134-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 27-глава
1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткону жөнүндө анын жазуу жүзүндө арыз берүүсү;
2) жарандыктан чыгуу же болбосо башка жарандыкты алуу;
3) депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу;
4) башка ишке өтүү же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган иштен кетпегендиги;
5) шайлоону жараксыз деп таануу;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка туруктуу жашоого кетүү;
7) сот тарабынан депутатты аракетке жөндөмсүз деп таануу;
8) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;
9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болушу;
10) анын дайынсыз жок же каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
11) депутаттын каза болушу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз пайда болгон күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.
4. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү негиздер белгиленген күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө төмөнкүлөр тарабынан берилет:
1) тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 6 жана 11-пункттарында каралган учурларда;
2) сот тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5, 7-8 жана 10-пункттарында каралган учурларда;
3) Жогорку Кеңеш тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4 жана 9-пункттарында каралган учурларда.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
134-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-134" title="134-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>