10-берене. Парламенттик фракция
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205
1. Парламенттик фракция (мындан ары - фракция) - саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси. Парламенттик фракцияга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаты кирүүгө укуктуу.
2. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмедеги курамы, фракциянын лидеринин жана башка жетекчилеринин фамилиялары жөнүндө Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот. Фракциянын чечими жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилет.
3. Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордун ээлөөчү, партиянын тизмеси боюнча шайланган депутат, ант берген учурдан тартып тиешелүү фракциянын мүчөсү болуп калат.
4. Партиялык тизме боюнча шайланган депутаттын ушул эле партиянын фракциясына кирүүдөн жана чыгуудан баш тартуусуна жол берилбейт.
5. Фракция өз ишин өз алдынча жүзөгө ашырат жана ушул Регламентке карама-каршы келбеген фракция жөнүндө жобонун негизинде аракеттенет.
6. Фракция Жогорку Кеңеште карала турган маселелерди алар боюнча өзүнүн саясий позициясын аныктоо үчүн алдын ала кароого укуктуу. Фракция аларды кароонун натыйжалары боюнча фракция мүчөлөрү аткарууга милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алат. Фракция ушул Регламентте белгиленген тартипте түзөтүүлөрдү жарыялоо үчүн өз мүчөлөрүнө ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.
7. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
1) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулганда;
2) Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатканда.
8. Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу Жогорку Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
(КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2024 года № 205 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…фракция (мындан ары - фракция) - саясий партиянын тизмеси боюнча алынып салынды: жана кошулду: шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси. Парламенттик фракцияга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңештин алынып салынды: депутаттарынын бирикмеси.
кошулду: депутаты кирүүгө укуктуу.
2. Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, тизмедеги курамы, фракциянын … Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
кошулду: (КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>