70-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 13-глава
Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт жана Бюджеттик классификацияга жана тиркемелерге ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге сунуш кылынган төмөнкүдөй параметрлерди кабыл алат:
1) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин кирешелеринин салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;
2) ички дүң продуктуга карата республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;
3) ички дүң продуктуга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитин);
4) бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарын;
5) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемдерин;
6) кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана пландаштыруучу мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;
7) кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге Министрлер Кабинетинин резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугун.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
70-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-70" title="70-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>