган адамдар узактыгы 20 мүнөттөн ашпаган сөз сүйлөөгө укуктуу.
6. "Министрлер Кабинетинин күнүндө" кызмат адамдары сөз сүйлөгөндөн кийин төрагалык кылуучу талкууланып жаткан тема боюнча суроолорду берүү үчүн депутаттарга убакыт берет.
7. "Министрлер Кабинетинин саатында" жана "Министрлер Кабинетинин күнүндө" депутаттарга төмөнкүлөргө убакыт берилет:
1) суроону берүүгө - 2 мүнөттөн ашык эмес;
2) суроону тактоого - бир мүнөттөн ашык эмес;
3) кыскача пикир айтууга - бир мүнөттөн ашык эмес.
8. Чакырылган кызмат адамдарына төмөнкүлөргө убакыт берилет:
1) суроого жооп берүү үчүн - 3 мүнөттөн ашык эмес;
2) тактоочу суроого жооп берүү үчүн - 2 мүнөттөн ашык эмес.
9. Эгерде депутат жоопко канааттанбаса, ага суроонун маңызы боюнча бир тактоочу суроо менен кайрылууга же болбосо жооптун маңызы боюнча кыскача пикир айтууга укук берилет.
10. Жыйналышта төрагалык кылуучу угулуп жаткан кызмат адамынан берилген суроонун маңызы боюнча жооп берүүнү талап кылууга милдеттүү.
11. "Министрлер Кабинетинин күнүнүн" жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алат.
12. "Министрлер Кабинетинин күнүнүн" протоколу ал өткөрүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
104-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-104" title="104-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>