3-берене. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 1-глава
1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары - Президент) шайлоону дайындоо;
2) референдум өткөрүү жөнүңдө сунушту Конституцияда белгиленген тартипте Президентке киргизүү;
3) Конституцияда белгиленген тартипте Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
4) мыйзамдарды кабыл алуу;
5) Президенттин каршы пикирлери менен кайра кайтарылган мыйзамдарды кайрадан кароо;
6) мыйзамдарды расмий чечмелөө;
7) эл аралык келишимдерди мыйзамда аныкталган тартипте ратификациялоо жана денонсациялоо;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечүү;
9) республикалык бюджетти бекитүү;
10) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угуу;
11) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароо;
12) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;
13) мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
14) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү;
15) Президенттин сунушу боюнча жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) судьяларын шайлоо; Конституцияда, конституциялык мыйзамдарда жана ушул Регламентте каралган учурларда Президенттин сунушу боюнча аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
16) Президент, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары судьялардын курамынан сунуш кылган талапкерлерди 5 жылдык мөөнөткө дайындоого Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен макулдук берүү;
17) конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү;
18) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын конституциялык мыйзамда жана ушул Регламентте каралган тартипте бекитүү;
19) Президенттин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотуу;
20) Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымын - Президенттин сунушу боюнча, башка жарымын өз демилгеси боюнча шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу;
21) Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирин - Президенттин сунушу боюнча, үчтөн экисин өз демилгеси боюнча шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу;
22) мыйзамда каралган учурларда Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана аны кызмат ордунан бошотуу; аны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;
23) мыйзамда каралган учурларда Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлоо жана аларды кызмат ордунан бошотуу; аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү;
24) Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо, мыйзамда каралган учурларда мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу;
25) Президенттин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун (мындан ары - Башкы прокурор) дайындоого, бошотууга жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен макулдук берүү;
26) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен жактыруу;
27) конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда өзгөчө абалды киргизүү; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
28) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү; согуштук абалды жарыялоо; бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
29) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү;
30) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө;
31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый акыларын жана ардак наамдарын уюштуруу;
32) Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу;
33) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угуу;
34) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;
35) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу;
36) Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчетторун угуу;
37) Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Жогорку соттун жазуу (электрондук) түрүндө берилүүчү маалыматын кароо;
38) Президентке каршы айып коюу; Конституцияда каралган тартипте Президентти кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
39) Президент оорусуна байланыштуу өз милдетин аткара албай калган учурда мамлекеттик медициналык комиссияны түзүү;
40) мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
41) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциациясы, бирлиги) тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын таасири жөнүндө баяндаманы эки жылда бир жолу угуу;
42) Жогорку Кеңештин Төрагасын (Төрайымын) (мындан ары - Төрага), анын орун басарларын, комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; комитеттерди, убактылуу комиссияларды түзүү жана алардын курамдарын түзүү; Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун угуу, аларды кайра чакыртып алуу;
43) өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-9, 11-12, 30-31-пункттарында каралган Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары - мыйзамдарды, башка ыйгарым укуктары, 32 жана 41-пункттарды кошпогондо, токтомдорду кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
4. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 18-январындагы № 1824-VII "Ж.С. Жоробаевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна…Постановление · 18.01.2024 · № 1824-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1268-VII "Ш.А. Айтиевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна шайлоо…Постановление · 14.06.2023 · № 1268-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1267-VII "А.К. Назаралиеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна…Постановление · 14.06.2023 · № 1267-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1267-VII "А.К.Назаралиеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна…Постановление · 14.06.2023 · № 1267-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1268-VII "Ш.А.Айтиевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна шайлоо…Постановление · 14.06.2023 · № 1268-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 25-декабры № 2692-VII "Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын таасири жөнүндө…Постановление · 25.12.2024 · № 2692-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 17-майындагы № 1167-VII "Дж.А. Джаманбаеваны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордуна шайлоо…Постановление · 17.05.2023 · № 1167-VII
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>