57-берене. Экинчи окуунун жол-жобосуна кайрылып келүү
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 8-глава
1. Мыйзам долбоорунун мазмунуна таасир этүүчү грамматикалык, редакциялык жана техникалык мүнөздөгү каталар табылганда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароону кийинкиге калтыруу жана экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү чечимин бир жолудан ашык эмес кабыл алууга укуктуу.
2. Түзөтүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө негизделген сунушу менен жооптуу комитетке кайрылууга укуктуу.
Жооптуу комитет экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө сунушту жактыруу же четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат жана маселени Жогорку Кеңештин кароосуна коет.
3. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган экинчи окуу жол-жобосуна кайрылып келүү жөнүндө токтом ушул мыйзам долбоору боюнча мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгарат.
4. Мыйзам долбоору жооптуу комитетке жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлөт, ал 7 күндүн ичинде маселени Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизет жана андан соң экинчи окуунун белгиленген жол-жобосу боюнча каралат.
Жооптуу комитеттин экинчи окууга карата мурда кабыл алган корутундусу жокко чыгарылбайт жана кошумча корутунду менен бирдикте каралат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 1104-VII "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 20.04.2023 · № 1104-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 2877-VII "Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин долбоорун экинчи окуунун жол-жобосуна кайтаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.03.2025 · № 2877-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 11-сентябры № 3382-VII "Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 11.09.2025 · № 3382-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 1105-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык…Постановление · 20.04.2023 · № 1105-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 8-майындагы № 2049-VII "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз…Постановление · 08.05.2024 · № 2049-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 26-июнундагы № 2277-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз…Постановление · 26.06.2024 · № 2277-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-октябрындагы № 2450-VII "2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен…Постановление · 16.10.2024 · № 2450-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 6-мартындагы № 2878-VII "Кыргыз Республикасынын Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 06.03.2025 · № 2878-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 2568-VII "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.11.2024 · № 2568-VII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-57" title="57-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>