100-берене. Жогорку Кеңеш ар жылдык отчетторду кароосу
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 17-глава
1. Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдүн ар жылдык отчетторун угат:
1) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен;
2) Башкы прокурордун - 20-апрелден кечиктирбестен;
3) Улуттук банктын төрагасынын - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлуна чейин;
4) Эсептөө палатасынын өткөн жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын - 20-июндан кечиктирбестен;
5) Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын - 1-октябрдан кечиктирбестен;
6) өз иши жөнүндө Төраганын - 1-октябрдан кечиктирбестен.
2. Отчеттор аларды Жогорку Кеңештин жыйналышында кароого бир ай калгандан кечиктирбестен комитеттерге жөнөтүлөт.
3. Отчетторду кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча өткөрүлөт.
4. Ар жылдык отчетторду кароодо комитеттердин төрагаларына жана фракциялардын лидерлерине, депутаттык топтордун жетекчилерине, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар сөз сүйлөөсү үчүн убакыт берилет.
5. Жогорку Кеңеш мамлекеттик органдын же кызмат адамынын ишин баалоо менен отчетторду бекитүү тууралуу токтомду депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
6. Консультациялык-кеңеш берүүчү органдарда Жогорку Кеңештин депутаттарынын отчеттору ушул главада белгиленген тартипте угулат (макулдашуу боюнча).
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
100-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-100" title="100-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>