Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
121-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени кароо
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 22-глава
1. Жогорку Кеңеш Президенттин сунушу боюнча тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карайт.
2. Президенттин сунушун Төрага корутунду даярдоо үчүн жооптуу комитетке токтоосуз жөнөтөт.
3. Жооптуу комитеттин жыйналышына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер, юстиция маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар органдардын жетекчилери чакырылат.
4. Корутунду Президенттин сунушу киргизилген учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен жооптуу комитет тарабынан даярдалууга тийиш.
5. Жогорку Кеңеш тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени тиешелүү сунуш келип түшкөн учурдан тартып 5-күндөн кечиктирбестен чечет.
6. Жогорку Кеңеш өз жыйналышына Президентти, Министрлер Кабинетинин Төрагасын, коргоо министрин, улуттук коопсуздук, тышкы иштер, ички иштер, юстиция маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын, башка кызыкдар органдардын жетекчилерин чакырат.
7. Жогорку Кеңештин жыйналышында маселени кароо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн баяндамасынан башталат.
8. Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чегинен тышкары жерде колдонуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат жана ал кабыл алынган учурдан тартып бир күндүн ичинде Президентке жөнөтүлөт.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-121" title="121-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>