84-берене. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205
1. Мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын күндөрүндө мыйзам долбоорун кароо аяктагандан кийин дароо өткөрүлөт.
Төрагалык кылуучу катталган депутаттардын санын жарыялайт жана мыйзам долбоорун добуш берүүгө коет.
2. Жооптуу комитеттер добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча токтомдордун долбоорлорун сунуш кылат.
3. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышынын күн тартибиндеги мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жана добуш берүү жол-жобосу ушул беренеде каралган тартипте жүргүзүлөт.
4. Добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат.
5. Депутаттар иш сапарларын жана башка иш-чараларын добуш берүүгө катышуу милдетине таянуу менен пландаштырууга милдеттүү.
6. Фракциянын жана депутаттык топтун мүчөлөрү иш-чараны өткөрүү күнүнө пландаштырылып жаткан иш сапарлары же башка иш-чаралар жөнүндө фракциянын лидерине/депутаттык топтун жетекчисине жазуу жүзүндө же электрондук почта аркылуу кабарлоого милдеттүү.
7. (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. Катышып жаткан жана жок депутаттардын саны аныкталгандан кийин төрагалык кылуучу мыйзам долбоорлоруна карата токтомдордун долбоорлорун добушка коет.
Добуш берүүдөн качууга жол берилбейт. Эгерде Конституцияда башкасы каралбаса, мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9. (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Депутаттарды каттоонун жана алардын атын атап добуш берүүнүн натыйжалары 2 жумуш күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
84-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 19 апреля 2023 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
18.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…милдетине таянуу менен пландаштырууга милдеттүү.
6. Фракциянын кошулду: жана депутаттык топтун мүчөлөрү алынып салынды: пландалган кошулду: иш-чараны өткөрүү күнүнө пландаштырылып жаткан иш алынып салынды: сапарлар кошулду: сапарлары же башка иш-чаралар жөнүндө алынып салынды: иш-чараны өткөрүү датасына чейин 3 календардык күн мурда кошулду: фракциянын лидерине/депутаттык топтун жетекчисине жазуу жүзүндө алынып салынды: фракциянын лидерине кошулду: же электрондук почта аркылуу кабарлоого милдеттүү.
7. (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92 … расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N алынып салынды: 92 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 92, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 19.04.2023 · № 92
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-84" title="84-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>