58-берене. Кабыл алынган мыйзамдын биротоло текстин даярдоо
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 мая 2026 года № 69
1. Мыйзам долбоору каралгандан жана үч окууда кабыл алынгандан кийин мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.
2. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын тексти оңдолууга тийиш эмес.
3. Эгерде Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан мыйзамдын биротоло текстин даярдоо процессинде карама-каршылыктар жана чечилиши көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмдүн ыйгарым укуктарына кирбеген башка маселелер табылса, алар боюнча чечимди жооптуу комитет өзүнүн корутундуларынын жана жыйналыштардын стенограммаларынын негизинде кабыл алат.
4. Аппараттын ченемдик укуктук актыларды чыгаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдын биротоло текстин төмөнкү кызмат адамдары менен макулдашат:
1) жооптуу комитеттин төрагасы;
2) жооптуу комитеттин бөлүмүнүн башчысы;
3) юридикалык кызматтын жетекчиси;
4) котормо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн жетекчиси.
5. Мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынгандан кийин аны кароого кайра кайтарууга жол берилбейт.
6. Кабыл алынган мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло тексти кол коюу жана жарыялоо үчүн 14 жумуш күндүн ичинде кагаз же электрондук түрдө Президентке жөнөтүлөт.
(КР 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
58-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-58" title="58-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>