67-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору, комитеттери жана депутаттар тарабынан каралышы
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 13-глава
1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын жактырылган долбоорун кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Жогорку Кеңештин фракциялары, депутаттык топтору жана комитеттери Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин долбоору берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде:
1) Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Судьялар кеңешинин төрагасынын маалыматын жана республикалык бюджеттин долбооруна карата Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын корутундуларын угат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен куратордук кылган багыттар боюнча республикалык бюджет боюнча корутундуларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна берет;
3) Жогорку Кеңештин комитеттери, фракциялары жана депутаттык топтору республикалык бюджеттин айрым чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган учурда, чыгымдардын башка категорияларын тиешелүү көлөмдө кыскартуу жөнүндө сунуштарды милдеттүү тартипте киргизет жана (же) кошумча чыгымдарды каржылоонун конкреттүү булактарын аныктайт;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карайт.
3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:
1) Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун жана комитеттеринин, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын корутундуларын жалпылоо үчүн аларды карайт;
2) республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлеринин, депутаттык топторунун жетекчилеринин, комитеттеринин төрагаларынын жана депутаттарынын катышуусу менен республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген жыйналышты өткөрөт;
4) Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун, комитеттеринин, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттардын, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун, ага корутундуну Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) өкүлдөрүнүн катышуусу менен бюджеттер ортосундагы мамилелерди макулдашуунун протоколун карайт.
4. Республикалык бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кароо долбоор Жогорку Кеңешке сунуш кылынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде аяктоого тийиш жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен өтөт.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
67-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-67" title="67-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>