46-берене. Мыйзам долбоорун киргизүү
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 7-глава
1. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекти Жогорку Кеңешке киргизип жаткан мыйзам долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
1) демилгечинин коштоочу каты;
2) мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме, ал төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
а) мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;
б) мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө;
в) коомдук угуунун, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө;
г) мыйзам долбоорунун мыйзамдарга шайкештиги жөнүндө;
д) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдар көбөйгөн учурда каржылоонун булактары жөнүндө;
е) эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгосо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынан жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциация, бирлик) менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө;
3) эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип жатса, салыштырма таблица;
4) киргизилүүчү мыйзам долбоорунан келип чыккан мыйзам долбоорлору (мындан ары - мыйзам долбоорлорунун пакети);
5) Министрлер Кабинети бекиткен Методикага ылайык жүргүзүлгөн ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоону.
2. Мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүүдө төмөнкүлөр кошумча берилүүгө тийиш:
1) демилгечи топту каттоо жөнүндө документ (курамы, ФАЖ, паспорттук маалыматтары);
2) кол коюу барактары;
3) мыйзам долбоорунун расмий басылмада жарыяланган текстинин бир нускасы.
3. Мыйзам долбоору жана коштоочу документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук форматта (14 өлчөмүндөгү Times New Roman арибинде) же кагаз түрүндө берилет.
(КР 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 мая 2026 года № 69 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
19.05.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…расмий тилдерде электрондук форматта (14 өлчөмүндөгү Times New Roman алынып салынды: арибинде), ошондой эле кошулду: арибинде) же кагаз алынып салынды: вариантта кошулду: түрүндө берилет.
кошулду: (КР 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-46" title="46-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>