96-берене. Жыйналыштын "иши"
Күчүндө · 17.09.2026 редакциясы · 16-глава
1. Жогорку Кеңештин ар бир жыйналышы боюнча Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү жыйналыштын "ишин" жүргүзөт, аларга төмөндөгүлөр кирет:
1) жыйналыштын "ишине" кирген документтердин тизмеги;
2) жыйналыштын протоколу;
3) жыйналыштын стенограммасы;
4) ачык добуш берүүнүн натыйжалары;
5) жыйналышта каралган документтердин долбоорлору;
6) жыйналышта каралган маселелер боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун жана комитеттердин корутундулары;
7) депутаттардын жарыя кылынбаган сөздөрүнүн тексттери;
8) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча фракциялардын, депутаттык топтордун жана депутаттардын өзгөчө пикирлери;
9) фракциялардын, депутаттык топтордун жана депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары жана аларга жооптор;
10) депутаттарга таратылган башка материалдар;
11) ошол жыйналышта каралган документтердин кабыл алынган редакциядагы тексттери;
12) жыйналышка чакырылган адамдардын тизмелери.
2. Фракциялар, депутаттык топтор, комитеттер, комиссиялар, депутаттар жана Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жыйналыштын "иши" менен таанышууга укуктуу.
Берененин тексти 17.09.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
96-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112437/st-96" title="96-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>