Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
127-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун жана мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуунун тартиби
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 23-глава
1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 ай мурда Координациялык кеңештин төрагасы бул жөнүндө Төрагага кабарлайт жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Координациялык кеңештин жаңы мүчөлөрүн шайлоону сунуш кылат.
2. Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлерди депутаттар, фракциялар, депутаттык топтор сунуш кылышы мүмкүн.
3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук Борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жыйналышында шайланат.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
5. "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүн кайра чакыртып алууну жүзөгө ашырат. Бул учурда Жогорку Кеңеш Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин корутундусу болгондо депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечет.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндөЗакон · 12.07.2012 · № 104 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-127" title="127-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>