Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын («Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ТЕСКЕМЕ 2023-жылдын 18-майы № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Акаев, М.М.Маматалиев, Н.Т.Шакиев, В.К.Раимбачаева, Ж.П.Нурбаев, А.Б.Кенжебаев, А.Т.Түмөнбаев, Т.И.Икрамов, Ө.М.Бакиров, Ф.А.Алимжанов, Н.К.Алимбеков, Э.Э.Жамгырчиев, Э.Т.Токтошев, М.Самыйкожо, Д.Д.Бекешев, Б.Н.Чойбеков, Г.С.Молдобекова, Э.Н.Сулайманов, А.А.Исираилов, Н.А.Ражабалиев, Н.А.Азыгалиев, Ч.А.Айдарбеков жана Н.Я.Алимжанова тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Тиркеме
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Акаев, М.М.Маматалиев, Н.Т.Шакиев, В.К.Раимбачаева, Ж.П.Нурбаев, А.Б.Кенжебаев, А.Т.Түмөнбаев, Т.И.Икрамов, Ө.М.Бакиров, Ф.А.Алимжанов, Н.К.Алимбеков, Э.Э.Жамгырчиев, Э.Т.Токтошев, М.Самыйкожо, Д.Д.Бекешев, Б.Н.Чойбеков, Г.С.Молдобекова, Э.Н.Сулайманов, А.А.Исираилов, Н.А.Ражабалиев, Н.А.Азыгалиев, Ч.А.Айдарбеков жана Н.Я.Алимжанова тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда алдынкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө", "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө", "Мугалимдин статусу жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө", "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" беш негизги мыйзамын бириктирүү каралууда. Мыйзам долбоору он беш главадан жана алтымыш беренеден турат, бирок жалпы формасы жана түзүмү "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбейт. Алсак Мыйзам долбоорунун 3-беренеси Мыйзам долбоорунун текстинде андан ары пайдаланылуучу түшүнүктөрдүн бир бөлүгүн гана же мазмунун толук ачып бербеген жана мааниси боюнча бириктирилиши мүмкүн болгон жалгыз кездешүүчү түшүнүктөрдү гана камтыйт, мисалы, "онлайн билим берүү уюму" түшүнүгү "оффлайн билим берүү уюму", "гибриддик окутуу ыкмасы" - "салттуу окутуу ыкмасы", "онлайн-окутуу" - "оффлайн-окутуу" түшүнүгүн да билдирет, мында онлайн жана оффлайн окутуу күндүзгү окутуу формасына кирет жана форма эмес, ыкма болуп саналат. 3-беренеде Мыйзам долбоорунун 10-беренесине ылайык тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасы тууралуу аныктама камтылгандыктан, күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу сыяктуу окутуунун бардык формаларын киргизүү зарылчылыгына алып келет. Мында бирдейлештирүүнү камсыз кылуу максатында "окутуу формасына" же "билим берүү формасына" так аныктама менен бирдей чечмелөө берүү зарыл. "Билим берүү процессин коштоо" түшүнүгүнүн аныктамасын "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясында калтыруу сунушталат, анткени ал 2021-жылы киргизилген жана билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окуп жаткандардын бардык категорияларын камтыйт, ошондой эле кызмат көрсөтүү эмес, ар бир окуп жаткандын окуунун жүрүшүндө ийгиликтүү өнүгүүсү жана окуусу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттар түзүлгөн система болуп саналат. Мында Мыйзамдын долбоорунда окуп жаткандардын коомдо оптималдуу өнүгүүсү жана ийгиликтүү социалдык адаптацияланышы ким тарабынан жана кайсы критерийлердин негизинде аныкталары белгисиз. Ошондой эле бул беренеде окуп жаткандар, педагогикалык кызматкерлер, окуп жаткандардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү), иш берүүчүлөр, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү билим берүү процессинин катышуучулары болуп санала тургандыгы көрсөтүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү билим берүү процессине түздөн-түз катышпагандыгына байланыштуу аларды алып салуу зарыл. Бул беренеде көрсөтүлгөн аккредитациянын аныктамасы "аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге көрсөтүлгөн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн шайкештигин аккредитациялык агенттик тарабынан расмий таануунун жол-жобосу катары билим берүү уюмунун ишинин сапатын таануу" жол-жобосунун өзүнүн шайкештигине терс таасир тийгизүү тобокелдиги бар экендигине байланыштуу бул чечмелөөдө колдонулушу мүмкүн эмес экенин өзүнчө белгилейбиз, мында билим берүү уюмдарын тартуу үчүн агенттик билип туруп жеңилдетилген стандарттарды, жол-жоболорду жана эрежелерди белгилейт, ал эми билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн шайкештигин тышкы баалоо жол-жобосу бирдиктүү аккредитациялык талаптарга жооп бербейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган талаптардан төмөн эмес белгиленген билим берүү программаларына талаптар, башкача айтканда мамлекеттик билим берүү стандарттары аккредитациялоонун негизи болууга тийиш. Аккредитациялык агенттиктер жеке менчик формасындагы мекемелер болуп саналып, алар тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарын расмий таануу үчүн жоопкерчилик тартпагандыгы олуттуу мааниге ээ. Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө ылайык мамлекет билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатына мониторинг жүргүзөт, билим берүү документтеринин аныктыгын, ошондой эле билим берүү программаларын өздөштүрүү деңгээлин ырастайт. Мындан тышкары, аккредитациялык агенттиктер түзүлүү стадиясында тиешелүү аккредитация жүргүзүүгө даярдыгын кепилдей албагандыгына көңүл бурабыз, ошондуктан аккредитациялык агенттиктер аккредитациялоо жол-жобосун билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тааныгандан кийин гана жүзөгө ашырышы керек. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен "аккредитация" жана "аккредитациялык агенттиктер" түшүнүктөрүн кайра карап чыгуу талап кылынат. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын принциптеринин бири катары 8-берененин 2-бөлүгүндөгү 16-пункт менен ваучердик каржылоо механизминин негизинде мамлекеттик каржылоо белгиленет. Бул ченемди мыйзам долбоорунан алып салуу сунушталууда, анткени ваучердик каржылоо механизмдери бир дагы чөйрөдө мыйзамдуу түрдө аныкталган эмес, ал эми пилоттук алкакта пландаштырылган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдери менен жөнгө салынууга тийиш. Ошондой эле мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында ваучердик каржылоо системасын киргизүү боюнча тиешелүү эсептөөлөр жок экендигин белгилейбиз. Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары аныкталган, ага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык билим берүү уюмдарын гана түзүүгө, аларга көмөк көрсөтүүгө, каржылоого жана материалдык-техникалык жабдууга укуктуу. Бирок бул жобого карама-каршы келип, 5-бөлүктө билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүү процессинин шарттарын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан кошумча каржылоо, билим алууда өзгөчө муктаждыгы бар жакшы окуган адамдарга, адамдарды, оор турмуштук кырдаалда турган адамдарга колдоо көрсөтүү каралууда, бул жогоруда көрсөтүлгөндөргө карама-каршы келүүдө. Ошондой эле 5-бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар мамлекеттик билим берүү уюмдарында окушу мүмкүн экендиги эске алынган эмес, аларда окутуунун тиешелүү шарттарын түзүү зарыл. Мамлекеттик органдар тарабынан билим берүү уюмдарын түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тең уюштуруучулар катары чыга ала тургандыгын белгилейбиз, мында билим берүү уюму менчиктин аралаш формасы болот. Ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарында аныкталган чектөөлөрдү алып салуу зарыл. 16-берененин 2-бөлүгүндө билим берүү уюмунун коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуудагы милдеттери коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн уюштуруучулук жана финансылык шарттарды түзүү, коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу жана тажрыйбалоо, коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу боюнча билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу болуп саналат. "Финансылык шарттарды түзүү, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын потенциалын жогорулатуу" кошумча финансылык чыгымдарды талап кылат, анткени бул процесстин катышуучулары педагогдор, медицина кызматкерлери, өрт инспекциясынын, архитектуранын өкүлдөрү ж.б. болуп саналат. Бул сын пикир билим берүү уюмдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окуучулардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого кепилдик берүүчү шарттарды түзүп берери көрсөтүлгөн 43-берененин 2-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына да тиешелүү. Мында окуучулардын ден соолугун коргоо жана ооруларды профилактикалоо боюнча иш-чаралар скринингдик изилдөөлөрдү, түздөн-түз билим берүү уюмдарында милдеттүү профилактикалык медициналык кароолорду, анын ичинде адистердин көчмө бригадаларын тартуу менен өткөрүүнү, ошондой эле билим берүү уюмдарында ден соолукту чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, ооруларды профилактикалоого, туура тамактануу принциптерин киргизүүгө жана сактоого, репродуктивдүү ден соолукту коргоого багытталган саламаттык сактоо технологияларын киргизүүнү камтыйт. Скрининг (англис тилинен screeninig - "тандоо, сорттоо") - бул дене-боюнун түзүлүшүнүн, органдардын функцияларынын жана организмдин системаларынын тубаса же пайда болгон аномалияларын эрте аныктоо, алардын жашоо-тиричиликке тийгизген таасиринин деңгээлин аныктоо, мүмкүн болгон оорунун өнүгүшүн болтурбоо же анын көрүнүшүн минималдаштыруу боюнча сунуштарды түзүү, ар кандай оорулардын тобокелдик факторлорун эрте аныктоо жана мүмкүн болгон патологиянын өнүгүшүн болтурбоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында клиникалык симптомсуз же минималдуу клиникалык көрүнүштөргө ээ адамдардын ооруларын аныктоого багытталган диагностикалык жол-жоболордун жана адистердин консультацияларынын белгилүү бир топтому экендиги ачык булактардан аныкталды. Бул ченемди киргизүү менен билим берүү уюмунда медициналык кабинеттин жана медициналык айымдын кызмат ордунун милдеттүү болушуна алып келет. Мисалы, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 токтому менен бекитилген Жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептердин) болжолдуу типтүү штаттарында медицина кызматкеринин штаты жок. Өлкөнүн мектептеринде медицина кызматкеринин ставкасын киргизүү республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча чыгымдарды талап кылат. Алсак эмгек акыны төлөөгө жыл сайын 383 млн. 868 миң сом өлчөмүндө каражат керек (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылы өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы 2159 жалпы билим берүү уюмдары болгон, ал эми бир медициналык кызматкердин эмгек акы фонду Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү эске алганда 14 миң 816 сом 60 тыйынды түзөт). Ошондой эле республиканын жалпы билим берүү уюмдарында медициналык кабинеттерди жабдууга каражаттарды караштыруу зарыл. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 16, 43-беренелеринде көрсөтүлгөн ченемдерди толуктап иштеп чыгуу же алып салуу зарыл. Мында негиздеме-маалымкатта жогоруда көрсөтүлгөн ченемди ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары жана финансылык эсептөөлөр жок экендигин белгилейбиз. Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 1-бөлүгүндө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган формалдуу деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү, балдарды багуу жана өнүктүрүү менен алектенген жактардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын мамлекеттик билим берүү стандарттарын ашырылып жаткан билим берүү программаларына, балдарды багуунун жана өнүктүрүүнүн базалык стандарттарына жана/же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык билим берүү программаларына шайкештигине баалай тургандыгы белгиленген. Мында 17-берененин 2-бөлүгүндө билим берүүнүн сапатын баалоо тандап тестирлөө жана/же башка баалоо жол-жоболорунун системасынын негизинде Көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлөөрү белгиленген. 1-бөлүктө жана 2-бөлүктө көрсөтүлгөн ченемдер бири-бирине карама-каршы келет. Ошондой эле берененин аталышында "формалдуу деңгээл" деген түшүнүк камтылган, ал Мыйзам долбоорунун түшүнүк аппаратында жок же "формалдуу билим берүүнү" шарттайт. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу жана өнүктүрүү кызматтарын көрсөткөн жактардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын баалоо жөнүндө ченемди киргизүү "формалдуу билим берүү" аныктамасына кирбейт, ал менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын билим берүүсүн карайт, бул Мыйзам долбоорунун 27-беренесинин ченемдерине да карама-каршы келет, анда балдарды багуу жана өнүктүрүү кызматтары жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн деп көрсөтүлгөн. Мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 26-беренесинде жеке ишкер - бул Кыргыз Республикасынын аймагында уюм түзбөстөн ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак экендиги белгиленген. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 3, 17, 27-беренелерин кайра карап чыгуу сунуш кылынат. Мыйзам долбоорунун 18-беренесинде билим берүү уюмдарынын менчигинин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет: мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик, ошондой эле билим берүү уюму кайсы органдар тарабынан уюштурулушу мүмкүн экендиги көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына ылайык юридикалык жак бир же бир нече уюштуруучулар тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Мүлктүн менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген органдар же жактар, ал эми мыйзамдарда атайын каралган учурларда - башка уюмдар же жарандар юридикалык жактын уюштуруучулары боло алышат. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 223-статьясында мүлк жарандардын, юридикалык жактардын, мамлекеттин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде болушу мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн. Менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрү таанылат. Жеке-мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү, тышкы инвесторлорду жана өнөктөштөрдү (жеке жана юридикалык жактарды) тартуу билим берүү уюмдарын жана менчиктин башка түрлөрүн түзүүгө мүмкүндүк берет, мында билим берүү уюмдарынын тең уюштуруучулары катары мамлекеттик органдар да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да болгон учурлар бар. Көрсөтүлгөн ченемдер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынарын белгилейбиз. Ошондой эле юридикалык жак катары билим берүү уюмдарын түзүү, башкаруу, кайра уюштуруу биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, тиешелүү ченемдик укуктук актылар жана андан кийин гана билим берүү уюмунун өзүнүн уставы менен жөнгө салынарын белгилейбиз. Мында билим берүү уюмдарынын уставдары колдонуудагы мыйзам ченемдеринин, ошондой эле билим берүү деңгээлине (мектепке чейинки, мектептик, кесиптик) жараша ченемдик укуктук актылардын негизинде иштелип чыгат. Мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жыштыгын эске алуу менен типтүү Уставды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитүүнүн максатка ылайыксыздыгы белгиленет. Мындан тышкары, устав уюмдун ишин жөнгө салуучу негизги документ болуп саналарын белгилөө маанилүү жана уставдын жоболорун билим берүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык келтирүү, окуп жаткандардын, алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн), билим берүү уюмдарынын административдик, педагогикалык жана башка кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясынын 10-беренесинде көрсөтүлгөндөй, юстиция органдарында катталганга чейин билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу зарыл. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 18-беренесин толугу менен кайра карап чыгуу сунушталат. Мыйзам долбоорунун 19-беренесинде билим берүү уюмдарынын типтери белгиленген, ал эми "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясынын 12-беренесинде ошондой эле билим берүү деңгээли боюнча билим берүү уюмдарынын түрлөрү көрсөтүлгөн. Бул ченем билим берүү уюмдарынын ишинин багытына жараша түзүү жана андан ары ийгиликтүү иштеши үчүн зарыл. Балдарга жана чоңдорго кошумча билим берүүнүн ченемдерин, механизмдерин, анын ичинде кошумча кесиптик билим берүүнүн маселелерин белгилөө максатында кошумча билим берүү маселелери боюнча өзүнчө беренени киргизүү зарыл экендигин кошумча белгилейбиз. Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин 1-бөлүгүндө билим берүү уюмдары билим берүү, администрациялык, финансы-экономикалык ишти өз алдынча жүзөгө ашырууга, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелеринде башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга, ушул Мыйзамга жана билим берүү уюмунун уставына ылайык билим берүү жана башка ишти колдоо жана өнүктүрүү үчүн бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды тескөөгө укуктуу экендиги көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, ар бир билим берүү уюмунун өзүнчө эсеби болушу керек, бул билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине бухгалтердин кызмат ордун киргизүүнү шарттайт. Азыркы учурда башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын штаттык расписаниеси менен бухгалтердин кызмат орундары бекитилген, ал эми мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын (мектеп-интернаттардан тышкары) бухгалтердик эсеби борборлоштурулуп жүргүзүлөт, бул эмгек акыны төлөөгө республикалык бюджеттен каражаттарды кыйла үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Финансы-экономикалык ишти өз алдынча жүргүзүү укугун белгилеген ченемди киргизүү бухгалтерлердин эмгегине акы төлөө үчүн республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келет. Ушуга байланыштуу, "финансы-экономикалык иш" деген сөздөрдү 20-берененин 1-бөлүгүнөн алып салуу же билим берүү уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгынын башка механизмдерин кароо сунушталат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде "бюджеттен тышкаркы каражаттар" деген түшүнүк жок экендигин, ал эми Мыйзам долбоорунун берилген контекстинде "атайын каражаттар" деген түшүнүктү пайдалануу зарыл экендигин белгилейбиз. Мыйзам долбоорунун 22-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери ачык конкурстун негизинде дайындаларын белгилөө сунушталган. Билим берүү уюмунун конкурсун өткөрүү тартиби анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) тарабынан аныкталат. Конкурстун шарттарында белгиленген критерийлерге ылайык келген педагогикалык же башка адистик боюнча жогорку кесиптик билими бар жана конкурска катышуу үчүн билим берүү уюмун өнүктүрүү программасын сунуш кылган адамдар билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна талапкер боло алышат. Конкурстук комиссия билим берүү уюмунун жамаатынын өкүлдөрүнөн, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ата-энелер коомчулугунун, жарандык коомдун, бизнес ассоциациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана окуп жаткандардын өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн турат. Мыйзам долбоорунун 18-беренесинде белгиленгендей, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат. Башкача айтканда, ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тартипти өз алдынча орнотот, ал райондор жана шаарлар арасында байкаларлык түрдө айырмаланып турат, бул педагогикалык коомчулуктун нааразычылыгын жаратышы мүмкүн. Ошону менен бирге, сунуш кылынган ченемдерде коррупциялык тобокелдиктер байкалат, - алсак, мисалы, жамааттын өкүлдөрүнүн жана билим берүү уюмунун окуп жаткандарынын, ата-энелер коомчулугунун катышуусу жамааттын жана жергиликтүү жамааттын ичинде бөлүнүүгө, ошондой эле добуштарды сатып алууга жана/же административдик ресурсту пайдаланууга алып келиши мүмкүн, бул кийин шайланган жетекчинин мыйзамдуулугун талашууга алып келиши мүмкүн. Жогоруда көрсөтүлгөн кырдаал "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жогорку окуу жайларынын жетекчилерин, анын ичинде "Улуттук" статусу бар жетекчилерди дайындоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесине алып келгенин белгилөө зарыл (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 25-июлундагы № 69 Мыйзамы менен кабыл алынган). Буга ылайык педагогикалык жамааттардын, ата-энелердин жана жергиликтүү коомчулуктун арасында коррупциялык көрүнүштөрдү, социалдык чыр-чатактарды болтурбоо максатында 22-берененин 2-бөлүгүн көрсөтүлгөн сын пикирлерди эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу сунушталат. Бул ченемди кабыл алуу эмгек мамилелерин жөнгө салуучу башка мыйзам актыларына да өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кыла тургандыгын кошумча белгилейбиз, бирок бул маалымат Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөн эмес, бул "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине каршы келет. Мыйзам долбоорунун 23-беренесинин 1-бөлүгүндө билим берүү иши (мектепке чейинки билим берүүнү, балдарды багууну жана өнүктүрүүнү, кошумча билим берүүнү кошпогондо) Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте лицензияланууга тийиш экендиги аныкталган. Демек башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программаларын, ошондой эле кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө карабастан лицензиялоо жол-жобосунан өтүшү керек. Бирок бул ченем "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 56-бөлүгүнө карама-каршы келет, мында лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүнүн бири билим берүү иши болуп саналат (башталгыч, негизги жалпы жана орто жалпы, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары). Ушул берененин 2-бөлүгүндө мектепке чейинки билим берүү, балдарды багуу жана өнүктүрүү, кошумча билим берүү иши санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиктин жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо жөнүндө оң корутундуларды тиркөө менен билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине электрондук билдирүү жиберилгенден кийин жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленген. Баланы багуу жана өнүктүрүү билим берүү ишине кирбейт жана Мыйзам долбоорунун 27-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында да, жеке ишкерлер тарабынан да жүзөгө ашырылышы мүмкүндүгүн белгилөө зарыл. Ушундан улам, статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү, көрсөтүлүүчү кызматтарга кийинки мониторинг жүргүзүү максатында баланы багуу жана өнүктүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө маалымат балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле эсепке алуу жана статистика маселелери менен алектенген мамлекеттик органга жөнөтүлүүгө тийиш. Мында Мыйзам долбооруна мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн, ошондой эле балдарды багуу жана өнүктүрүү менен алектенген адамдардын жоопкерчилигин белгилеген ченемдерди киргизүү жана балдардын коопсуздугу максатында психикалык оорулардын жана наркологиялык диспансерлерде каттоодо турбагандыгын жана соттуулугунун жоктугун белгилеген документтерди берүүнү караштыруу зарыл. Уюмдарга кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берген ченемди киргизүү чет тилдерди, IТ-технологияларды, спортту, көркөм ишмердикти жана башка окутуу чөйрөсүндө билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногун кеңейте турганы шексиз. Бирок кошумча билим берүүгө адамдын өмүрү жана ден соолугу тобокелдикке учуроо менен байланышкан ар кандай категориядагы айдоочуларды, коомдук тамактануу жайларында (ашпозчу, кондитер ж.б.) иштөө үчүн, массаж кызмат көрсөтүүлөрү, косметикалык процедуралар, тейлөө чөйрөсү (тырмак сервиси, чач тарач ж.б.) үчүн адамдарды даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр да кирет. Мында транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген уюмдарга лицензияларды берүү ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык билим берүү уюмдары орто, жогорку, дипломдон кийинки, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик медициналык билим берүү боюнча медициналык кадрларды даярдоо боюнча билим берүү ишине лицензия алуу үчүн материалдык-техникалык базанын жана клиникалык базалардын, жабдуулардын белгиленген лицензиялык талаптарга шайкештиги жөнүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун беришет. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоо, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында ишке ашырыларына көңүл бурабыз. Ушуга байланыштуу окуп жаткандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучу бар чөйрөлөрдө мыйзамдардын талаптарын сактоо үчүн лицензияланууга тийиш болгон кошумча билим берүүнүн түрлөрүнүн тизмесин кароо сунушталат. Жогоруда айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 23-беренесин баяндалганды эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу зарыл. 24-беренесинин 2-бөлүгүндө аккредитациялоо аккредитациялануучу билим берүү уюмунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленген. Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн аккредитациялык агенттиктер берген маалыматка ылайык, аккредитациялоо жол-жобосунун наркы билим деңгээлине жана аккредитациялоонун түрүнө жараша 20 миңден 300 миң сомго чейин. Мында мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында аккредитациялоого бөлүнгөн каражаттар жок, бул педагогдордон да, окуп жаткандардын ата-энелеринен да мыйзамсыз акча чогултууга алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу бул беренеге бюджеттик каражаттардын эсебинен да аккредитациялоону жүргүзүүнү караган ченемди киргизүү зарыл. Аккредитациялык агенттиктердин ишин тартипке келтирүү максатында аккредитациялык агенттиктерди таануу боюнча механизмдерди, аккредитациялоону жүргүзүү тартибин жана аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына карата коюлган минималдуу талаптарды караган ченемдерди киргизүү зарыл. Мыйзам долбоорунун 25-беренесинин 1-бөлүгүндө негизги жана жалпы орто билим берүүнүн, баштапкы кесиптик, кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жана/же билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн чечими боюнча өздүк үлгүдөгү документтерди берүүгө укуктуу экендиги көрсөтүлгөн. Бирок орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн аккредитацияланбаган билим берүү уюмдары тарабынан билим деңгээлин жана квалификациясын ырастаган документтерди берүү төмөнкүдөй тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн:
- дипломдорду жана ЖОЖ тарабынан ыйгарылуучу квалификацияларды эл аралык таануунун, салыштыруунун жана конвертациялоонун татаалдыгы же жоктугу;
- магистратура жана докторантура программаларына башка чет өлкөлүк окуу жайларга кабыл алуудагы кыйынчылыктар;
- улуттук жана эл аралык эмгек рыногунда ишке орношуудагы кыйынчылыктар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү;
- башка окуу жайларга өтүүдө же которулууда чет өлкөлүк жарандар үчүн окуу жайларынын ыңгайлуулугунун төмөндөшү.
Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга иш берүүчүлөрдөн, анын ичинде башка мамлекеттерден, Кыргыз Республикасынын же башка өлкөлөрдүн жарандары болуп саналган билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн өздөрүнөн программалык аккредитациянын бар экендиги жөнүндө маалымкат берүү жөнүндө кайрылуулардын иш жүзүндөгү саны жылына 3 миңге чейин жетет. Мыйзам долбоорунун 26-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 27-беренесинин 2-бөлүгүндө мектепке чейинки билим берүү, баланы багуу жана өнүктүрүү жеке ишкерлер көрсөтүүчү кызматтарды алуу аркылуу да жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленген. Берилген редакцияга ылайык жеке адамдар өздөрү жөнүндө кошумча маалымат бербестен патенттин негизинде гана мектепке чейинки билим берүү же багуу жана өнүктүрүү кызматтарын көрсөтө алышат. Адамдын инсандыгынын калыптанышы мектепке чейинки куракта башталары, түптөлгөн баалуулуктар жана билимдер пайдубал болуп саналары жана көп учурда адамдын келечегин аныктаары жалпыга белгилүү. Ошондуктан мектепке чейинки билим берүү, өнүктүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү (акыл-эс, эмоционалдык, психикалык жана дене-бой) педагогикада, балдардын психологиясында 300 сааттан кем эмес көлөмдө квалификациясын жогорулатуу деңгээлинде тийиштүү билимге ээ болгон адамдар тарабынан гана жүзөгө ашырылууга тийиш. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде "билим берүү - бул адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жүзөгө ашырылуучу окутуунун, тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү максаттуу процесси, ошондой эле алынган билимдердин, көндүмдөрдүн, баалуулуктардын жана компетенциялардын жыйындысы" деген аныктама берилгендиги көңүлдү бурат. Аныктамадан өнүктүрүү билим берүү процессине кире тургандыгы белгилүү. Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн альтернативдик кызматтарды киргизүү он жыл мурда башталган жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен "балдарды багуу жана өнүктүрүү" кызматын "балдарды багуу жана кароо" кызматына алмаштыруу маселесин кароо сунушталат. Ошондой эле мектепке чейинки курактагы балдар үчүн альтернативдик кызмат көрсөтүүлөрдүн иштөөсүнө ким тарабынан жана кандайча контроль жүргүзүлө тургандыгын, "ыктыярдуу сертификациялоо" ким тарабынан жүргүзүлө тургандыгын көрсөтүү керек (27-берененин 5-бөлүгү). Ошол эле учурда сертификациялоо жол-жобосун жүргүзүү билим берүү стандартына ылайык келүүнү ырастоону билдирет, мында кошумча билим берүү жаатында, ал ыктыярдуу эмес, милдеттүү сертификацияга ылайык келиши керек. Жогоруда айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 26 жана 27-беренелерин толуктап иштеп чыгуу талап кылынат. Мыйзам долбоорунун 28-беренесинде жалпы билим берүү башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн маселелери ачылган. Мында башталгыч мектептин 1-классына кирип жаткан баланын жаш курагы көрсөтүлгөн эмес, бул кесиптик окуу жайларга тапшырууда, аскердик кызматка өтүү үчүн кабыл алууда ж.б. жаш курагын аныктоо үчүн маанилүү учур болуп саналат. Ушул берененин 6-бөлүгүндө Билим берүүнүн жалпы деңгээлинин мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде жана аны ишке ашыруу максатында ар бир жалпы билим берүүчү мектеп өз алдынча ушул мектепте билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен (базалык окуу планын/мектеп стандартын) иштеп чыгары жана кабыл алары белгиленген. Мектептеги билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана окутуунун максаттарына жана милдеттерине, окуп жаткандардын компетенцияларына, окуу предметтеринин тизмесине, окуу китептерине, окуу-методикалык комплекстерге бирдиктүү талаптарды белгилеген жана менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болгон документ болуп саналат. Мектептеги билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган окутуунун тилин жана окутуунун багытын, анын ичинде мектеп предметтерин тереңдетип окутууну (мектеп, мектеп-лицей, мектеп-гимназия) эске алуу менен республиканын жалпы билим берүү уюмдары үчүн базистик окуу планын жыл сайын бекитет. Лицей же гимназия компоненттерин ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдары мыйзамдарда белгиленген ченемдерге ылайык эмгек акыга үстөк алышат. Жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары белгиленген окуу жүктөмүнүн чегинде окуу планынын вариативдик бөлүгүн өз алдынча аныктай алышат. Бардык жалпы билим берүү уюмдарына окуу планын жана стандартты өз алдынча иштеп чыгууга жана кабыл алууга мүмкүндүк берген бул ченемди киргизүү эмгек акыны төлөөгө негизсиз кошумча финансылык чыгымдарга алып келет. Мындан тышкары ар бир жалпы билим берүү уюмунда өз алдынча иштелип чыккан мектеп стандарты жана окуу планы бирдиктүү мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттарды берүүгө мүмкүндүк бербейт жана ошого жараша кесиптик билим берүү окуу жайларына тапшырууда мектеп программасын өздөштүрүү деңгээлин ырастоочу документтерди таанууну бир топ татаалдаштырат. Ушуга байланыштуу бул ченемди киргизүү эрте болуп саналат, ал эми жалпы билим берүү уюмдарына академиялык эркиндик берүү максатында мындан ары атайын методологияны иштеп чыгууну жана пилоттук режимде апробация жүргүзүүнү кароо максатка ылайыктуу. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен беш жогорку окуу жайына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия берүүнү караган өзгөчө статус берилген. Ушуга байланыштуу жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин укуктук жөнгө салуу максатында Мыйзам долбоорунун 9, 23, 30 жана 54-беренелерине тиешелүү ченемдерди киргизүү зарыл. Мыйзам долбоорунун 29-беренесинде каржылоо булактарын көрсөтүү менен мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусу маселелерин жөнгө салуучу ченемдер белгиленген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын чектөө менен аталган билим берүү уюмдарынын менчик формалары боюнча тактоо сунушталууда. 36-берененин 1-бөлүгүндө инклюзивдик билим берүү билим берүү муктаждыктарынын жана жеке мүмкүндүктөрүнүн түрдүүлүгүн эске алуу менен, ошондой эле турмуштук оор кырдаалды эске алуу менен бардык адамдар үчүн басмырлоосуз мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейлигин камсыз кылууга багытталгандыгы белгиленген. Бирок 36, 37, 38-беренелердин мазмунун андан ары изилдөө инклюзивдик билим берүүнү колдонуу ден соолугу бузулган өзгөчө билим берүү муктаждыгына ээ балдарга гана (37-берененин 1-бөлүгү) же турмуштук оор кырдаалда турган балдарга карата (38-берененин 1-бөлүгү) багытталгандыгын көрсөттү. Ошол эле учурда 3-берененин 17-пунктунда "инклюзивдик билим берүү - билим берүү муктаждыктарынын көп түрдүүлүгүн жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен бардык адамдар үчүн билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу", башкача айтканда, ар кандай билим берүү муктаждыктарына ээ болгон бардык балдар, мисалы, акыл-эс жагынан өнүгүүдө теңтуштарынан бир топ озуп кеткен же өзгөчө атайын жөндөмдөрүн (музыкалык, спорттук, көркөм ж.б.) көрсөткөн балдар көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу, "билим алууга жеткиликтүүлүк" түшүнүгүнө турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын тобун гана киргизүү өзгөчө колдоого муктаж болгон бардык адамдардын укуктарын чектейт. 36-берененин 1-бөлүгүндө инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн баланы билимге жөндөмсүз деп таанууга, балдарды окууга жөндөмдүүлүгүнө жараша классификациялоого, ошондой эле балдарды бөлүүнүн башка ыкмаларын колдонууга тыюу салынары белгиленген. Бул туюндурманы киргизүү өзгөчө билим берүү муктаждыктарына ээ баланы окутуунун вариативдик программаларын колдонуу мүмкүндүгүнүн жоктугуна алып келиши мүмкүн. Инклюзивдик билим берүүдө баланын өзгөчө билим берүү муктаждыктарын баалоо жана диагностикалоо маанилүү, анын жыйынтыгы боюнча окутуунун жекече программасы аныкталат. Ар бир адам жалпы билим берүү кызматтарын гана эмес, окуп жаткандардын муктаждыктарына жараша логопеддин, атайын педагогдун, психологдун ж.б. кызматтары кирген адистештирилгендерди да алууга укуктуу. 36-берененин 3-бөлүгүндө өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар жана турмуштук оор кырдаалда турган адамдардын билим алуу укугун ишке ашыруу көбөйтүү коэффициенттерди пайдалануу менен ваучердик каржылоо механизми аркылуу камсыз кылынары көрсөтүлгөн. Көбөйтүлгөн коэффициенттерди пайдалануу менен ваучердик каржылоо механизми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталууга жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү каржылоонун механизмдеринин бири катары каралууга тийиш экендигин белгилейбиз. 36-берененин 4-бөлүгүндө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билим берүү жетишкендиктерин баалоону жана/же балдардын өнүгүү деңгээлин жана окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин мезгил-мезгили менен кайра баалай тургандыгы белгиленет. Бирок билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн адам ресурстарынын чектелгендиги аталган иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт. Билим берүү жетишкендиктерин баалоону жана аны кайра баалоону педагог, баланын окутуу процессин коштогон команданын мүчөлөрү, ата-энелер менен бирге билим берүү жана башка кызматтарды көрсөткөн адистер жүргүзүшү керек. 36-берененин 5-бөлүгүндө билим берүү жетишкендиктерин баалоонун жана/же балдардын өнүгүү деңгээлин мезгил-мезгили менен кайра баалоонун натыйжалары жекече реабилитациялоонун ведомстволор аралык комплекстүү программасынын, үй-бүлөнүн иш планынын жана балдарды коргоонун жеке планынын ажырагыс бөлүгү болууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, (ре)абилитациялоонун жеке программасы, үй-бүлө менен иштөөнүн жеке планы жана баланы коргоонун жеке планы баланын жана үй-бүлөнүн жетишкендиктерин эмес, муктаждыктарын ар тараптуу баалоону камтыйт. 36-берененин 9-бөлүгүндө өзгөчө муктаждыктары бар адамдардын билим алуу укугун комплекстүү реабилитациялоо жана реабилитациялоо чараларын билим берүү процессинде көмөкчү кызматтарды пайдалануу аркылуу ишке ашыра тургандыгы белгиленген. Коштоо кызмат көрсөтүүлөрү сурдокотормочунун, тьютордун, логопеддин, психологдун кызмат көрсөтүүлөрүн камтыйт, бул билим берүү уюмдарынын, өзгөчө мектепке чейинки жана мектептик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын штаттык расписаниесин көбөйтүү жагына кайра карап чыгууга алып келет, бул аталган адистердин эмгегине акы төлөөгө республикалык бюджеттин каражаттарынын кошумча чыгымдарына алып келет. Алсак, жалпы билим берүү уюмдарынын штатына "тьютор" (ассистент/коштоочу адам) кызмат ордун киргизүү, ал социалдык педагогдун кызмат ордуна теңештирилген учурда, педагогикалык стажы үчүн чегерүүлөрдү эсепке албаганда 2159 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын эмгек акысын төлөөгө 469 млн. 196 миң сом өлчөмүндө кошумча финансылык каражаттарды бөлүүнү талап кылат (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү эске алуу менен социалдык педагогдун кызматтык маянасы 18 миң 110 сомду түзөт). Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 36-беренесинин көрсөтүлгөн ченемдерин толуктап иштеп чыгуу же алып салуу зарыл. Ошол эле учурда негиздеме-маалымкатта 36-берененин жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары жана каржылык эсептөөлөр жок экендигин белгилейбиз. Мыйзам долбоорунун 38-беренесинде турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга билим берүү маселелери боюнча ченемдер аныкталган, мында "турмуштук оор кырдаал" түшүнүгүнүн баяндалышы Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 5-беренесине ылайык келбейт, анда турмуштук оор кырдаалда турган балдар - ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мыйзам менен чатагы бар, зомбулуктун жана кылмыштын курмандыгы болуп саналган балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар, иштеген балдар, көзөмөлсүз балдар, кароосуз балдар, түзүлгөн жагдайлардын натыйжасында турмуш-тиричилиги объективдүү бузулган, чыр-чатактар жана өзгөчө кырдаалдар чөлкөмдөрүндөгү балдар, ошондой эле көрсөтүлгөн жагдайларды өз алдынча же үй-бүлөнүн жардамы менен жеңип өтө албаган балдар. Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 37-беренесинин 1-бөлүгү менен билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга окууда, баарлашууда жана өз ара аракеттенүүдө кыйынчылыктарга дуушар болгон физикалык, психикалык, интеллектуалдык, жүрүм-турумдук же сенсордук бузулуулары бар адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кирери аныкталган. Бирок мында көрсөтүлгөн түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 5-беренесинин жана "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин аныктамаларына карама-каршы келет. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык бала ата-энелери жана аларды алмаштыруучу адамдар тарабынан камкордукка алынууга, туугандары менен мамиле кылууга, анын таламдарынын корголушуна, ар тараптуу өнүгүүгө, анын адамдык аброюнун урматталышына укуктуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында акысыз башталгыч, негизги, орто жана акысыз башталгыч кесиптик билим алууга билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынуучу билим алууга укуктуу экенин белгилейбиз. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар ишти жүзөгө ашырышат жана жүктөлгөн функцияларга ылайык кызматтарды көрсөтөт. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобого ылайык, ата-энелеринин камкордугусуз калган бала жөнүндө маалымдарды алганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери ата-энелеринин камкордугусуз калган баланын (балдардын) проблемаларын ар тараптуу баалоону өткөрөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын (балдардын) мүлкүнүн сакталуусун камсыздайт. Ар тараптуу баалоонун жыйынтыгы боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкери баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорун иштеп чыгат жана балдар иштери боюнча комиссиянын кароосуна киргизет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобого ылайык балдар иштери боюнча комиссия турмуштук оор кырдаалда калган балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен төмөнкүлөргө багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Балдар иштери боюнча комиссиянын катчысы Комиссиянын протоколунун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (шаар мэриясынын) баланы коргоо боюнча жекече планын же үй-бүлө менен жекече иштөө планын бекитүү жөнүндө чечим долбоорун даярдайт. Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан баланы коргоо боюнча бекитилген жекече планга ылайык кызматтар көрсөтүлөт. Жогоруда баяндалгандарга негизденүү менен мамлекет турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын ишке ашырууга кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын коргоону толук камсыз кылат жана алардын кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат. Баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунан 38-беренени алып салуу, ошондой эле Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "турмуштук оор кырдаалда турган балдар" деген терминди алып салуу сунушталат. Ошондой эле, Мыйзам долбоорунун 10-главасында глоссарийде ачылбаган, мисалы, "социалдык инклюзия", "билим алууга муктаждыктары", "инклюзивдүүлүктүн индикаторлору" түшүнүктөрү колдонулгандыгына көңүл бурат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 10-главасын толуктап иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жана "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү зарыл. 39-берененин 4-бөлүгүндө жана 47-берененин 8-бөлүгүндө кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу формасында окуп жаткандар, ошондой эле орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык факультеттеринин айыл жергесине иштөөгө жиберилген бүтүрүүчүлөрү менчигинин түрүнө карабастан айыл жергесиндеги билим берүү уюмдарында бүткүл иштеген мезгилинде анык аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтыруу укугуна ээ экендиги жана жаш мугалимдин депозити берилиши мүмкүн экендиги белгиленет. Бирок бул "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине каршы келет, ал эми Кыргыз Республикасында топтолмо депозит аркылуу жаш педагогдорду колдоо боюнча программа көптөн бери ишке ашырыла элек. Аталган программа кайра башталган учурда каржылоо булагын көрсөтүү менен финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Ушуга байланыштуу бул ченемдерди алып салуу же башка редакцияда баяндоо зарыл. Мыйзам долбоорунун 46-беренесинин 4-бөлүгүндө билим берүү уюмдары өздөрүнүн карамагында болгон эмгек акы төлөө каражаттарынын чегинде, анын ичинде атайын каражаттардын эсебинен үстөктөрдү, кошумча төлөмдөрдү, сый акыларды жана материалдык дем берүүнүн башка түрлөрүн белгилөөгө укуктуу экендиги көрсөтүлөт. Ошол эле учурда ушул эле берененин 1-бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында педагогикалык кызматкерге эмгек акы төлөө шарттары, кызматтык маяналары, кошумча төлөөлөрү, үстөктөрү жана дем берүүчү мүнөздөгү башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталары белгиленет. Мыйзам долбоорунун 46-беренесинин 5-бөлүгүндө айыл жергесиндеги билим берүү уюмдарына иштөөгө келген жаш адистерге жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен чарба күтүүгө, ошондой эле турак жай аянты менен камсыз болбогондор үчүн турак жайга кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул берилери белгиленген. Белгилей кетсек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 70%дан ашыгы дотациялык болуп саналат жана республикалык бюджеттен теңештирилүүчү трансферттерди алышат. Демек бул ченемди кабыл алуу жергиликтүү бюджетке кошумча оорчулук келтирет жана республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылат. Ошондой эле Мыйзам долбоорунун мамлекеттик тилдеги редакциясынын 47-беренесинин 7-бөлүгүнөн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкеринин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча жеңилдиктерге укугу каралган ченемди (бул ченем расмий тилдеги вариантта жок) алып салуу сунушталат, анткени бул максаттарга каражат бюджетте каралбайт. Мыйзам долбоорунун 52-беренесинин 2-бөлүгүндө айрым адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (мындан ары - ЖРТ) чектик баллы жыл сайын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленери айтылган. Ушул берененин 3-бөлүгүндө ЖРТ баллы чектик баллдан кыйла жогору болгон адамдар мамлекеттик билим берүү грантын алууга жана аны Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында, менчигинин түрүнө карабастан жыл сайын бекитилүүчү тизмеге кирген жана кирбеген адистиктер боюнча окутуу үчүн пайдаланууга укуктуу экендиги көрсөтүлөт. Чектик баллдан кыйла ашкан ЖРТ баллы жыл сайын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн чектик баллды республикалык бюджеттин эсебинен жана окутуунун наркын төлөө менен келишимдик негизде белгилейт, ал эми "чектик баллдан кыйла ашкан" деген сөз айкашы мамлекеттик билим берүү грантын алууга укук берген ЖРТ баллынын маанисин аныктоонун так механизмин бербейт. Ушуга байланыштуу бул маселени андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен жөнгө салуу аталган ченемдерди Мыйзам долбоорунан алып салуу сунушталат. Мыйзам долбоорунун 53-беренесинин 2-бөлүгүндө башка мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар билим берүү кызматтарына акы төлөөнү чет өлкөлүк валютада жүргүзүүгө укуктуу экендиги белгиленет. Бул ченем "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине каршы келет. Мыйзам долбоорунун 54-беренесинин 4-бөлүгүндө жеке билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы билим берүү уюмунун өзү тарабынан уюштуруучунун каражаттарынын жана өздүк каражаттарынын эсебинен өнүктүрүлө тургандыгы жана билим берүү уюмунун менчиги болуп эсептелери каралган. Бул бөлүктү алып салуу сунушталат, анткени көрсөтүлгөн ченем Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси менен аныкталат. Мыйзам долбоорунун 60-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатты каралып жаткан Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат менен толуктоо сунуш кылынат. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо ченем жаратуучу орган тарабынан келип түшкөн сунуштар тууралуу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен, коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жыйынтык маалыматты даярдоо. Мында жыйынтык маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздемеде-маалымкат чагылдырылууга тийиш. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкатты тиешелүү маалымат менен толуктоо сунушталат. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоодо жана кабыл алууда ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациялары (бирликтери) менен консультацияларды жана талкууларды өткөрө тургандыгына көңүл бурабыз. Ошондой эле Мыйзам долбоорун бюрократиядан чыгаруу максатында Мыйзам долбооруна кыйла маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдер киргизилиши керек, ал эми аларды ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоосу максатка ылайыктуу. Мында мыйзам долбоорун изилдөө ишкердик иштин маселелерин козгогон ченемдер бар экендигин көрсөттү (23, 26, 27, 35-беренелер), ал "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин колдонулушуна туура келет, анда Ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына (мындан ары - Методика) ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоого (мындан ары - ЖСТТ) тийиш. Методикада ЖСТТ жүргүзүүнүн талабына ишкерлердин өздүк же зайымдык каражаттарын пайдалануунун учурдагы тартибин, ишкердик иш үчүн тобокелдиктин деңгээлин, ишкерлердин мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле алардын киреше алуу мүмкүндүгүнө жана өлчөмдөрүнө таасир этүүчү шарттарды тигил же бул даражада аныктаган/өзгөрткөн ченемдик укуктук актылар туура келери белгиленген. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоору жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жаңы редакцияда иштелип чыккандыгын кошумча белгилейбиз. Азыркы учурда Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосунда турат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү, илим жана илимий-техникалык иштер чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын мамлекеттик контролдоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын камсыздоо боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп эсептелерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын эки долбоорун бириктирүү мүмкүндүгүн кароо максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 23 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 12
Шилтеме берет (23)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 "Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин…Постановление · 23.07.2018 · № 336
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.07.2017 · № 449
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо…Постановление · 10.08.2022 · № 444
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТОКТОМУПостановление · 22.06.2015 · № 391
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана…Указ · 18.07.2022 · № 243
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 26
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөЗакон · 15.10.1999 · № 111
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөЗакон · 03.04.2008 · № 38 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 72 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (12)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген)Положение · 22.06.2015 · № 391
- Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы №…Методика · 10.08.2022 · № 444
- "Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген)Положение · 24.07.2017 · № 449
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтому менен бекитилген)Временное положение · 23.07.2018 · № 334 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
- Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндөЗакон · 04.12.2019 · № 135 · Күчүн жоготкон