Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Административдик-процесстик кодекси» Кодекси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ
2017-жылдын 25-январы № 13 (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамы менен 2017-жылды 1-июлунан колдонууга киргизилет)
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2020-жылдын 18-июлундагы № 80, 2020-жылдын 24-июлундагы № 88, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 12-июлундагы № 64, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86, 2025-жылдын 11-январындагы № 3 , 2025-жылдын 27-январындагы № 28, 2025-жылдын 28-февралындагы № 48, 2025-жылдын 22-сентябрындагы №204, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 , 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Негизги жоболор
1-берене. Ушул Кодексти колдонуу чөйрөсү Ушул Кодекс административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча сот өндүрүшүнүн тартибин, ошол талаш-тартыштарды сотто кароонун жана чечүүнүн процесстик принциптерин жана эрежелерин белгилейт.
2-берене. Административдик сот өндүрүшү тууралуу мыйзамдар
1. Кыргыз Республикасынын сотторунда административдик иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган административдик процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.
3. Эгерде ушул Кодексте сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тууралуу жоболор жок болсо, эгерде алар ушул Кодекстин негизги принциптерине жана максаттарына карама-каршы келбесе, анда тиешелүүлүгүнө жараша Жарандык процесстик кодекстин жана башка мыйзамдардын ченемдери колдонулат.
4. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү ишти кароо жана чечүү, айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо жана сот актыларын аткаруу учурунда колдонулган мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
3-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) административдик сот өндүрүшү (административдик процесс) - бир тараптан административдик органдардын жана (же) алардын кызмат адамдарынын жана экинчи тараптан жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыгуучу талаштар боюнча сот өндүрүшү;
2) административдик иш - жалпы укук мамилелеринин субъекттеринин ортосундагы укуктук талашты чечүү жөнүндө сот өндүрүшүнө кабыл алынган талап, ошондой эле бул талашка тиешелүү материалдар. "Административдик иш" түшүнүгү административдик укук бузуулар жөнүндө иштерге жайылтылбайт;
3) административдик акт - бул административдик органдын же анын кызмат адамынын актысы, бир эле убакта:
а) жалпы укуктук жана жеке-айрым мүнөзгө ээ;
б) тышкы таасири бар, башкача айтканда, ички ведомстволук мүнөзгө ээ эмес;
в) укуктук кесепеттерге алып келет, башкача айтканда, арыз ээси жана (же) кызыкдар жак үчүн укуктарды жана милдеттерди белгилейт, өзгөртөт, токтотот;
4) административдик доо - административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыгуучу бузулган же талаштагы укуктарды, эркиндиктерди же мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарды коргоо үчүн жалпы укуктук мамилелердин субъекти тарабынан сотко берилген процесстик документ;
5) административдик орган - мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле мыйзам тарабынан административдик жол-жоболорду туруктуу же убактылуу жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген башка органдар же жактар;
6) административдик доогер - өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак, же болбосо прокурор же мыйзам тарабынан ошондой ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан анын кызыкчылыгы үчүн административдик доо берген жак;
7) административдик жоопкер - ага каршы сотко доо коюлган административдик орган;
8) апелляциялык даттануу (апелляциялык сунуштама) - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан экинчи инстанциядагы сотко берилген даттануу же сунуш;
9) административдик жол-жоболор - кызыкдар жактын арызынын, укуктарды жана (же) милдеттерди белгилөө (берүү, тастыктоо, ырастоо, каттоо, камсыз кылуу), өзгөртүү же токтотуу боюнча административдик органдын демилгесинин негизинде жасалуучу административдик органдын аракеттери, анын ичинде административдик актыны берүү (аны кабыл алуу, макулдашуу, бекитүү), же болбосо кызыкдар жакты, анын мүлкүн каттоо же эсепке алуу, же болбосо акча каражаттарын, башка мүлктү берүү жана (же) мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктөн кызмат көрсөтүү менен аяктаган аракеттери;
91) видеоконференцбайланыш - аудио уктурууларды жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыш сеансы;
92) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - чектелбеген сандагы пайдалануучулар үчүн түз эфир режиминде телекөрсөтүү, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө маалыматты жайылтуу жана берүү;
10) кызмат адамы - бийлик өкүлүнүн функцияларын туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча жүзөгө ашыруучу же болбосо административдик органдарда уюштуруу-тескөө, административдик-чарбалык, контролдук-текшерүү функцияларын аткаруучу адам;
11) экинчи инстанциядагы сот - апелляциялык инстанция, б.а. биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек актыларына карата апелляциялык (жекече) даттанууларды жана сунуштарды кароочу областтык соттордун жана Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиялары;
12) мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле ишке катышуучу адам көзөмөлчүлүгүндө турган уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү;
13) кассациялык даттануу (кассациялык сунуштама) - экинчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысына карата ишке катышуучу жактар тарабынан кассациялык инстанцияга берилген даттануу же сунуштама;
14) кассациялык инстанция - экинчи инстанциядагы соттун актыларына кассациялык даттанууларды жана сунуштамаларды кароочу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы;
15) процесстин катышуучулары - тараптар, үчүнчү жактар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, прокурор, ушул Кодекстин 44-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер;
16) сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактар - эксперттер, адистер, котормочулар, күбөлөр;
17) аныктама, чечим, токтом - административдик иштерди кароонун жүрүшүндө соттор тарабынан чыгарылуучу сот актылары;
171) жазуу формасы - административдик доону, даттанууну, арызды, сот актысын, соттук жыйналыштын протоколун, башка документти, билдирүүнү же маалыматты кагаз жүзүндө (машинкага басылган) же санариптик формада түзүү жана берүү ыкмасы;
18) төрагалык кылуучу - ишти коллегиялуу кароодо төрагалык кылуучу же болбосо ишти жеке өзү караган судья;
19) сунуштама - прокурордун сот актысына даттануусу;
20) прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, областтардын, райондордун же шаардын прокурорлоруна теңдештирилген аскердик жана башка адистештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде аракеттенген прокуратуралардын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн прокурорлору;
21) протокол - соттук жыйналышта орун алган процесстик аракеттер белгиленген процесстик документ;
22) тараптар - административдик доогер жана административдик жоопкер;
23) сот - район аралык сот, административдик соттун судьясы, тиешелүүлүгүнө жараша биринчи инстанция боюнча апелляциялык тартипте жана кассациялык тартипте административдик иштерди кароочу административдик иштер боюнча соттук коллегиянын соттук курамы;
24) судья - конституциялык тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ыйгарым укуктары берилген жана өзүнүн милдеттерин кесипкөйлүк негизде аткарган адам;
25) биринчи инстанциядагы сот - административдик иштин жагдайларын соттук жыйналышта түздөн-түз иликтөө жана белгилөө жана ал боюнча тиешелүү сот актысын чыгаруу укуктары берилген областтардын жана Бишкек шаарынын административдик соттору;
251) санариптик административдик иш - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү административдик иш;
252) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутуму - сот өндүрүшүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн багытталган санариптик түзүлүштөрдүн, алар үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын тутуму;
253) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси - санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келген, соттук кабарлоонун алынгандыгын ырастоо кепилдиги менен ишке катышып жаткан жактарга жана процесстин башка катышуучуларына соттук кабарлоону жеткирүүнү камсыз кылуучу санариптик сервис;
26) жеке даттануу (сунуштама) - административдик ишти кароонун жүрүшүндө чыгарылган соттун аныктамасына карата ишке катышкан адамдар тарабынан берилген даттануу же сунуштама;
27) жеке аныктама - административдик ишти кароо учурунда аныкталган мыйзам бузуу фактыларын, алардын жасалышына түрткү болгон жана тиешелүү чараларды көрүү талап кылынган себептерди жана шарттарды кароо боюнча административдик органдарга жана алардын кызмат адамдарына карата сот тарабынан чыгарылган аныктама.
28) юридикалык өкүл - юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык административдик сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоодо аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.
Эскертүү. Ушул Кодексте колдонулуучу санариптик технологияларга байланыштуу терминдер жана түшүнүктөр санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда келтирилген маанилерде колдонулат. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
4-берене. Административдик сот өндүрүшүнүн милдеттери Административдик иштерди адилеттүү, калыс жана өз убагында кароо жолу менен жеке адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын жана юридикалык жактардын административдик-укуктук (жалпы-укуктук) мамилелер чөйрөсүндөгү укуктарын жана кызыкчылыктарын административдик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан бузулуусунан коргоо административдик сот өндүрүшүнүн милдети болуп саналат.
5-берене. Коргоо үчүн сотко кайрылуу укугу
1. Кандай болбосун кызыкдар адам өзүнүн бузулган же талаш туудуруп жаткан укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.
2. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз.
3. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.
4. Эгерде мыйзамдарда административдик актыларга, административдик органдардын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки даттануу тартиби белгиленсе, анда мындай актыларды соттук талашуу ушул тартип сакталгандан кийин гана мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк адамдар, жарандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары сыяктуу эле соттук коргоо укугуна ээ.
6-берене. Административдик сот өндүрүшү жүзөгө ашырылган тил
1. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.
2. Сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүүгө, эне тилинде сүйлөөгө жана өтүнмө берүүгө, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.
3. Сот актылары ишке катышкан адамдарга мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.
4. Административдик процесстин катышуучулары чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилдеги күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берет.
2-глава. Административдик сот өндүрүшүнүн принциптери
7-берене. Административдик сот өндүрүшүнүн негизги принциптери
1. Административдик сот өндүрүшү төмөнкүдөй негизги принциптерге негизденет:
1) судьялардын көз карандысыздыгы;
2) укуктун үстөмдүгү;
3) мыйзамдуулук;
4) бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдиги;
5) объективдүү иликтөө;
6) соттук териштирүүнүн айкындуулугу жана ачыктыгы;
7) соттук чечимдердин милдеттүүлүгү;
8) сот өндүрүшүнүн оозеки өтүшү.
2. Административдик сот өндүрүшүндө ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган соттордун тажырыйбасында калыптанган жана укук теориясында өнүгүүгө ээ болгон башка принциптер колдонулат.
8-берене. Судьялардын көз карандысыздыгынын принциби
1. Судьялар административдик сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда көз карандысыз болушат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийишет.
2. Дайындуу административдик иш боюнча отчетту судьядан талап кылууга эч кимдин укугу жок. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандай кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьяга таасир эткендиги үчүн күнөлүү адамдар мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат.
3. Соттун имаратына чейин 30 метрден жакын аралыкта же сотто судьяга же сотко таасир этүү максатын көздөгөн тынч чогулуштар жана башка иш-аракеттер судьянын же соттун ишине кийлигишүү деп эсептелет жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
9-берене. Укуктун үстөмдүгүнүн принциби Сот административдик ишти кароодо укуктун үстөмдүгүнүн принцибин жетекчиликке алат, ага ылайык эң жогорку баалуулуктар катары адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери таанылат, ал эми мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иштери Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
10-берене. Мыйзамдуулук принциби
1. Сот иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде чечүүгө милдеттүү.
2. Сот административдик ишти кароодо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын актысынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык эместигин белгилөө менен, юридикалык чоң күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык чечим кабыл алат.
3. Талаш-тартыш мамилени жөнгө салуучу укук ченеми болбогон учурда сот окшош мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдерин колдонот, ал эми мындай ченемдер болбогондо, талаш-тартыш мыйзамдардын жалпы негиздерине жана маңыздарына таянуу менен чечилет (мыйзамдын окшоштугу жана укуктун окшоштугу).
11-берене. Бардыгынын мыйзам жана сот алдында теңдик принциби
1. Административдик сот өндүрүшү бардыгынын мыйзамдын жана соттун алдында теңдик принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Сот административдик процесстин жүрүшүндө процесстин ар бир катышуучусу үчүн өзүнүн позициясын билдирүүгө, өзүнүн процесстик укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга толук жана тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө тийиш.
12-берене. Объективдүү териштирүү принциби
1. Сот процесстин катышуучуларынын түшүндүрүүлөрү, билдирүүлөрү жана сунуштамалары, берилген далилдери жана иште болгон башка материалдар менен чектелбестен, талаш-тартышты туура чечүү үчүн мааниси бар иш жүзүндөгү бардык жагдайларды иликтейт.
2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча өз алдынча же процесстин катышуучуларынын өтүнмөлөрүнүн негизинде башка далилдерди чогултат. Сот тараптардан кошумча маалыматтарды жана далилдерди берүүнү талап кыла алат.
3. Административдик сот өндүрүшүнүн катышуучулары талаш-тартышка байланыштуу иш жүзүндөгү жагдайларды иликтөөдө жана далилдерди чогултууда сотко көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
13-берене. Административдик сот өндүрүшүнүн айкындык жана ачыктык принциби
1. Иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүрөт.
2. Соттук ачык жыйналышта ишти кароонун натыйжалары боюнча чыгарылган соттун чечими ачык жарыяланат.
3. Соттук ачык жыйналышта катышкан ишке катышып отурган адамдар соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же үн жазуу каражаттарынын жардамы менен белгилеп алууга укугу бар. Соттук жыйналышты кино- жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түз радио- жана телеберүүгө соттун уруксаты менен жол берилет.
4. Соттун жабык жыйналыштарында иштерди кароо жана чечимдерди жарыялоо мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган иштер боюнча, ошондой эле бул мыйзамда каралган учурларда башка иштер боюнча жүзөгө ашырылат. Ошондой эле ишке катышкан адамдын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, жарандардын жеке жашоо-турмушу жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун зарылдыгына жана ачык талкуулоо иштин туура каралышына жолтоо кылууга жөндөмдүү башка жагдайларга таянган өтүнмөсүн канааттандырууда жабык соттук териштирүүгө жол берилет.
Жабык соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же үн жазуучу каражаттардын жардамы менен жаздырып каттоого, жабык соттук отурумду кино- жана фото сүрөткө тартууга, көрмө жазууга, түз радио- жана телеберүүгө жол берилбейт.
5. Сот ишти жабык соттук жыйналышта кароо жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама кабыл алат, анда соттун жабык жыйналышына катышкан адамдардын ишти кароодо белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчиликтери тууралуу сот тарабынан эскертилгендиги көрсөтүлөт.
6. Ишти жабык соттук жыйналышта териштирүүдө ишке катышкан адамдар, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл болгон учурларда, ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери катышат.
7. Жабык соттук жыйналышта иш ушул Кодексте белгиленген бардык эрежелерди сактоо менен каралат жана чечилет.
8. Ишти жабык соттук жыйналышта кароонун натыйжалары боюнча чечимдин резолюциялык бөлүгү ачык жарыяланат.
(КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы №204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүк принциби
1. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
3. Сот актыларынын милдеттүүлүгү ишке катышпаган кызыкдар адамдардын өздөрүнүн бузулган же талаш-тартыш туудурган укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугунан ажыратпайт.
II БӨЛҮМ. АДМИНИСТРАТИВДИК СОТ ӨНДҮРҮШҮН УЮШТУРУУ
3-глава. Административдик иштердин ведомствого караштуулугу жана сотко караштуулугу
15-берене. Административдик иштердин ведомствого караштуулугу
1. Төмөнкү административдик иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралат:
1) административдик актыны жараксыз же административдик органдын аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп толугу менен же болбосо бир бөлүгүн таануу жөнүндө;
2) административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же башка аракеттерди жасабоо милдеттери жөнүндө;
3) административдик органдын административдик актыны кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;
4) административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;
5) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.
2. Төмөнкү иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралбайт:
1) укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толугу менен же анын бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;
2) жазык процессинин чөйрөсүндөгү укук мамилелеринен келип чыккан укук коргоо органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө;
3) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-берене. Административдик иштердин сотко караштуулугу
1. Административдик иштер биринчи инстанция боюнча соттор тарабынан жоопкердин жайгашкан жери боюнча каралат.
2. Административдик актыларга бир нече жоопкердин аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттанууда доогердин тандоосу боюнча административдик доо жоопкердин биринин жайгашкан жери боюнча административдик сотко берилет.
3. Ар түрдүү сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жаткан бир нече талаптарды бир өндүрүшкө бириктирүүгө жол берилбейт.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Өндүрүшкө кабыл алынган ишти башка сотко өткөрүп берүү
1. Бир сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган административдик иш башка соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн:
1) эгерде бир же бир нече судьядан баш тартылгандан же болбосо башка себептер менен судьялар алмашылгандан кийин же ишти бул сотто кароо мүмкүн болбой калганда. Бул учурда ишти өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жүзөгө ашырылат;
2) эгерде ушул сотто ишти кароодо анын өндүрүшкө сотко караштуулук эрежелерин бузуу менен кабыл алынганы айкындалса.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, ишти бир соттон башка сотко өткөрүп берүү маселеси боюнча аныктама кабыл алынат жана ага жекече даттануу берилиши мүмкүн. Ишти бир соттон башка сотко өткөрүп берүү бул аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганда, ал эми даттануу берилген учурда - даттанууну канааттандырбастан калтыруу тууралуу аныктама чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт.
3. Бир соттон башка сотко жөнөтүлгөн иш, өндүрүшкө ал жөнөтүлгөн сот тарабынан кабыл алынууга тийиш. Соттордун ортосунда сотко караштуулук жөнүндө талаш-тартыштарга жол берилбейт.
4-глава. Соттун курамы. Четтетүүлөр
18-берене. Соттун курамы
1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, судьялар биринчи инстанция боюнча административдик иштерди жеке өздөрү карашат. Ишти жекече караган судья сот катары аракеттенет.
2. Апелляциялык инстанциядагы сотто административдик иштер курамы үч судьядан турган административдик иштер боюнча соттук коллегия тарабынан каралат.
3. Административдик иштер кассациялык инстанциядагы сотто курамы үч судьядан турган административдик иштер боюнча соттук коллегия тарабынан каралат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Сот маселелерди коллегиялык курамда чечүүсүнүн тартиби
1. Сот ишти коллегиялык курамда кароодо келип чыккан бардык маселелер судьялар тарабынан добуштардын көпчүлүгү менен чечилет. Судьялардын эч кимиси добуш берүүдө калыс калууга укуксуз. Жыйналышта төрагалык кылуучу акырында добуш берет.
2. Көпчүлүктүн чечимине макул болбогон судья бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал ишке тиркелет, бирок жарыя кылынбайт.
20-берене. Судьяны четтетүү
1. Судья төмөнкү учурда ишти карай албайт жана четтетүүгө жатат:
1) эгерде ал ишке катышкан адамдардын же алардын өкүлдөрүнүн кимдир-бирөөсүнүн үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы болуп саналса;
2) эгерде ал жеке өзү иштин жыйынтыгына тикелей же кыйыр түрдө кызыкдар болсо;
3) эгерде ал иштин мурдагы каралышында прокурор, эксперт, адис, котормочу, өкүл, соттук жыйналыштын катчысы катары катышса;
4) эгерде ал талаш-тартыш менен байланышкан иштин мүмкүн болуучу натыйжасы жөнүндө өз позициясын кайсы бир формада, соттун кароосунан тышкары, ишти соттук курамдын талкуусуна киргизгенге чейин айткан болсо (же болбосо ачык билдирүү жасаса).
2. Соттук териштирүүгө даярдык көрүү баскычында судья тарабынан алдын ала айтылган укуктук пикир судья өзү баш тартуу же андан баш тартуу үчүн негиз боло албайт.
21-берене. Ишти кароого судьянын кайталап катышуусунун жол берилбестиги
1. Ишти маңызы боюнча кароого катышкан судья бул ишти башка инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.
2. Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча иштерди кароо учурларынан тышкары, ишти биринчи же апелляциялык инстанцияда кароого жана талаш-тартыштын маңызы боюнча чечим чыгарууга катышкан судья, бул ишти ошол эле инстанцияда кайрадан кароого катыша албайт.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти кассациялык тартипте кароого катышуусу анын ушул ишти кассациялык тартипте кайрадан кароого катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
22-берене. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, соттук жыйналыштын катчысын четтетүү үчүн негиздер
1. Ушул Кодекстин 20-беренесинде көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер ошондой эле экспертке, адиске, котормочуга, соттук жыйналыштын катчысына жайылтылат.
Андан тышкары, эксперт жана адис алардын компетенттүү эместиги байкалган учурда ишти кароого катыша албайт.
2. Эксперттин, адистин, котормочунун жана соттук жыйналыштын катчысынын ушул иштин мурдагы каралашында кайрадан эксперт, адис, котормочу, соттук жыйналыштын катчысы катары катышуулары аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.
3. Ушул Кодекстин 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер ошондой эле прокурорго жайылтылат. Мында прокурордун ушул иштин мурдагы каралышында прокурор катары катышкандыгы четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.
23-берене. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү тууралуу арыз
1. Ушул Кодекстин 20 жана 21-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо судья өзүн-өзү четтеткендигин билдирүүгө милдеттүү.
Ушул Кодекстин 20-беренесинде жана 22-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо прокурор, эксперт, адис, котормочу, соттук жыйналыштын катчысы өзүн-өзү четтеткендигин билдирүүгө милдеттүү. Ушул эле негиздер боюнча процесстин катышуучулары четтетүү билдириши мүмкүн.
2. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жүйөлөнгөн болууга жана ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин билдирилүүгө тийиш. Ишти маңызы боюнча кароонун жүрүшүндө четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө арызды кароого четтетүү же өзүн-өзү четтетүүнүн негиздери сотко же четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө билдирген адамга иш карала башталгандан кийин белгилүү болгон учурларда гана жол берилет.
3. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруудан негизсиз четтетүүгө жол берилбейт.
4. Судьянын четтетүү жөнүндө негизсиз арызы канааттандырылууга жатпайт.
24-берене. Билдирилген четтетүүнү чечүүнүн тартиби
1. Четтетүү билдирилген учурларда сот ишке катышкан жактардын пикирин, эгерде баш тартылган адам түшүндүрмө берүүнү кааласа, ошондой эле четтетүү билдирген адамды угат.
2. Четтетүү тууралуу маселе кеңешүүчү бөлмөдө чыгарылган соттун аныктамасы менен чечилет.
3. Судьяга билдирилген четтетүү же ишти жеке караган судьянын өзүн-өзү четтетүүсү ошол эле судья тарабынан чечилет.
4. Ишти соттун коллегиялуу курамында кароодо бир судьяны четтетүү тууралуу маселе четтетилип жаткан судья катышпастан, калган судьялар тарабынан чечилет. Четтетүү үчүн жана четтетүүгө каршы берилген добуштардын саны тең болуп калганда, судья четтетилди деп эсептелет. Бир нече судьяга же соттун бүтүндөй курамына карата билдирилген четтетүү, ошол эле соттун коллегиялуу курамы тарабынан добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен чечилет.
5. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, соттук жыйналыштын катчысын четтетүү тууралуу маселе ишти карап жаткан сот тарабынан чечилет.
6. Эгерде бир эле убакта судьяга, прокурорго, экспертке, адиске, котормочуга же соттук жыйналыштын катчысына четтетүү билдирилсе, биринчи кезекте судьяны четтетүү жөнүндө маселе чечилет.
7. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү тууралуу маселени кароонун натыйжалары боюнча сот тарабынан жүйөлөнгөн аныктама кабыл алынат. Четтетүү же өзүн-өзү четтетүү жөнүндө маселе боюнча аныктама даттанылбайт, бирок далилдер апелляциялык, кассациялык даттанууга киргизилиши мүмкүн. Сот соттук жыйналышта тараптардын макулдугу менен аныктаманын резолюциялык бөлүгүн жарыялаганга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-берене. Четтетүү тууралуу билдирүүнү канааттандыруунун кесепеттери
1. Административдик сотто административдик ишти карап жаткан судьядан четтетилген учурда, бул иш ошол эле сотто башка судья тарабынан каралат. Эгерде иш каралап жаткан сотто судьяны алмаштыруу мүмкүн эмес болсо, иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу башка административдик сотко өткөрүп берилет.
2. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, экинчи инстанциядагы сотто кароодо судьялар четтетилген учурда, иш ошол эле сотто, бирок судьялардын башка курамында каралат.
3. Эгерде четтетүүлөрдү канааттандыруунун натыйжасында же ушул Кодекстин 20-беренесинде көрсөтүлгөн себептер боюнча экинчи инстанциядагы сотто ушул ишти кароо үчүн ошол эле сотто соттун жаңы курамын түзүү мүмкүн болбосо, иш Кыргыз Республикасынын Жогорку соту аркылуу ошол эле деңгээлдеги башка сотко өткөрүп берилүүгө тийиш.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава. Административдик процесстин катышуучулары
26-берене. Административдик процесстин катышуучулары
1. Тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, ошондой эле ушул Кодекстин 43-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер административдик процесстин катышуучулары (мындан ары - процесстин катышуучулары) болуп саналат.
2. Административдик доогер жана административдик жоопкер административдик процессте тараптар болуп саналат.
27-берене. Административдик доогер
1. Өз укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жеке же юридикалык жак же болбосо анын таламында прокурор же ушундай ыйгарым укук берилген жак тарабынан административдик доо коюлган жак административдик доогер (мындан ары - доогер) болуп саналат.
2. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, эгерде ал арыз ээси катары административдик жол-жобону пайдаланган учурда гана доогер болуп саналат.
28-берене. Административдик жоопкер Сотто өзүнө каршы доо коюлган административдик орган административдик жоопкер (мындан ары - жоопкер) болуп саналат. Аракети жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана милдеттерин түзүүгө, өзгөртүүгө же токтотууга алып келүүчү административдик органдардын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынча бөлүмдөрү жоопкер болушу мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене. Өкүлдөрдүн административдик процесске катышуусу
1. Тарап сотто процесстик аракеттерди жеке өзү же болбосо бир же бир нече өкүл аркылуу жасоого укуктуу.
Ишке жеке өзү катышуу тарапты өкүлгө ээ болуу укугунан ажыратпайт. Өкүлдүн катышуусу өкүл дайындаган жактын процесстик аракеттерди өз алдынча жасоо укугун чектебейт. Тараптардын өкүлдөрү төмөнкүлөр боло алат:
- адвокаттар;
- юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык өкүлдөр;
- мыйзамдуу өкүлдөр;
- кызмат орду боюнча өкүлдөр.
Тарап ишти жүргүзүүнү бир же бир нече өкүлгө тапшырууга укуктуу. Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары жарандык мыйзамдарда каралган тартипте жол-жоболоштурулат. Сотко кайрылууда өкүл ишеним катты электрондук түрдө же тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өкүлдөр аракетке жөндөмдүү болууга жана сотто ишти алып барууга талаптагыдай жол-жоболоштурулган ыйгарым укуктарга ээ болууга тийиш.
3. Аракетке жөндөмсүз жана аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сотто анын мыйзамдуу өкүлү коргойт.
Белгиленген тартипте дайынсыз жоголгон деп таанылган жаран катышууга тийиш болгон иш боюнча анын өкүлү катары анын мүлкүн ишенимдүү башкаруучу иш алып барат.
4. Өлгөн же белгиленген тартипте өлгөн деп таанылган жарандын мураскору катышууга тийиш болгон иш боюнча, эгерде мурас эч ким тарабынан кабыл алына элек болсо, мурасталуучу мүлктү кайтаруу жана башкаруу үчүн мураскордун өкүлү катары дайындалган жак чыгат.
5. Административдик сотто юридикалык жактардын иштерин мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен же юридикалык жактын уставы менен юридикалык жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укук берилген жактар алып барат.
6. Административдик сотто мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү катары кызмат орду боюнча ошол органдын жетекчиси чыгат.
7. Ушул берененин 4-6-бөлүктөрүндө каралган учурларда, административдик иштерди алып баруучу адамдар кызмат орду боюнча өкүлдөр болуп эсептелет.
8. Мыйзамдуу өкүлдөр жана кызмат орду боюнча өкүлдөр өз кезегинде алар тарабынан шайланган бир же бир нече өкүлгө сотто иштерди алып баруу ыйгарым укуктарын өткөрүп бере алышат.
9. Өкүл тарабынан жасалган процесстик иш-аракеттер процесстин катышуучусу үчүн, алар процесстин катышуучусунун өзү тарабынан жасалгандай өлчөмдө эле милдеттүү.
10. Мыйзамдуу өкүлдөрдү кошпогондо, өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык берилген жана жол-жоболоштурулган ишеним катта туюнтулууга тийиш.
Адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген тапшырма ордери менен ырасталат. Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-берене. Сотто өкүл боло албай турган адамдар
1. Процессте тиешелүү уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү катары же мыйзамдуу өкүлдөр катары катышкан учурлардан тышкары, судьялар, тергөөчүлөр, прокурорлор жана бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттары сотто өкүл боло албайт.
2. Юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырманы адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарда жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген эрежелерди бузуу менен кабыл алган адвокаттар жана юридикалык өкүлдөр сотто өкүл боло алышпайт.
3. Эгерде тиешелүү иш боюнча кызыкчылыктары өкүл дайындоочунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген жактарга юридикалык жардам көрсөтүп жаткан болсо же мурда жардам көрсөтсө, же ишке судья, прокурор, эксперт, адис, котормочу, күбө катары катышса, ошондой эле эгерде ал ишти кароого катышып жаткан кызмат адамынын үй-бүлө мүчөсү же жакын тууганы болуп саналса, ал адам өкүл боло албайт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Өкүлдүн ыйгарым укуктары
1. Өкүлгө сотто ишти алып баруу ыйгарым укугу өкүл дайындоочунун атынан бардык процесстик иш-аракеттерди жасоого укук берет.
2. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн доого же доого каршы пикирге, камсыз кылуучу чаралар тууралуу арызга кол коюу укугу, кайтадан ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарга кол коюу, билдирилген талаптардан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доону таануу, арыздын жүйөсүн жана негизин өзгөртүү, жарашуу макулдашуусун түзүү, ыйгарым укуктарды башка адамга берүү (кайра ишеним), сот актысына даттануу, даттануулардан баш тартуу же сунуштамаларды чакырып алуу, аткаруу документин аткарууга көрсөтүү укуктары өкүл дайындаган тарап берген ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш.
Эгерде өкүл юридикалык өкүл болуп саналса, ишеним катта юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктоочу Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-берене. Үчүнчү жактар
1. Укуктары ишти кароонун натыйжасында кабыл алынуучу сот актысында козголуп жаткан же козголушу мүмкүн болгон жеке же юридикалык жактар үчүнчү жактар болуп саналат.
2. Үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сотто ишти кароону аяктоочу сот актысы кабыл алынганга чейин, доогердин же жоопкердин тарабында, эгерде бул сот актысы тараптардын бирине карата алардын укуктарына же милдеттерине таасир этиши мүмкүн болсо, өз демилгеси боюнча ишке киришүүгө укуктуу. Үчүнчү жактар ошондой эле процесстин катышуучуларынын өтүнмөсү боюнча же соттун демилгеси боюнча ишке катышууга тартылышы мүмкүн.
3. Доонун негизин же жүйөсүн өзгөртүүгө, доодон баш тартууга, доону таанууга же жарашуу келишимин түзүүгө, кайчы доо коюуга укукту кошпогондо, үчүнчү жактар процесстик укуктардан пайдаланышат жана тараптардын биринин процесстик милдеттерин тартышат.
4. Үчүнчү жакты ишке катышууга тартуу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө сот аныктама чыгарат.
Эгерде сот актысы белгилүү бир жактарга сөзсүз же түздөн-түз жайылтылса, анда сот бул жактарды үчүнчү жак катары процесске катышууга тартууга милдеттүү.
5. Эгерде үчүнчү жак соттук териштирүү башталгандан кийин ишке катышууга тартылса, анда соттук териштирүү кайра башынан башталат.
33-берене. Административдик процесстик укук жөндөмдүүлүгү Административдик процесстик укуктарга жана милдеттерге ээ болуу жөндөмү (административдик процесстик укук жөндөмдүүлүгү) мыйзамга ылайык укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын соттук коргоо укугуна ээ бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бирдей таандык экени таанылат.
34-берене. Административдик процесстик аракетке жөндөмдүүлүк
1. Өз иш-аракеттери менен өзүнүн процесстик укуктарын жүзөгө ашыруу, сотто өзүнүн процесстик милдеттерин аткаруу жана өз иштерин жүргүзүүнү өкүлүнө тапшыруу жөндөмдүүлүгү (административдик процесстик аракетке жөндөмдүүлүк) толук көлөмдө жашы жеткен, башкача айтканда он сегиз жашка чыккан жарандарга жана юридикалык жактарга таандык.
2. Он сегизге чыкканга чейин никеге турууга мыйзам тарабынан жол берилген учурда, - никеге турган убактан тартып, ошондой эле ал мыйзамда белгиленген тартипте толук аракетке жөндөмдүү деп (эмансипация) жарыяланган учурда, жашы жете элек адам өзүнүн процесстик укуктарын жана процесстик милдеттерин сотто жеке өзү жүзөгө ашыра алат.
3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электердин, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары, көмөкчүлөрү, тарбиялоочу, дарылоочу мекемелердин администрациялары, калкты социалдык тейлөө уюмдары же башка ушундай мекемелер) тарабынан корголот, бирок сот мындай иштерге жашы жете электердин же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган жарандын өздөрүн катышууга тартууга укуктуу.
4. Мыйзамда белгиленген учурларда административдик укук мамилелеринен келип чыккан иштер боюнча укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын жашы жете электин сотто жеке өзү коргоого укугу бар. Бирок сот мындай иштерге жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүн катышууга тартууга укуктуу.
5. Он төрт жашка чыга элек жашы жете электин, ошондой эле психикасы бузулгандан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан корголот.
35-берене. Ишке бир нече доогердин жана жоопкердин катышуусу
1. Доону бир нече доогер биргелешип же бир нече жоопкерге карата коюлушу мүмкүн. Доогерлердин же жоопкерлердин ар бири процессте башка тарапка карата өз алдынча чыгат. Биргелешип катышуучулар сотто алардын баарынын атынан алардын ичинен бири же бир нечеси, же болбосо алардын бир же бир нече өкүлү чыгышы тууралуу макулдаша алат. Макулдашуу өкүлдү тастыктоо үчүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
2. Мыйзамда каралган учурларда сот өз демилгеси боюнча биргелешкен жоопкерлерди же биргелешкен доогерлерди ишке катышуу үчүн тартууга укуктуу.
36-берене. Административдик процесстин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
1. Процесстин катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрмө алууга, көчүрмөсүн сүрөткө тартып алууга;
2) четтетүү билдирүүгө;
3) далилдерди келтирүүгө жана аларды иликтөөгө катышууга;
4) процесстин башка катышуучуларына, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроолорду берүүгө;
5) өтүнмө билдирүүгө, сотко оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
6) соттук процесстин жүрүшүндө пайда болгон бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн келтирүүгө;
7) процесстин башка катышуучуларынын өтүнмөлөрүнө жана жүйөлөрүнө каршы пикирин айтууга;
8) сот актыларына даттанууга;
9) өздөрүнө ушул Кодекс тарабынан берилген башка процесстик укуктардан пайдаланууга.
2. Процесстин катышуучулары өздөрүнө таандык бардык процесстик укуктардан ак ниет пайдаланууга жана өздөрүнүн процесстик милдеттерин аткарууга милдеттүү. Процесстик милдеттер аткарылбаганда, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган кесепеттер келип чыгат.
37-берене. Процесстик укуктук жолун жолдоочулук
1. Талаш-тартыш же чечим менен белгиленген укуктук мамилелерден доогер же үчүнчү жак чыгып калган учурларда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын өзгөртүп түзүлүшү, талапты бирөөгө берүү, карызды которуу жана материалдык укуктук мамилелердеги жактар алмашкан башка учурлар) сот бул тарапты анын укугун улантуучу менен алмаштырууга жол берет. Укук улантуучулук процесстин кандай болбосун баскычында болушу мүмкүн.
2. Жоопкер укуктук мамиледен укукту улантуу себебинен улам чыгып калган учурда сот жоопкерди анын укугун улантуучу менен алмаштырат.
3. Эгерде административдик ишти кароо мезгилинде административдик иште тарап болуп саналган административдик орган өзгөртүп түзүлгөн учурда, сот бул тарапты анын укугун улантуучу менен алмаштырат. Эгерде мамлекеттик же башка ачык-айкын ыйгарым укуктарга ээ болгон кайсы бир орган же уюм жоюлган учурда, сот ал тарапты сот карап жаткан талаш-тартыш мамилелердин чөйрөсүндө жалпы укуктук мамилелерге катышуу компетенциясына кирген же доогердин бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо компетенциясына кирген орган же уюм менен алмаштырат.
4. Эгерде административдик ишти кароо мезгилинин административдик иштеги тарап болуп саналган кызмат адамы иштеген (ээлеп турган) тиешелүү кызмат ордунан бошотулган учурда, сот бул тарапты административдик иш каралып жаткан учурга ушул кызматты ээлеп турган башка адам менен, же сот карап жаткан талаш-тартыш укуктук мамилелердин чөйрөсү сыяктуу эле компетенциясына коомдук укуктук мамилелерге катышуу кирген, же болбосо доогердин бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо компетенциясына кирген башка кызмат адамы же тиешелүү орган менен алмаштырат.
5. Укук улантуучу процесске киришкенге чейин жасалган бардык иш-аракеттер укук улантуучу ордун баскан жак милдеттүү болгон өлчөмдө ал үчүн милдеттүү.
38-берене. Талаптагыдай эмес жоопкерди алмаштыруу
1. Сот ишти даярдоодо же ишти териштирүү убагында доо билдирилген талап боюнча жооп берүүгө тийиш болгон жоопкерге коюлбаганын аныктап, доогердин макулдугу боюнча ишти токтотпостон талаптагыдай эмес жоопкерди талаптагыдай жоопкер менен алмаштыра алат.
2. Талаптагыдай эмес жоопкер алмаштырылгандан кийин ишти даярдоо жана кароо кайра башынан жүргүзүлөт.
3. Сот жоопкерди алмаштыруу же талаптагыдай жоопкерди тартуу жөнүндө аныктама кабыл алат.
39-берене. Доодон баш тартуу жана доону таануу
1. Доогер административдик сот өндүрүшүнүн кандай болбосун баскычында доодон толук же кайсы бир бөлүгүнөн баш тарта алат, ал эми жоопкер - доону толук же кайсы бир бөлүгүн тааный алат.
2. Сот доодон баш тартууну кабыл алуу жөнүндө аныктама кабыл алып, ушуну менен иш боюнча өндүрүштү токтотот. Доогер доодон жарым-жартылай баш тарткан учурда сот аныктама кабыл алып, анда доо талаптарынын ошол бөлүгүнө карата иш боюнча өндүрүштү токтотот.
3. Эгерде доогердин же жоопкердин бул иш-аракеттери мыйзамга карама-каршы келсе же болбосо башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузса, сот доодон баш тартууну, доону таанууну кабыл албайт жана административдик ишти кароону улантат.
40-берене. Доо талаптарын өзгөртүү
1. Доогер биринчи инстанциядагы соттун соттук териштирүүсүнүн бардык учурунда доо талаптарынын көлөмүн көбөйтүп же азайтып, доонун негизин же жүйөсүн өзгөртө алат.
2. Сот жоопкердин өтүнмөсү боюнча соттук жыйналышта тыныгуу жарыялайт жана жоопкерге доо талаптарынын доогер тарабынан өзгөртүлгөнүнө байланыштуу, анын ишке карата даярдануусу үчүн жетиштүү мөөнөт берет.
41-берене. Жарашуу макулдашуусуна жол берилиши
1. Эгерде тараптар талаш-тартыштын жүйөсү боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу болушкан учурда, административдик процесстин кандай болбосун баскычында, алар талаш-тартышты толук же жарым-жартылай чечүү максатында жарашуу макулдашуусун түзө алат.
2. Эгерде бул иш-аракеттер мыйзамга карама-каршы келсе же башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузса, сот тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитпейт.
3. Жарашуу макулдашуусун бекитүү тууралуу сот аныктама кабыл алат, анда анын шарттары чагылдырылат. Жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө аныктама даттанылышы мүмкүн.
4. Тараптардын бири жагынан жарашуунун шарттары аткарылбаган учурда, сот башка тараптын арызы боюнча административдик процесстин токтотулган баскычынан тартып иш боюнча өндүрүштү кайра жандандырат. Иш боюнча өндүрүштү жандандыруу жөнүндө маселе боюнча аныктама чыгарылат. Иш боюнча өндүрүштү жандандыруудан баш тартуу тууралуу аныктамага тараптар даттануусу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-берене. Прокурор
1. Прокурор чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко административдик доо менен кайрылууга укуктуу. Эгерде жаран ден соолугунун, жаш курагынын абалына, аракетке жөндөмсүздүгүнө байланыштуу же башка жүйөлүү себептер менен сотко өзү кайрыла албаган учурда, административдик жана башка жалпы укук мамилелеринин субъекти болуп саналган жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого административдик доо прокурор тарабынан берилет. Мында кызыкчылыгы үчүн доо берилип жаткан адам доогер катарында тартылышы мүмкүн.
2. Административдик доо менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан тышкары, бардык процесстик укуктардан пайдаланат жана доогердин бардык процесстик милдеттерин аткарат. Прокурор башка адамдын кызыкчылыктарын коргоо боюнча коюлган талаптарды колдоодон баш тарткан учурда, эгерде ошол жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Аракетке жөндөмсүз жарандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн коюлган доону кошпогондо, доогер прокурор билдирген доодон баш тарткан учурда, эгерде бул иш-аракеттер мыйзамга карама-каршы келбесе же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, сот иш боюнча өндүрүштү токтотот.
3. Эгерде бул жарандын же мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоону талап кылса, прокурор административдик процесстин кандай болбосун баскычында ишке киришүүгө укуктуу жана административдик иш боюнча корутунду берет. Эгерде административдик иш анын административдик доосунун негизинде козголсо, прокурор иш боюнча корутунду бербейт. Ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө кабарландырылган прокурордун келбей калышы, ишти териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-берене. Башка жактардын укуктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн сотко кайрылуу
1. Мыйзамда каралган учурларда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка органдар, жарандар жана юридикалык жактар башка жактардын же чөйрөсү аныкталбаган жактардын өтүнмөсү боюнча алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн доо менен сотко кайрыла алат.
2. Башка жактардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн доо койгон жактар, жарашуу макулдашуусун түзүүдөн тышкары, доогердин бардык процесстик укуктарынан пайдаланышат жана бардык процесстик милдеттерин аткарышат. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар доодон баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 42-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган процесстик кесепеттер келип чыгат.
44-берене. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү адамдар Эксперт, адис, котормочу жана күбө сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү жактар болуп саналат.
45-берене. Эксперт
1. Корутунду берүү үчүн зарыл болгон атайын билимге ээ жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам административдик сот өндүрүшүндө эксперт боло алат.
2. Билип туруп жалган корутунду бергени, ошондой эле корутунду берүүдөн баш тартканы же качканы үчүн эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.
46-берене. Адис
1. Административдик сот өндүрүшүндө процесстик аракеттерди жасоо мезгилинде иштин жагдайлары жана далилдери боюнча түшүндүрмө, консультация бере алган же техникалык жардам көрсөтө алган, атайын билими жана техникалык каражаттарды колдонуу көндүмдөрү бар адам адис катары иш алып бара алат. Адис соттук териштирүүгө катышуу үчүн сотко же болбосо соттук жыйналыштын катышуучуларына далилдерди иликтөөдө илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк жаатында атайын билимдер жана көндүмдөр талап кылынган учурларда чакыртылат.
2. Адистин консультациялары жана түшүндүрмөлөрү укуктук маселелерге тийиштүү болушу мүмкүн эмес. Процесстик аракеттерди жасоо мезгилиндеги адистин жардамы эксперттин корутундусун алмаштырбайт.
3. Адисти чакыруу жөнүндө соттун талабын адис иштеген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын жетекчиси жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.
4. Билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн адис Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.
Эгерде сот жүйөсүз деп тааныган себептер боюнча адис соттун чакыруусуна келбей койсо же консультация жана түшүндүрмө берүүдөн баш тартса же качса, же техникалык жардам көрсөтпөсө, анда ага ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып салынышы мүмкүн.
47-берене. Адистин укуктары жана милдеттери
1. Адис өзүнүн сотко чакырылышынын максатын билүүгө; эгерде ал тиешелүү билимдерге жана көндүмдөргө ээ болбосо, административдик процесске катышуудан баш тартууга; соттун уруксаты менен ишке катышкан адамдарга суроо берүүгө; эгерде бул анын кызматтык милдеттерине кирбесе, аткарган иши үчүн акы алууга; сотко чакыруу менен байланышкан чыгымдарына компенсация алууга укуктуу.
2. Адис соттун чакыруусу боюнча келүүгө; ишти териштирүүгө катышууга; илим, техника, көркөм өнөр же кол өнөрчүлүк жаатындагы билимдерине жана көндүмдөрүнө таянуу менен өз пикирин айтууга; сот койгон суроолорго жооп берүүгө; оозеки жана жазуу жүзүндөгү консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө; далилдердин мүнөздүү жагдайларына же өзгөчөлүктөрүнө соттун көңүлүн бурууга; зарыл болгон учурда сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
48-берене. Котормочу
1. Которуу үчүн зарыл тилдерди билген, билимдерге ээ болгон жана ушул Кодексте каралган учурларда сот тарабынан дайындалган адам котормочу болуп саналат.
2. Котормочу процесстин катышуучулары тарабынан сунуш кылынгандардын ичинен дайындалышы мүмкүн. Процесстин башка катышуучулары, алар которуу үчүн зарыл тилдерди билишсе да, котормочунун милдетин өздөрүнө алууга укуксуз.
3. Котормочу соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана которууну толук, туура жана өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттүү.
4. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.
5. Бул берененин эрежелери дудуктун же дүлөйдүн (сурдокотормочунун) белгилерин түшүнгөн жана ишти териштирүүгө катышууга чакырылган адамга жайылтылат.
49-берене. Күбө
1. Сот талаш-тартышты чечиши үчүн маанилүү болгон маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон кандай болбосун адам күбө боло алат.
2. Күбө соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана иш боюнча өзүнө белгилүү болгон маалыматтар жана жагдайлар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
3. Билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы үчүн күбө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.
6-глава. Далилдер
50-берене. Далилдер Административдик процесстин катышуучуларынын талаптары жана каршы пикирлери негизделген фактылар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ишти соттук териштирүүдө мааниси бар башка фактылар жөнүндө маалыматтар административдик иш боюнча далилдер болуп саналат. Далил катары ишке катышкан тараптардын түшүндүрмөлөрүнө жана күбөлөрдүн көргөзмөлөрүнө, анын ичинде видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу жолу менен алынган, ошондой эле жазуу жана буюм түрүндөгү далилдерге, аудио жана видео жазууларга, эксперттердин корутундуларына жол берилет. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-берене. Далилдөө милдети
1. Сотто даттанылып жаткан актынын, аракеттин (аракетсиздиктин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети ушундай актыны кабыл алган же ушундай аракетке (аракетсиздикке) жол берген жоопкерге жүктөлөт.
Жоопкер административдик актыны кабыл алууга себепчи болгон негиздерге гана таяна алат. Доогер өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык далилдерди чогултууга катышат.
2. Айрым аракеттерди жасоого жоопкерди милдеттендирүү жөнүндө талап боюнча ушундай аракетти жасоону зарыл кылган иш жүзүндөгү шарттардын бар экендигин далилдөө милдети арыз ээсине жүктөлөт.
Эгерде жоопкер ушундай аракеттерди жасоону жокко чыгарган иш жүзүндөгү шарттардын бар экенине таянса, мындай шарттарды далилдөө боюнча милдет жоопкерге жүктөлөт.
3. Жоопкер өзү таянган кырдаалдарды өзүнүн каршы пикирлеринин негиздемеси катары далилдөөгө тийиш.
4. Эгерде административдик процесстин катышуучулары берген далилдер жетишсиз болуп саналса, сот аларды өз демилгеси боюнча чогултат.
52-берене. Далилдердин таандыктыгы
1. Сот сунуш кылынган далилдердин ичинен иш үчүн мааниси барларды гана кабыл алат.
2. Эгерде жак күбөнү чакыруу жөнүндө, башка далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнсө же аларды берсе, ал иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар ушул далилдер менен белгилениши мүмкүн экенин көрсөтүүгө милдеттүү.
53-берене. Далилдердин жол берилиши Мыйзам боюнча далилдердин айрым каражаттары менен ырасталууга тийиш болгон иштин жагдайлары далилдөөнүн эч кандай башка каражаты менен ырасталышы мүмкүн эмес.
54-берене. Далилдөөдөн бошотуунун негиздери
1. Сот тарабынан жалпыга белгилүү деп таанылган факт далилдөөгө муктаж эмес.
2. Соттун күчүнө кирген чечиминин резолюциялык бөлүгүндө белгиленген фактыны административдик ишти кароодо кайрадан далилдөө талап кылынбайт.
Соттун күчүнө кирген чечиминин жүйөлөштүрүлгөн бөлүгүндө белгиленген фактыны процесстин жүрүшүндө мурдагы эле катышуучулар катышкан административдик ишти кароодо кайрадан далилдөө талап кылынбайт.
3. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн сот административдик ишти кароодо белгилүү бир иш-аракеттерди жана аларды жасаган жактарды аныктаган фактылар боюнча гана аткарууга милдеттүү.
4. Сот аларды далилдөө зарыл деп эсептеген учурду кошпогондо, каршы тарап талашпаган фактылар, далилдөөгө муктаж эмес.
5. Мыйзам менен белгиленген деп эсептелген факт, ишти кароодо далилдөөгө муктаж эмес.
55-берене. Далилдерге баа берүү
1. Сот иште болгон далилдерди калыс, ар тараптан, объективдүү жана толугу менен карап чыгууга негизделген өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдердин жыйындысында мыйзамды жетекчиликке алуу менен далилдерге берет.
2. Сот үчүн эч кандай далил алдын ала белгиленген күчкө ээ болбойт.
3. Соттун чечиминде эмне үчүн сот башкаларга салыштырганда, айрым далилдерге артыкчылык бергендиги жана айрым фактыларды - далилденди, ал эми башкаларын далилденген жок деп тапкандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.
56-берене. Далилдерди камсыз кылуу
1. Өздөрү үчүн далилдерди берүү мүмкүн эмес же кыйын деп кооптонууга негизи бар болгон процесстин катышуучулары соттон бул далилдерди камсыз кылуу жөнүндө өтүнө алат.
2. Сотто иш келип чыкканга чейин далилдерди камсыз кылуу нотариус же консулдук мекемелердин кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
57-берене. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз
1. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арыз далилдерди камсыз кылуу боюнча процесстик аракеттер ишинин аймагында жасалууга тийиш болгон сотко берилет. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арызда камсыз кылынууга тийиш болгон далил, ырастоо үчүн бул далилдер зарыл болгон кырдаалдар, камсыз кылуу жөнүндө өтүнмө менен кайрылууга арыз ээсин түрткөн себептер, ошондой эле ал үчүн камсыз кылынуучу далилдер зарыл болгон иш көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Далилдерди камсыз кылуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
58-берене. Далилдерди камсыз кылуу жөнүндө арызды карап чыгуу тартиби
1. Далилдерди камсыз кылуу ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча судья тарабынан жүргүзүлөт.
2. Протоколдор жана далилдерди камсыз кылуу тартибинде чогултулган бардык материалдар процесстин катышуучуларына кабарландыруу менен ишти карап жаткан сотко берилет.
3. Эгерде далилдерди камсыз кылуу иш каралып жаткан сотто орун албаса, анда ушул Кодекстин 59-беренеси колдонулууга жатат.
59-берене. Соттук тапшырмалар
1. Эгерде ишти карап жаткан соттун башка шаарда же райондо турган далилдерди чогултууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал тиешелүү сотко айрым процесстик иш-аракеттерди аткарууну тапшырат.
2. Соттук тапшырма жөнүндө аныктамада каралып жаткан иштин маңызы кыскача баяндалат жана аныкталууга жаткан жагдайлар жана тапшырманы аткаруучу сот тарабынан чогултула турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама даректелген сот үчүн милдеттүү жана сот аны соттук тапшырманы алган күндөн тартып он беш күндүк мөөнөттө аткарат.
3. Соттук тапшырмаларды аткаруу соттук жыйналышта ушул Кодексте белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Административдик процесстин катышуучулары жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат. Бул жактардын келбей калышы тапшырманы аткарууга тоскоолдук боло албайт.
4. Тапшырмаларды аткарууда чогултулган протоколдор жана иштин башка материалдары ишти карап жаткан сотко үч күндүк мөөнөттө жиберилет.
60-берене. Административдик процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү
1. Талаптары же каршы пикирлери негизделген фактылар жөнүндө маалыматтарды камтыган административдик процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү, эгерде алар башка текшерилген же бааланган далилдер менен ырасталса, далилдер катары таанылат.
Эгерде башка тарап далилди өзүндө кармап турса жана соттун талабы боюнча көрсөтпөй жатса, сот бир тараптын билдирген түшүндүрмөлөрүнүн негизинде иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныкталды деп эсептей алат.
2. Эгерде административдик процесстин бир катышуучусу административдик процесстин башка катышуучусунун өзүнүн талаптарын же каршы пикирлерин негиздеген фактыны мойнуна алса, эгерде сотто таануу алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун же адаштыруунун таасири алдында же чындыкты жашыруу максатында болгонунан шектенүүлөр пайда болбосо, сот мындай фактыны далилденген деп тааный алат. Фактыны таануу соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет жана фактыны тааныган тарап кол коет. Эгерде таануу жазуу жүзүндөгү арызда баяндалса, ал ишке тиркелет.
61-берене. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү
1. Күбөнүн иштин чечилиши үчүн мааниси бар маалыматтар жана жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрү күбөнүн көрсөтмөлөрү болуп саналат.
2. Эгерде күбөнүн көрсөтмөлөрү булагы белгисиз маалыматтарга негизделсе, алар далил боло албайт. Эгерде күбөнүн көрсөтмөлөрү башка жактар тарабынан билдирилген маалыматтарга негизделсе, анда ал жактар суракка алынууга тийиш.
62-берене. Күбө боло албай турган адамдар
1. Төмөнкүлөр күбө катары суралышы мүмкүн эмес:
1) жарандык иш боюнча өкүлдөр же жазык иши боюнча коргоочулар - аларга өкүлдүн же коргоочунун милдеттерин аткарышкандыгына байланыштуу белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө;
2) судья - чечим чыгаруу учурунда келип чыккан маселелерди кеңешүүчү бөлмөдө талкуулоонун кырдаалдары жөнүндө;
3) өзүнүн жаш курагынан, дене бой же психикалык кемчиликтеринен улам фактыларды туура кабылдоого жана алар жөнүндө туура көрсөтмөлөрдү берүүгө жөндөмсүз болгон адамдар;
4) диний кызматкерлер - аларга күнөөсүн айтып кечирим суроодо белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.
2. Күбө көрсөтмөлөрүн берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр укуктуу:
1) жаран - өзүнө-өзү каршы;
2) жубайы - жубайына каршы;
3) балдар - ата-энелерине каршы жана ата-энелер балдарына каршы;
4) бир туугандар - бири-бирине каршы;
5) чоң ата, чоң эне - неберелерине каршы жана неберелер - чоң ата, чоң энелерине каршы;
6) бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттары - депутаттык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, аларга белгилүү болуп калган маалыматтар жагынан.
7) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ошондой эле ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери - өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болуп калган жагдайлар жөнүндө.
3. Сот төмөнкүдөй маалыматтар жагынан күбө көрсөтмөлөрүн берүү милдетинен бошото алат:
1) тизмеги мыйзамда аныкталган мамлекеттик сырды түзгөн;
2) мыйзамдарда каралган учурларда коммерциялык же башка сырды түзгөн.
4. Күбөнү чакыруу жөнүндө өтүнмө кылган жак иш үчүн мааниси бар кандай жагдайларды күбө ырастай аларын жана анын фамилиясын, аты-жөнүн жана жашаган жерин маалымдоого милдеттүү.
5. Күбө өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жана кырдаалдарды оозеки билдирет. Соттун сунушу боюнча күбө өзүнүн көрсөтмөлөрүн жазуу жүзүндө баяндай алат.
(КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы №204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
63-берене. Күбөнүн милдеттери, жоопкерчилиги жана укуктары
1. Күбө катары чакырылган адам сотко келүүгө жана өзүнө белгилүү жагдайлар тууралуу чын көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Күбө соттун жана административдик процесстин катышуучуларынын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.
Эгерде күбө оорусунан, карылыгынан, майыптыгынан же башка жүйөлүү себептерден улам соттун чакыруусу боюнча келе албаса, ал өзү турган жерде сот тарабынан суралышы мүмкүн.
2. Билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени жана көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартканы үчүн күбө мыйзамга ылайык жазык жоопкерчилигин тартат.
3. Күбө соттун чакыруусу боюнча жүйөсүз себепсиз келбей калган учурда, сот ушул Кодекстин 96, 97-беренелеринде каралган тартипте жана өлчөмдө процесстик мажбурлоо чараларын көрө алат.
64-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдер
1. Актылар, документтер, келишимдер, маалымкаттар, ишкер кат жазышуу, жеке мүнөздөгү каттар, иш үчүн мааниси бар жагдайлар жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер жана материалдар, анын ичинде факсимилдик, электрондук же башка байланыш, же болбосо алардын ишенимдүүлүгүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү башкача ыкма менен алынган документтер, материалдар жазуу жүзүндөгү далилдер болуп саналат.
2. Жазуу жүзүндөгү далилдер түп нускада же талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө берилет. Эгерде каралып жаткан ишке документтин бир гана бөлүгүнүн тиешеси болсо, андан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө берилет. Түп нускадагы документтер мыйзамдарга же башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштин жагдайы мына ушундай гана документтер менен ырасталууга тийиш болгондо, ошондой эле башка зарыл учурларда соттун талабы боюнча берилет.
3. Ишке катышкан жак тарабынан сотко көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү далилдердин көчүрмөлөрү ишке катышкан, андай көчүрмөлөрү болбогон башка катышуучуларга жиберилет (тапшырылат).
4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте легалдаштырылган же апостирленген болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил катары таанылат.
Чет өлкөлүк расмий документтер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларда, сотто алар легалдаштырбастан же апостирленбестен жазуу жүзүндөгү далилдер катары таанылат.
65-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди чогултуу тартиби
1. Сот алдында ишке катышкан же катышпаган жактардан жазуу жүзүндөгү далилдерди талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жак, ал далилдерди белгилөөсү, аны өз алдынча алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерди жана далилдер тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеп жаткан негиздерин көрсөтүшү керек.
2. Сот тарабынан жарандардан жана уюмдардан талап кылынып жаткан жазуу жүзүндөгү далилдер түздөн-түз сотко жиберилет.
3. Сот жазуу жүзүндөгү далилди талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жакка ал далилди кийин сотко алып келүү үчүн аны алууга укук берген аныктама бере алат.
66-берене. Буюм далилдери
1. Өзүнүн сырткы көрүнүшү, өзгөчө белгилери же бар болушу, жайгашкан орду же башка белгилери менен иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоочу каражат катары кызмат кыла алган предметтер буюм далилдери болуп саналат.
2. Буюм далилин берген же аны талап кылуу жөнүндө өтүнмө берген жак, бул далил менен иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар аныкталышы мүмкүн экенин көрсөтүүгө милдеттүү.
67-берене. Буюм далилдерин талап кылуунун жана берүүнүн тартиби
1. Сот алдында далил катары кандайдыр бир буюмду ишке катышкан же катышпаган жактардан талап кылууга өтүнмө берген жак бул буюмду кеңири сыпаттап жазууга жана аны алууга тоскоолдук кылып жаткан себептерин жана буюм тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеп жаткан негиздерин көрсөтүүгө тийиш.
2. Жарандардан же уюмдардан сот тарабынан талап кылынууга буюм далилдери түздөн-түз сотко жеткирилет.
3. Сот буюм далилдерин талап кылуу тууралуу өтүнмө берген жакка ал далилди кийин сотко берүү үчүн алууга укук берген аныктаманы бере алат.
68-берене. Буюм далилдерин сактоо
1. Буюм далилдери иште сакталат же өзгөчө тизмелөө боюнча соттун буюм далилдерин сактоочу камерасына тапшырылат.
2. Сотко берүүгө мүмкүн болбогон буюмдар турган жеринде сакталат. Алар кеңири сыпатталып жазылууга, ал эми зарыл болгон учурда сүрөткө тартылып жана мөөр басып бекитилүүгө тийиш.
3. Сот жана сактоочу буюмдарды өзгөрбөгөн абалда сактоо үчүн чараларды көрөт. Сактоочу буюмдардын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Буюм далилдерин сактоо боюнча чыгымдар ушул Кодекстин 89-91-беренелерине ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
69-берене. Жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин алардын турган жери боюнча кароо жана иликтөө
1. Сотко жеткирүү мүмкүн болбогон же татаал болгон жазуу жүзүндөгү же буюм далилдери алар турган жерде же сот аныктаган башка жерде каралат жана иликтенет. Кароону же иликтөөнү жүргүзүү жөнүндө сот жеринде аныктама чыгарат.
2. Далилдерди кароо же иликтөө убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү кабарланат. Жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин кароо убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланбаган көрсөтүлгөн жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн келбей калышы кароону жана иликтөөнү жүргүзүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Зарыл учурларда жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин кароодо жана иликтөөдө күбөлөр, эксперттер, адистер жана котормочулар чакыртылышы мүмкүн.
4. Жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин жеринде кароонун жана иликтөөнүн натыйжалары ушул Кодекстин 197 жана 198-беренелеринде белгиленген тартипте протоколго киргизилет. Протоколго карап чыгуу учурунда түзүлгөн жана текшерилген пландар, схемалар, чиймелер, эсептер, документтердин көчүрмөлөрү, кароо учурунда жасалган аудио, -видео жазуулары бар булактар, жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдеринин фото сүрөттөрү, ошондой эле эксперттин корутундусу жана адистин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү тиркелет.
5. Тез бузулуучу буюм далилдерин кароо жана иликтөө алар турган жерде ушул беренеде каралган тартипте, токтоосуз жүргүзүлөт.
70-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди кайра кайтаруу
1. Иште болгон жазуу жүзүндөгү далилдер бул далилдерди берген жактардын өтүнмөсү боюнча соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аларга кайра кайтарылышы мүмкүн. Мында жазуу жүзүндөгү далилдин судья күбөлөндүргөн көчүрмөсү иште калтырылат.
2. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жазуу жүзүндөгү далилдер, эгерде сот аларды кайра кайтаруу талаш-тартыштарды туура чечүүгө зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, берген жактарга кайра кайтарылышы мүмкүн.
71-берене. Буюм далилдерин кайра кайтаруу
1. Буюм далилдери соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, алар алынган жактарга кайрылып берилет же сот бул буюмдарга укугун тааныган жактарга өткөрүлүп берилет же сот тарабынан аныктаган тартипте сатылып өткөрүлөт.
2. Мыйзам боюнча жарандардан ээлигинде турушу мүмкүн болбогон буюмдар тиешелүү уюмдарга өткөрүлүп берилет.
3. Айрым учурларда буюм далилдери сот тарабынан карап чыккандан жана иликтенгенден кийин, эгерде алар алынган жактар аны кайрып берүүгө өтүнмө беришсе жана эгерде мындай өтүнмөнү ишти кароо үчүн зыян келтирбестен канааттандырууга мүмкүн болсо, иш аяктаганга чейин аларга кайтарып берилиши мүмкүн.
72-берене. Аудио жана видео жазуу
1. Электрондук же башка булакта аудио же видео жазууну берген же болбосо аларды талап кылуу жөнүндө өтүнмө жасаган жак жазуу качан, ким тарабынан жана кандай шарттарда жүзөгө ашырылганын көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Аудио же видео жазууну талап кылуу жөнүндө өтүнмө кылган жак аларды өз алдынча алууга тоскоолдук кылган себептерди, ошондой эле аудио же видео жазуулар тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеген негиздерин көрсөтүүгө тийиш.
3. Сот тарабынан жарандардан же юридикалык жактардан талап кылынган аудио же видео жазуулар түздөн-түз сотко берилет.
4. Сот аудио же видео жазууну талап кылуу тууралуу өтүнмө кылган жакка жазууларды кийин сотко алып келүү үчүн аны алууга укук берген суроо-талапты бере алат.
5. Мындай жазууга мыйзам тарабынан жол берилген учурларды кошпогондо, жашыруун жолдор менен алынган аудио же видео жазуу, далил катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.
73-берене. Аудио жазууларды жана видео жазууларды сактоо жана кайра кайтаруу
1. Аудио жазуулар жана видео жазуулар соттун буюм далилдерди сактоочу камерасында сакталат. Сот аларды өзгөрүүсүз абалда сактоо үчүн чараларды көрөт.
2. Аудио жазуулар жана видео жазуулар соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, алар алынган жакка же уюмга кайтарып берилет. Эгерде сот аларды кайра кайтаруу талаш-тартыштын туура чечилишине зыянын тийгизбейт деген тыянакка келсе, аларды берген жактарга кайтарылып берилиши мүмкүн соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин аудио жазуулар жана видео жазуулар.
3. Аудио жазууларды жана видео жазууларды алып жүрүүчүлөрдү кайтарып берүү маселеси боюнча сот аныктама кабыл алат.
74-берене. Сотко далилдерди берүү милдети
1. Сот талап кылган далилдерди өзүндө кармап турган жана аны соттун талабы боюнча бербеген тарапка карата анда камтылган маалыматтар бул тараптын кызыкчылыктарына каршы багытталган жана ал тарабынан таанылат деп болжонот.
2. Эгерде сот далилдерди талап кылган жактын аны дегеле берүү же сот белгилеген мөөнөттө берүү мүмкүнчүлүгү болбосо, ал бул жөнүндө далилдерди талап кылуу жөнүндө аныктаманын жана (же) суроо-талаптын көчүрмөсүн алган күндөн тартып беш күндүн ичинде сотко кабарлоого жана талап кылынган далилдин берилиши мүмкүн болбогон себептерди көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Далилдерди дегеле берүү же сот белгилеген мөөнөттө берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сотко кабарлабаган учурда же сот жүйөсүз деп тапкан себептер боюнча сот талап кылган далилдерди берүү милдетин аткарбаган учурда, далил талап кылынган жакка сот тарабынан ушул Кодекстин 96-беренесинде белгиленген тартипте жана өлчөмдө соттук айып салынат.
4. Соттук айыпты салуу талап кылынган далил турган жакты далилди сотко берүү милдетинен бошотпойт.
75-берене. Экспертизаны дайындоо
1. Ишти кароодо пайда болгон атайын билимди талап кылуучу суроолорду түшүндүрүү үчүн сот тараптардын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча экспертиза дайындайт. Зарыл болгон учурда бир нече эксперт дайындалышы мүмкүн.
2. Эксперт катары корутунду берүү үчүн зарыл билимдерге ээ болгон, иштин жыйынтыгына кызыкдар эмес кандай болбосун адам тартылышы мүмкүн. Ишке катышкан жактар соттон эксперт катары компетенттүү конкреттүү адамды дайындоону өтүнүүгө укуктуу.
3. Ишке катышкан ар бир жак сотко суроолорду берүүгө укуктуу, аларды эксперт түшүндүрүүгө тийиш. Эксперт корутунду берүүсү тийиш болгон маселелердин биротоло чөйрөсү сот тарабынан аныкталат. Сунуш кылынган суроолордун четке кагылышын сот жүйөлөштүрүүгө милдеттүү.
4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан учурда (экспертизага келбей коюу, эксперттерге изилдөө үчүн зарыл болгон предметтерди бербей коюу жана д.у.с.) иштин жагдайы боюнча ушул тараптын катышуусусуз экспертизаны жүргүзүүгө мүмкүн болбосо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн кандай мааниге ээ экендигине жараша аныктоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны белгиленди же төгүнгө чыгарылды деп таанууга укуктуу.
76-берене. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама
1. Экспертизаны дайындоо жөнүндө сот аныктама кабыл алат.
2. Сот экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктамада соттун аталышын, экспертиза дайындоонун убактысын, ордун, ырастоо же төгүнгө чыгаруу үчүн экспертиза дайындалып жаткан фактыларды, экспертизанын аталышын, эксперттин алдына коюлган маселелерди, эксперттин фамилиясын, аты-жөнүн же болбосо экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышын, экспертке жөнөтүлүүчү материалдарды, экспертиза өткөрүлүүгө тийиш болгон мөөнөттү көрсөтөт.
3. Аныктамада ошондой эле корутунду берүүдөн баш тартканы үчүн, ошондой эле билип туруп жалган корутунду бергени үчүн экспертке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилиги тууралуу судья же болбосо экспертизаны бул мекеменин кызматкери өткөрүп жаткан учурда, анын жетекчиси тарабынан эскертилет.
77-берене. Экспертиза жүргүзүү тартиби
1. Экспертиза адистештирилген эксперттик мекемелердин кызматкерлери же болбосо эксперттер катары сот тарабынан дайындалган башка адистер тарабынан жүргүзүлөт.
2. Сот билимдин ар кыл тармактарынан бир нече экспертти дайындай алат. Эксперттер өз ара кеңешүүгө укуктуу.
3. Эгерде эксперттер бир тыянакка келишсе, алар бир корутундуга кол коет. Башка эксперттер менен макул болбогон эксперттер өзүнчө корутунду беришет. Эгерде бул изилдөөлөрдүн мүнөзүнө жараша зарыл болсо же болбосо изилдөө үчүн материалдарды сотко алып келүү мүмкүн болбосо же татаал болсо, экспертиза сотто же соттон тышкары жерде жүргүзүлөт.
4. Экспертиза эксперттик мекемеде жүргүзүлгөн учурда экспертиза үчүн жоопкерчиликти конкреттүү эксперт же бул мекеменин жетекчиси тарабынан эксперттик изилдөөнү жүргүзүү тапшырылган эксперттер тартышат.
78-берене. Эксперттин милдеттери менен укуктары
1. Эксперт болуп дайындалган адам соттун чакыруусу боюнча келүүгө жана ага коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү.
2. Эксперт бул корутунду берүү үчүн зарыл болгондуктан, иштин материалдары менен таанышууга, ишти соттук териштирүүгө катышууга, суроолорду берүүгө, өзүнө кошумча материалдарды берүү жөнүндө соттон өтүнүүгө укуктуу.
3. Эгерде өзүнө берилген материалдар жетишсиз болсо же өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл билимге ээ болбосо, эксперт корутунду берүүдөн баш тарта алат.
79-берене. Эксперттин корутундусу
1. Эксперт өзүнүн корутундусун жазуу жүзүндө берет.
2. Эксперттин корутундусу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн кеңири сыпаттамасын, алардын негизинде чыгарылган тыянактарды, сот койгон суроолорго негиздүү жоопторду камтууга тийиш. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө ага берилбеген суроолор боюнча, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктаса, ал бул жагдайлар тууралуу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.
3. Эксперттин корутундусу соттук жыйналышта иликтенет жана сот тарабынан башка далилдер менен бир катарда бааланат жана сот үчүн күн мурунтан белгиленген күчкө ээ эмес. Эксперттин корутундусуна соттун макул болбогондугу иш боюнча чечимде же аныктамада жүйөлөнүүгө тийиш.
80-берене. Кошумча жана кайра экспертизалар
1. Эксперттин корутундусу жетиштүү айкын же толук болбогон учурда сот кошумча экспертизаны дайындай алат, аны жүргүзүү ошол эле же башка экспертке тапшырылат.
2. Эгерде сот эксперттин корутундусуна негизсиз жүйө катары макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттин корутундуларынын ортосунда карама-каршылык болгон учурда кайрадан экспертиза дайындайт. Кайрадан экспертиза жүргүзүү башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылат.
Кайра экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада мурдагы экспертизанын натыйжаларына макул болбогон жүйөлөр көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Кошумча жана кайра экспертиза ушул Кодекстин 78-80-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
81-берене. Комиссиялык экспертиза
1. Комиссиялык экспертиза бир нече эксперт тарабынан жүргүзүлөт. Ал олуттуу көлөмдөгү тажрыйба жана изилдөө иш-аракеттерин жүргүзүүнү талап кылган татаал эксперттик изилдөөлөрдүн өндүрүшү зарыл болгон учурда сот тарабынан дайындалат.
2. Аны жүргүзүүдө эксперттер өз ара кеңешет. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, алар баары бир корутунду түзөт жана ага кол коет.
3. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алардын ар бири пикир келишпестик келип чыккан маселелер боюнча өз-өзүнчө корутунду беришет. Мында сот эксперттерден кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кыла алат же башка эксперттерди дайындай алат.
4. Эксперттердин курамына кирбеген адамдардын толук же жарым-жартылай эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүшүнө жол берилбейт.
82-берене. Комплекстүү экспертиза
1. Эгерде иш боюнча жагдайды аныктоо бир эле убакта билимдин ар түрдүү тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын чегинде илимдин ар түрдүү багыттарын пайдалануу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылса, сот тарабынан комплекстүү экспертиза дайындалат. Комплекстүү экспертиза бир нече экспертке тапшырылат.
2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү, кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрүн камтыган бөлүгүнө жана жалпы тыянакка кол коёт. Эксперттердин пикирлери келишпеген учурда изилдөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн эрежелери боюнча жол-жоболоштурулат.
7-глава. Соттук чыгымдар
83-берене. Соттук чыгымдар Соттук чыгымдар мамлекеттик алымдан жана ишти сотто кароо менен байланышкан чыгымдардан турат.
84-берене. Мамлекеттик алым
1. Доогерлер, жоопкерлер, үчүнчү жактар мамлекеттик алым төлөөчүлөр болуп саналат.
2. Мамлекеттик алым сотко берилүүчү төмөнкүлөрдөн алынат:
1) административдик доолордон;
2) апелляциялык даттануулардан;
3) кассациялык даттануулардан;
4) административдик иштин материалдарынын көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө арыздардан.
3. Мамлекеттик алымдын ставкалары, аны төлөөнүн жана кайтарып берүүнүн тартиби мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
4. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда процесстин катышуучулары мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.
85-берене. Ишти карап чыгуу менен байланышкан чыгымдар Ишти карап чыгуу менен байланышкан чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
1) күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу жана соттук экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар;
2) далилдерди жеринде карап чыгуу жана ишти кароо үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасоо менен байланышкан чыгымдар;
3) ишти кароого байланыштуу тараптар тарткан почта чыгымдары;
4) сот тааныган башка зарыл чыгымдар.
86-берене. Өкүлдүн юридикалык жардамга чыгымдары
1. Чечим анын пайдасына чыккан тарапка сот анын арызы боюнча башка тараптан өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча тарткан чыгымдарын акылга сыярлык чектерде жана, эгерде бул тараптан тиешелүү арыз келип түшкөн болсо, конкреттүү жагдайларды эске алуу менен ыйгарат.
2. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардамды берүүнүн алкагында берилүүчү өкүлдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө мыйзамда каралган тартипте жана учурларда акы төлөнөт.
87-берене. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу жана соттук экспертизаны жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар
1. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга жол кире жана турак жай жалдоо боюнча чыгымдар, алар сотко келгендигине байланыштуу тарткан чыгымдар, ошондой эле суткалык акы төлөнөт.
2. Эгерде бул иш алардын мамлекеттик же муниципалдык мекемелердеги кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбесе, эксперттер жана адистер соттун тапшырмасы боюнча өздөрү аткарган иш үчүн, сыйакы алат, сыйакынын өлчөмү процесстин катышуучуларынын пикирин эске алуу менен жана эксперттер жана адистер менен макулдашуу боюнча аныкталат.
3. Котормочунун эмгегине акы төлөө жана анын сотко келүүсүнө байланышкан чыгымдарын төлөө котормочу анын кызыкчылыктарында чакырылган процесстин катышуучусунун же бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
4. Сотко күбө катарында чакырылган иштеген жарандарга күбөнүн милдеттерин аткарууга иш жүзүндө коротулган убактысына жана алардын орточо айлык акысына таянуу менен акчалай компенсация төлөнөт. Сотко күбө катары чакырылган иштебеген жарандарга күбөнүн милдеттерин аткарууга иш жүзүндө коротулган убакытка жана мыйзамдарда белгиленген эмгек акынын минималдуу өлчөмүнө таянуу менен акчалай компенсация төлөнөт.
88-берене. Далилдерди жеринде кароону жүргүзүү жана ишти кароо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасоо менен байланышкан чыгымдар
1. Далилдерди жеринде кароону жүргүзүү жана ишти кароо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасоо менен байланышкан чыгымдарды бул иш-аракеттерди жасоо жөнүндө өтүнмө кылган тарап тартат. Эгерде тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө өтүнмөнү эки тарап тең берсе, алардын чыгымдарын эки тарап бирдей тартат.
2. Эгерде далилдерди жеринде кароону жүргүзүү жана ишти кароо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасоо соттун демилгеси боюнча жүзөгө ашырылса, тиешелүү чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен компенсацияланат.
89-берене. Соттук чыгымдарды бөлүштүрүү
1. Эгерде соттук чечим административдик орган болуп саналбаган тараптын пайдасына кабыл алынса, сот өзү жүзөгө ашырган документтер менен ырасталган бардык соттук чыгымдарды мамлекеттик бюджеттен ыйгарат.
2. Эгерде соттук чечим - тараптын административдик органдын пайдасына кабыл алынса, сот административдик орган тарабынан жүзөгө ашырылган документтер менен ырасталган, күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу, соттук экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан бардык соттук чыгымдарды башка тараптан ыйгарат.
3. Эгерде административдик доо жарым-жартылай канааттандырылса, доогер тарабынан жүзөгө ашырылган соттук чыгымдар канааттандырылган талаптарга ылайык ага, ал эми жоопкерге - канааттандыруудан доогерге баш тартылган талаптардын ошол бөлүгүнө ылайык ыйгарылат.
4. Эгерде апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот административдик ишти жаңыдан кароого болгон кайтарбастан соттук чечимди өзгөртсө же болбосо жаңы чечим кабыл алса, ал тиешелүү түрдө соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнү өзгөртөт.
90-берене. Доогер административдик доодон баш тарткан учурда соттук чыгымдарды бөлүштүрүү Доогер административдик доодон баш тарткан учурда анын тарткан чыгымдарынын орду жоопкер тарабынан толтурулбайт, ал эми жоопкердин чыгымдары, анын арызы боюнча доогер соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулган учурлардан тышкары, доогерден өндүрүлөт. Бирок, эгерде административдик доо берилгенден кийин аны жоопкердин канааттандыруусунан улам доогер административдик доодон баш тартса, анда сот доогердин арызы боюнча анын иш боюнча тарткан чыгымдардын бардыгын жоопкерден ыйгарат.
91-берене. Жарашуу келишимин түзүүдө соттук чыгымдарды бөлүштүрүү Жарашуу келишимин түзүүдө тараптар соттук чыгымдарды бөлүштүрүү тартибин кароого тийиш. Эгерде тараптар соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнүн ушундай тартибин карабаган учурда, сот бул маселени ушул Кодекстин 89-беренесине ылайык чечет.
92-берене. Соттук чыгымдар менен байланышкан маселелер боюнча аныктамаларга даттануу Соттук чыгымдар менен байланышкан маселелер боюнча соттун аныктамасына даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
8-глава. Процесстик мажбурлоо чаралары
93-берене. Процесстик мажбурлоо чараларынын түрлөрү Ушул Кодексте белгиленген учурларда сот процесстик мажбурлоонун төмөнкүдөй чараларын көрө алат:
1) эскертүү;
2) жыйындар залынан чыгарып жиберүү;
3) соттук айып;
4) сотко мажбурлап алып келүү.
94-берене. Эскертүү Ишти соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тартип бузган адамга соттук жыйналышта төрагалык кылуучу эскертүү жарыялайт. Бул тууралуу соттук жыйналыштын протоколунда жазуу жазылат.
95-берене. Жыйындар залынан чыгарып салуу Административдик процесстин катышуучусу күбө, эксперт же котормочу тарабынан тартип бузуу кайталанган учурда соттун аныктамасы менен соттук жыйналыштын протоколуна киргизүү аркылуу ал жыйындар залынан чыгарып жиберилиши мүмкүн. Тартипти бузган башка катышып отурган адамдар сот жыйынында төрагалык кылуучунун оозеки буйругу менен жана алдын ала эскертүүсүз эле чыгарып жиберилиши мүмкүн.
96-берене. Соттук айып пул
1. Сот ушул Кодексте каралган учурларда соттук айып пул салат. Административдик органга эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жетимишке чейинки, административдик органдын кызмат адамына - отуздан элүүгө чейинки, юридикалык жакка - отуздан элүүгө чейинки, жеке жакка - бештен отузга чейинки өлчөмүндө соттук айып пул салынат.
2. Сот процесстин катышуучуларына жана соттук жыйынга катышып олтурган процесстин башка катышуучуларына алар сотко урмат көрсөтпөгөндүгү үчүн соттук айып пул салууга укуктуу. Эгерде жасалган аракеттер жазык жоопкерчилигине алып келбесе, сотко урмат көрсөтпөгөндүгү үчүн соттук айып пул салынат.
3. Жакка соттук айып пул салуу жөнүндө маселе соттук жыйыналышта чечилет.
4. Соттук айып пулду салуу жөнүндө маселени карап чыгуунун натыйжалары боюнча сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат. Соттук айып пул салуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү соттук айып пул салынган жакка токтоосуз тапшырылат же жиберилет.
5. Соттук айып пул салынган жак аныктаманын көчүрмөсүн алгандан кийин он күндүк мөөнөттө соттук айып пул салган сотко аны соттук айып пулду төлөөдөн бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө өтүнмө менен кайрыла алат. Арыз соттук айып пул салынган адамга жыйыналыш жөнүндө алдын ала кабарлоо менен соттук жыйыналышта каралат. Бул адамдын келбей калышы арызды кароого тоскоолдук болбойт.
6. Кызмат адамына салынган соттук айып пулду ал өзүнүн жеке каражаттарынан төлөйт.
7. Соттук айып пулду мажбурлап өндүрүп алуу Жарандык процесстик кодексте жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу барагынын негизинде жүзөгө ашырылат.
97-берене. Мажбурлап алып келүү
1. Сот күбөнү сотко мажбурлап алып келүү жөнүндө аныктама чыгара алат.
2. Бул аныктаманы сот тарабынан көрсөтүлгөн ички иштер органы аткарат.
9-глава. Процесстик мөөнөттөр
98-берене. Процесстик мөөнөттөрдү эсептөө
1. Процесстик иш-аракеттер ушул Кодексте же башка мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жасалат. Процесстик мөөнөттөр мыйзамдарда белгиленбеген учурларда, алар сот тарабынан дайындалат.
2. Процесстик иш-аракеттерди аяктоо үчүн мөөнөттөр сөзсүз боло турган окуя көрсөтүлгөн так календардык дата же мезгил менен аныкталат. Кийинки учурда иш-аракеттер бүткүл мезгил бою жасалышы мүмкүн.
3. Жылдар, айлар же күндөр менен эсептелген процесстик мөөнөттүн өтүшү календардык датадан же башталышы аныкталган окуя болгон күндөн кийинки күнү башталат.
99-берене. Процесстик мөөнөттөрдүн аякташы
1. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн тиешелүү айда жана акыркы айдын күнүндө бүтөт. Эгерде ай менен эсептелүүчү мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туура келсе, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.
2. Мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туура келген учурда, андан кийинки жакынкы жумушчу күн мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.
3. Аткаруу үчүн мөөнөтү белгиленген процесстик иш-аракет мөөнөттүн акыркы күнүндөгү саат жыйырма төрткө чейин аткарылууга тийиш. Эгерде даттануу, документтер же болбосо акчалай суммалар байланыш органына мөөнөттүн акыркы күнүндөгү саат жыйырма төрткө чейин тапшырылган болсо, анда мөөнөтү өтүп кетти деп эсептелбейт.
4. Эгерде процесстик иш-аракет түздөн-түз сотто же башка уюмда өтө турган болсо, анда мөөнөт бул уюмдарда белгиленген эреже боюнча жумуш аяктаган же тиешелүү операциялар токтогон саатта бүтөт.
5. Ушул беренеде каралган процесстик мөөнөттөрдү эсептөө тартиби сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен сотко берилүүчү документтерге дагы жайылтылат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
100-берене. Процесстик мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн кесепеттери
1. Процесстик иш-аракеттерди жасоо укугу мыйзамда белгиленген же сот дайындаган мөөнөттүн бүтүшү менен жоюлат.
2. Эгерде өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө билдирилбесе, процесстик мөөнөт аяктагандан кийин берилген даттануулар жана документтер алар берилген сот тарабынан каралбайт жана соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен аларды берген адамга кайра кайтарылат. Кайра кайтаруу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
101-берене. Процесстик мөөнөттү токтото туруу
1. Бүтө элек бардык процесстик мөөнөттөрдүн өтүшү иш боюнча өндүрүштү токтото туруу менен бир убакта токтотулуп турат.
2. Өндүрүштү кайра жаңырткан күндөн тартып процесстик мөөнөттөрдүн өтүшү улантылат.
102-берене. Процесстик мөөнөттөрдү узартуу Сот тарабынан дайындалган мөөнөттөр алар бүткөнгө чейин кызыкдар адамдын арызы боюнча соттун аныктамасы менен узартылышы мүмкүн. Сот тарабынан дайындалган мөөнөттүн бүтүшү административдик сот өндүрүшүнүн катышуучусун өзүнө жүктөлгөн процесстик милдеттерди аткаруудан бошотпойт.
103-берене. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, сот тарабынан жүйөлүү деп таанылган себептер боюнча мыйзамда белгиленген мөөнөттү өткөрүп жиберген адамдарга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.
2. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз өткөрүп жиберген мөөнөткө карата зарыл процесстик иш-аракеттерди (даттануу берүү, документтерди көрсөтүү жана д.у.с.) жасоо менен бир убакта биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет жана тиешелүү сот тарабынан соттук жыйналышта каралат.
3. Ишке катышкан адамдар жыйындын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат, бирок алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
4. Процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө же болбосо калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат, ал даттанылышы мүмкүн.
10-глава. Соттук чакыруулар жана кабарлоолор
104-берене. Соттук кабарлоолор
1. Административдик процесстин катышуучулары сот тарабынан соттук жыйналыштын убактысы жана орду же өзүнчө процесстик иш-аракет өткөрүү жөнүндө аныктама менен сот актысынын көчүрмөсүн почта боюнча дарегине тапшыруу жөнүндө кабарландыруу менен тапшырык кат жиберүү аркылуу кабарланат.
Сот административдик процесстин катышуучуларын телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш же электрондук почта боюнча же болбосо байланыштын башка каражаттарын колдонуу менен кабарлай же чакыра алат. Мында берилген тексттин сотто калган жана ишке тиркелген көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берүү датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Эгерде аныктама электрондук почта боюнча жиберилсе, ал көрсөтүлгөн маалыматтык тутумга тапшырылган болуп эсептелет жана бул тууралуу электрондук жазуунун көчүрмөсү менен күбөлөндүрүлөт. Эгерде сот актысынын көчүрмөсү дарек ээсине же анын өкүлүнө түздөн-түз сотто же болбосо алардын турган жери боюнча тапшырылса, мындай тапшыруу кол койдуруу менен жүзөгө ашырылат.
2. Кабарлоолор сот тарабынан ишке катышкан адам көрсөткөн дарек боюнча же болбосо юридикалык жактын турган жери боюнча же жеке жактын жашаган жери боюнча жиберилет. Эгерде мыйзамга ылайык уюштуруу документтеринде башкача белгиленбесе, юридикалык жактын турган жери анын мамлекеттик каттоого алынган жери менен аныкталат.
3. Эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жактар сот тарабынан ушул главада белгиленген эрежелер боюнча кабарланылат.
4. Сот тарабынан сот актыларынын көчүрмөлөрүнүн жиберилгенин жана алар ушул беренеде белгиленген тартипте дарек ээси тарабынан алынганын ырастаган документтер (тапшырылганы жөнүндө кабарлоо, тил кат, башка документтер) иштин материалдарына кошо тиркелет.
5. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай билдирүү болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
105-берене. Кабарлоону кабыл алуудан баш тартуунун кесепеттери
1. Дарек ээси кабарлоону кабыл алуудан баш тартканда, аны жеткирген же тапшырган адам бул тууралуу тапшыруу жөнүндө кабарлоого белги коюу жолу менен баш тартууну каттоого тийиш, ал сотко кайрып берүүгө жатат.
2. Дарек ээсинин кабарлоону кабыл алуудан баш тарткандыгы тууралуу белги дарек ээси жашаган же турган жердеги тиешелүү турак жай-эксплуатациялык уюм, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же анын иштеген жери боюнча администрация тарабынан күбөлөндүрүлөт.
3. Кабарлоону кабыл алуудан баш тарткан адам соттук териштирүүнүн же айрым процесстик иш-аракеттерди жасоонун убактысы жана орду жөнүндө кабарланылды деп эсептелет.
106-берене. Иш боюнча өндүрүш убагында даректин өзгөрүшү Процесстин катышуучулары иш боюнча өндүрүштү жүргүзүү убагында өзүнүн дареги өзгөргөндүгү жөнүндө сотко билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү жок болсо кабарлоо сотко белгилүү болгон акыркы дарек боюнча жиберилет, ал жеткирилди, ал эми процесстин катышуучусу бул дарек боюнча жашабаганына же ал жерде турбаганына карабастан талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет.
107-берене. Талаптагыдай кабарлоо
1. Эгерде соттук жыйыналыштын айрым процесстик иш-аракеттерди өткөрүүнүн башталышына карата сот тарабынан ага жиберилген соттук кабарды дарек ээсинин алгандыгы жөнүндө маалыматы бар болсо, административдик процесстин катышуучулары талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет.
2. Административдик процесстин катышуучулары ошондой эле төмөнкү учурда сот тарабынан талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет:
1) эгерде дарек ээси соттук актысынын көчүрмөсүн алуудан баш тартса жана бул баш тартуу ушул Кодекстин 105-беренесине ылайык катталса;
2) эгерде почталык кабарлоого карабастан дарек ээси сот белгиленген тартипте жиберген сот актысынын көчүрмөсүн алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаган болсо;
3) эгерде сот тарабынан юридикалык жактын турган жеринин, жеке жактын жашаган жеринин сотко белгилүү акыркы орду боюнча жиберилген сот актысынын көчүрмөсү дарек ээсинин көрсөтүлгөн даректе жок болгонуна байланыштуу тапшырылбаса, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса.
4) эгерде сотто сот тарабынан тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же болбосо башка каражаттарды же телекоммуникациялардын түрлөрүн пайдалануу менен кабарлоо жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат болсо.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
III БӨЛҮМ. БИРИНЧИ ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ӨНДҮРҮШ
11-глава. Административдик доо коюу
108-берене. Административдик доо коюу Доо биринчи инстанциядагы сотко административдик доону берүү аркылуу коюлат.
109-берене. Административдик доолордун формалары жана түрлөрү. Доо талаптары
1. Административдик доо сотко жазуу жүзүндө берилет.
2. Административдик доолордун түрлөрү жана алар боюнча доо талаптары:
1) административдик актыны (актыны) жараксыз же жоопкердин аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп толугу менен же болбосо бир бөлүгүн таануу жөнүндө талапты камтыган административдик актыны (актыны) же аракетти талашуу тууралуу доо;
2) жоопкердин административдик актыны кабыл алуу милдети жөнүндө талапты камтыган, жоопкерге оорчулук келтирген же административдик орган тарабынан башка аракеттерди жасабоого милдеттендирген аракеттерди камтыган укуктарды коргоо жөнүндө доо;
3) жоопкердин административдик актыны (акт) кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдеттери жөнүндө талапты камтыган милдеттерди аткаруусу жөнүндө доо;
4) жоопкердин мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыны жараксыз деп таануу жөнүндө талабын камтыган ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө доо;
5) жоопкердин күчүн жоготкон административдик актыны (акт) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө талабын камтыган административдик акт (акт) күчүн жоготкондугунун мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө доо.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
110-берене. Административдик доону берүүнүн мөөнөттөрү
1. Эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе, доо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсү алынган күндөн тартып, же болбосо арыз ээси бул актынын чыгарылгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде сотко берилет.
Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине даттанууда арыздар сотко арыз ээси алардын жасалгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде, ал эми мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аракетсиздигине даттанууда арыздар сотко ал боюнча жооп алынбаган же болбосо арыз ээси аны менен макул болбогон жооп алынган тиешелүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, алардын кызмат адамдарына кайрылган күндөн бир ай өткөндөн кийин үч айдын ичинде берилет.
2. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Административдик органдын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки тартипте даттануу мүмкүн болбогон учурда, аракетке (аракетсиздикке) даттануу доогер аракеттин жасалгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде, ал эми административдик органдын аракетсиздигине - доогер тиешелүү административдик органга кайрылган күндөн тартып отуз жумушчу күн өткөндөн кийин үч айдын ичинде берилет.
4. Мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө доо сотко доогердин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө доогерге белгилүү болгон күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.
5. Административдик акт тарабынан укугу жана (же) кызыкчылыктары козголгон, бирок кызыкдар жак катары административдик жол-жобого тартылбаган жак административдик акт жөнүндө билген же билиши мүмкүн болгон күндөн тартып үч айдын ичинде, бирок ал күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен сотко доо бере алат.
6. Доону берүү мөөнөтүнүн өтүшү ушул Кодексте белгиленген тартипте доону берүү менен токтотулат. Тыныгуудан кийин доону берүүгө мөөнөттүн өтүшү кайрадан башталат. Тыныгууга чейин өткөн убакыт жаңы мөөнөткө кирбейт.
7. Эгерде сот доону кароосуз калтырса, анда доо коюлганга чейин доону берүү мөөнөтүнүн өтүшү жалпы тартипте улантылат. Доо коюлган учурдан тартып жана доону кароосуз калтыруу жөнүндө соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки убакыт доону берүүнүн эскирүү мөөнөтүнө эсептелбейт.
8. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, сот жүйөлүү деп тааныган себептер боюнча доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 28-февралындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
111-берене. Административдик доого карата талаптар
1. Доодо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) доо берилүүчү соттун аталышы;
2) доогердин фамилиясы, аты (аталышы), почта дареги, банктык реквизиттери, электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, ошондой эле анын өкүлүнүн электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, эгерде андайлар бар болсо;
3) жоопкердин аталышы, фамилиясы, аты, кызмат орду жана кызмат адамынын иштеген жери, почта дареги, банктык реквизиттери, электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, ошондой эле анын өкүлүнүн электрондук почтасынын дареги жана мобилдик телефон номери, эгерде андайлар белгилүү болсо;
4) даттанылуучу актынын жана ушул актыны кабыл алган органдын же кызмат адамынын аталышы;
5) административдик органдын же кызмат адамынын даттанылуучу аракетинин (аракетсиздигинин) сыпаттамасы;
6) даттанылуучу акт кабыл алынган, даттанылган иш-аракет жасалган дата;
7) актыга, даттануу тууралуу маалыматтар, талаш-тартышты соттон тышкары тартипте чечүүдөгү аракет (аракетсиздик);
8) даттанылып жаткан акт, аракет (аракетсиздик) жагынан доочунун фактылары жана талаптары;
9) тиркелүүчү документтердин жана материалдардын тизмеги.
2. Административдик доого төмөнкүлөр тиркелет:
1) даттанылуучу акт же анын көчүрмөсү;
2) талаш-тартышты сотко чейинки тартипте чечүүдө административдик даттануу боюнча кабыл алынган административдик органдын чечими;
3) доонун негизи болуп кызмат кылган далилдер;
4) доогер мамлекеттик алымды төлөөдөн мыйзам тарабынан бошотулган учурларды кошпогондо, аны төлөнгөнү тууралуу документ;
5) административдик процесстин башка катышуучуларында болбогон административдик доонун көчүрмөлөрүнүн жана ага тиркелген документтердин административдик процесстин башка катышуучуларына жиберилгенин ырастоочу тапшыруу жөнүндө кабарландыруу же башка документтер;
6) эгерде жазуу жүзүндөгү өтүнмө бар болсо, ал;
7) чет тилдеги документтердин мамлекеттик же расмий тилге белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн котормолору.
3. Доогер өз алдынча көрсөтө албаган далилдерди көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда, ап доодо мындай далилдерди көрсөтүүнүн мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүүгө жана аларды талап кылуу жөнүндө өтүнүүгө укуктуу.
4. Доого ага кол коюунун датасы көрсөтүлүү менен доогер же анын өкүлү тарабынан кол коюлат.
5. Эгерде доо өкүл тарабынан берилсе, анда өкүлдүн фамилиясы, аты-жөнү, анын почта дареги, ошондой эле мобилдик телефонунун номери жана электрондук почтасынын дареги бар болсо, алар көрсөтүлөт. Доо менен бир эле убакта өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ берилет.
6. Административдик доосу сотко сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумуна жайгашкан форманы толтуруу аркылуу да санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
112-берене. Доону өндүрүшкө кабыл алуу
1. Судья доону алгандан кийин төмөнкүлөрдү айкындайт:
1) доо административдик процесстик аракетке жөндөмдүү жак тарабынан берилгенби;
2) өкүл талаптагыдай ыйгарым укуктарга ээби (эгерде доо өкүл тарабынан берилсе);
3) доо ушул Кодекстин 111-беренесинде белгиленген талаптарга жооп береби;
4) доо административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жатабы;
5) талаш-тартышты сотко чейин чечүүнүн мыйзамда белгиленген тартиби сакталганбы;
6) доону кайра кайтаруу же өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу үчүн ушул Кодексте белгиленген башка негиздер жокпу.
2. Эгерде доону кайра кайтаруу же өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер жок болсо, судья доону өндүрүшкө кабыл алат.
3. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселени судья доо соттун өндүрүшүнө келип түшкөн же аны кыймылсыз калтырган учурда доонун кемчиликтерин четтетүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып беш күндүн ичинде кабыл алат.
4. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктамада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) соттун аталышы, доону өндүрүшкө кабыл алган судьянын фамилиясы, аты-жөнү, иштин номери;
2) ким тарабынан жана кимге доо коюлганы;
3) доо талаптарынын мазмуну;
4) эгерде сот өткөрүүнү зарыл деп эсептесе, алдын ала соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду;
5) жоопкерге доого жазуу жүзүндөгү каршы пикирлерин жана өзүндө болгон далилдерди сот тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө берүү сунушу;
6) тараптарга жана үчүнчү жактарга сот тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жөнөкөйлөштүрүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесске макулдук билдирүү тууралуу сунушу.
5. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама кабыл алынгандан кийин анын көчүрмөсү тараптарга, алардын өкүлдөрүнө жана үчүнчү жактарга жиберилет.
113-берене. Доону кабыл алуудан баш тартуу
1. Сот доону кабыл алуудан баш тартат, эгерде:
1) доо административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жатпаса;
2) бир эле тараптардын ортосунда бир эле жүйө жөнүндө же ошол эле негиздер боюнча сот тарабынан чыгарылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же болбосо иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же доону өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы бар болсо;
3) доогер талаш-тартышты чечүүнүн сотко чейинки мыйзамда белгиленген тартибин сактабаса жана ушундай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулса.
4) административдик доо ушул Кодексте же мыйзамда аларга мындай укук каралбаган мамлекеттик бийлик органы, башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, уюм, кызмат адамы же болбосо жаран тарабынан башка жактын, чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн берилсе;
5) административдик доону, арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн административдик иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн аныктоочу ушул Кодекстин ченемдеринде каралган башка негиздер болсо.
2. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама кабыл алат, ал сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга тийиш. Аныктама доогерге ал берген документтерди кайра кайтаруу менен бир убакта тапшырылат же жиберилет.
3. Доону кабыл алуудан баш тартуу доогерге ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча жоопкерге доо менен сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылат. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
114-берене. Доону кыймылсыз калтыруу
1. Сот доо сотко ушул Кодекстин 111-беренесинде баяндалган талаптар (көрсөтүлгөн берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптардан тышкары) сакталбастан берилгендигин белгилеп, доону кыймылсыз калтырат, бул жөнүндө доо берген адамга кабарлайт жана ага кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөт берет, бул жөнүндө аныктама кабыл алат.
2. Эгерде доогер соттун көрсөтмөлөрүнө ылайык жана сот белгилеген мөөнөттө аныктамада саналган талаптарды аткарса, доо сотко алгачкы жолу сунушталган күнү берилди деп эсептелет. Андай болбогон учурда доо берилбеген болуп эсептелет жана ага тиркелген бардык документтер менен доогерге кайра кайтарылат.
115-берене. Доону кайра кайтаруу
1. Сот төмөнкү учурларда доону кайра кайтарат:
1) эгерде доогер талаш-тартышты сотко чейин чечүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин сактабаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;
2) эгерде иш ошол сотко караштуу болбосо;
3) эгерде доо административдик процесстик аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;
4) эгерде доо кызыкдар адамдын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;
5) эгерде ушул эле же башка соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш-тартыш боюнча иш болсо;
6) эгерде административдик доо берүүгө мыйзамда белгиленген мөөнөтү өтүп кеткен, бузулган укуктарын коргоо жөнүндө доосуна аны калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө тиркелбесе, бирок мындай калыбына келтирүүгө мыйзамда жол берилсе;
7) эгерде доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин доогерден доону кайра кайтаруу жөнүндө арыз түшсө;
8) эгерде доону кыймылсыз калтыруу тууралуу аныктамада көрсөтүлгөн кемчиликтерди доогер сот тарабынан берилген мөөнөттө оңдобосо.
2. Сот доону кайра кайтаруу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарат. Аныктамада сот, эгерде иш бул сотко караштуу болбосо доогер кайсыл сотко кайрылууга тийиш экенин же болбосо иш козгоого тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү. Доону кайра кайтаруу жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен доогерге тапшырылууга же жиберилүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурду кошпогондо, доону кайра кайтаруу жөнүндө аныктама, эгерде жол берилген мыйзам бузуулар ал тарабынан четтетилсе, доогердин ошол эле иш боюнча доо менен сотко кайра кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.
4. Доону кайра кайтаруу жөнүндө аныктаманын көчүрмөсү, доо жана ага тиркелген бардык материалдар менен бирге доону берген адамга жиберилет.
5. Доону кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
116-берене. Доону камсыз кылуу
1. Сот доогердин жүйөлөнгөн өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрө алат. Эгерде камсыз кылуу чараларын кабыл албоо соттун чечимин аткарууну кыйындатса же аткарылышын мүмкүн эмес кылса же, эгерде административдик актынын, административдик органдын аракетинин (аракетсиздигинин) укукка жат экендигинин белгилери айкын болсо, сот өндүрүшүнүн кандай болбосун баскычында доону камсыз кылууга жол берилет.
2. Доонун талаптарын камсыз кылуу чаралары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) жоопкерге жана башка жактарга айрым аракеттерди жасоого тыюу салуу;
2) жоопкерге жана башка жактарга айрым аракеттерди жасоо милдетин жүктөө;
3) талашылып жаткан административдик актынын колдонулушун токтото туруу.
117-берене. Доону камсыз кылуунун тартиби
1. Доону камсыз кылуу тууралуу өтүнмө аны алгандан кийинки күндөн кечиктирбестен каралат, жоопкерди жана административдик процесстин башка катышуучуларын кабарландырбастан, аныктама менен чечилет.
2. Жоопкер же процесстин башка катышуучусу кандай болбосун убакта доону камсыз кылуунун бир ыкмасын башкасына алмаштыруу же доону камсыз кылуу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө өтүнмө кылууга укуктуу.
3. Доону камсыз кылуу маселелери боюнча аныктамаларды аткаруу аткаруучу өндүрүш тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Доону камсыз кылуу чараларын кабыл алуу жөнүндө аныктама токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн. Аныктамага даттануу анын аткарылышын токтото албайт.
118-берене. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштыруу
1. Административдик процесстин катышуучусунун арызы боюнча доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштырууга жол берилет.
2. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштыруу жөнүндө маселе соттук жыйналышта чечилет. Ишке катышкан адамдар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланылат, бирок алардын келбей коюшу доону камсыз кылуунун түрүн алмаштыруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.
3. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берүү аныктаманын аткарылышы токтото турат.
119-берене. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу
1. Доону камсыз кылуу процесстин катышуучуларынын арызы боюнча ошол эле сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
2. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе соттук жыйналышта чечилет. Процесстин катышуучулары жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат, бирок алардын келбей калышы доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.
3. Доодон баш тартылган иш боюнча өндүрүш токтотулган же доо кароосуз калтырылган учурда доону камсыз кылуу чаралары сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сакталат. Бирок процесстин катышуучуларынын арызы боюнча сот актысы менен бир эле убакта же анын токтомунан кийин доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгара алат.
4. Доо канааттандырылган аны камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар соттун чечими аткарылганга чейин өзүнүн колдонулушун сактайт.
5. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
120-берене. Жоопкерге доону камсыз кылууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу Доодон баш тартылган камсыз кылуу чаралары кабыл алынган жоопкер же башка жак чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тиешелүү доону коюу жолу менен доогерден, анын өтүнмөсү боюнча кабыл алынган доону камсыз кылуу боюнча чаралардын негизинде өзүнө келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.
12-глава. Даярдоо өндүрүшү
121-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо
1. Доону кабыл алгандан кийин судья ишти өз убагында жана туура чечүүнү камсыз кылуу максатында ишти соттук териштирүүгө карата даярдайт.
2. Ишти соттук териштирүүгө даярдоону доону өндүрүшкө кабыл алган судья жүзөгө ашырат.
3. Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама кабыл алат жана жүргүзүү керек болгон иш-аракеттерди көрсөтөт.
4. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде судья төмөнкү маселелерди чечет:
1) документтерди жана башка материалдарды талап кылып алуу; эгерде жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин сотко алып келүүгө мүмкүн болбосо, аларды жеринде кароону жүргүзүү; экспертизаны дайындоо;
2) процесстин катышуучуларынын жеке өздөрүнүн соттук жыйналышка катышууга милдеттүүлүгү, ишке үчүнчү жактарды тартуу;
3) административдик ишти соттук териштирүүгө күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу жана чакыруу;
4) алдын ала соттук жыйналышты өткөрүү.
Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо боюнча башка иш-аракеттерди да жүргүзө алат.
5. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо доо соттун өндүрүшүнө кабыл алынган учурдан тартып бир айдан ашпоого тийиш.
6. Соттук териштирүүгө даярдоо административдик процесстин милдеттүү баскычы болуп саналат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
122-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун милдеттери Ишти соттук териштирүүгө даярдоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) доону берүү мөөнөтүн сактоо жөнүндө маселени чечүү;
2) ишти туура чечүү үчүн мааниси бар жагдайларды тактоо;
3) тараптардын укуктук мамилелерин жана жетекчиликке алынууга тийиш болгон мыйзамды аныктоо;
4) процесстин катышуучуларынын курамы жөнүндө маселени чечүү;
5) процесстин тараптары жана башка катышуучулары зарыл далилдерди беришин камсыз кылуу;
6) ушул Кодекстин 41-беренесинде каралган шарттарда тараптарды жараштыруу.
123-берене. Ишти соттук териштирүүгө карата даярдоодо судьянын иш-аракеттери
1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде судья төмөнкүдөй иш-аракеттерди жүргүзөт:
1) ишти оозеки же жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндө) процессте карап чыгуу жөнүндө маселени чечет;
2) доогер ишти оозеки же жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндө) процессте карап чыгуу жөнүндө өтүнмө берген учурда ушундай тартипти колдонуу тууралуу процесстин башка катышуучуларынын пикирин тактайт жана ушул тартипти колдонуу боюнча каршы пикирлерди сотко берүү үчүн мөөнөттү белгилейт;
3) жоопкерди судья белгилеген мөөнөттө доого жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берүүгө милдеттендирет;
4) тең жооп берүүчүлөрдү жана үчүнчү жактарды ишке катышууга тартуу жөнүндө маселени чечет;
5) жоопкерди белгилейт же эгерде арызда жоопкер көрсөтүлбөсө же туура эмес көрсөтүлсө, доогердин макулдугу менен аны алмаштыруу жөнүндө, ошондой эле тең жоопкерди чыгарып салуу жөнүндө маселени чечет;
6) тараптардын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук жыйналышка күбөлөрдү чакыруу жөнүндө маселени чечет;
7) тараптардын пикирин эске алуу менен экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой эле ишке катышууга адистерди, котормочуну тартуу жөнүндө маселени чечет;
8) процесстин катышуучуларынын өтүнмөсү боюнча уюмдардан же жарандардан жазуу жүзүндөгү же буюм далилдерин, аудио жана видео жазууларды талап кылууга көмөктөшөт же бул иш-аракеттерди өз демилгеси боюнча жүзөгө ашырат;
9) кийинкиге калтыруу мүмкүн болбогон же сотко жеткирүү мүмкүн болбогон учурларда, процесстин катышуучуларына кабарлоо менен жеринде жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин кароону жүргүзөт;
10) соттук тапшырмаларды жиберет;
11) доону камсыз кылуу жөнүндө маселени чечет;
12) алдын ала соттук жыйналыштын күнүн, убактысын жана ордун дайындайт жана бул жөнүндө административдик процесстин катышуучуларына кабарлайт;
13) доогердин арызы боюнча ал берген арызды кайра кайтаруу жөнүндө аныктаманы кабыл алат;
131) ишке катышкан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен соттун жыйналышына, анын ичинде алдын ала болгон сот жыйналышына видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу жолу менен катышуу мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечет, ошондой эле мындай катышууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
14) башка зарыл процесстик иш-аракеттерди жасайт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин жоопкердин каршы пикири сотко келип түшпөгөн учурда сот ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде карап чыгуу жөнүндө аныктама чыгарат жана ишти ушул эрежелер боюнча карайт.
3. Эгерде иш боюнча жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесстин тартибин колдонууга карата каршы пикир сотко ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен келип түшсө, бирок сот жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартиби жөнүндө чечим кабыл алганга чейин сот ишти административдик сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча карап чыгуу жөнүндө аныктама чыгарат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
124-берене. Жоопкердин административдик доого каршы пикири
1. Жоопкер өзүнүн демилгеси боюнча же соттун талабы боюнча административдик доону алгандан кийин сотко жана административдик процесстин катышуучуларына өзүнүн жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берет. Каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат.
2. Каршы пикирде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) каршы пикир киргизилүүчү соттун аталышы;
2) тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн аталышы, даректери;
3) ар бир талап боюнча доону бир бөлүгүн же толук таанууга же тааныбоого жоопкердин позициясы;
4) доону тааныбаган учурда доого каршы пикирлер негизделген далилдер;
5) эгерде үчүнчү жактар бар болсо, алар;
6) каршы пикирге тиркелген документтердин тизмеги;
7) ишти кароо үчүн жана чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар, ошондой эле жоопкердин өтүнмөсү.
3. Каршы пикирге жоопкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат. Эгерде каршы пикир сотко жоопкердин өкүлү тарабынан киргизилип жатса, анда ага анын ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документ тиркелүүгө тийиш.
Жоопкердин доого жазуу жүзүндө каршы пикирин бербей коюшу, анда болгон далилдер боюнча ишти кароого тоскоолдук кылбайт.
4. Эгерде жоопкер жазуу жүзүндөгү каршы пикирди берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберсе жана мөөнөттү өткөрүп жиберүү ишти өз учурунда карап чыгууну кыйындатса, сот жоопкерге ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айыпты сала алат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
125-берене. Алдын ала соттук жыйналыш
1. Алдын ала соттук жыйналыш талаш-тартышты ишти сотко чейин жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн айкындоо жана ушул Кодексте каралган мөөнөттө ар тараптуу жана объективдүү чечүүнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
2. Алдын ала соттук жыйналыш судья тарабынан соттук териштирүүнүн эрежелери боюнча ушул главада белгиленген алып салуулар жана кошумчалар менен жүргүзүлөт.
3. Алдын ала соттук жыйналышты өткөрүү күнү, убактысы жана орду ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо жөнүндө аныктамада көрсөтүлөт.
Тараптар алдын ала соттук жыйналыштын күнү, убактысы жана орду жөнүндө ушул Кодекстин 10-главасынын эрежелери боюнча кабарланылат. Ишке катышкан жактардын келбей калуусу ишти даярдоо боюнча маселелерди алдын ала соттук жыйналышта кароого тоскоолдук кылбайт. Эгерде келбей калуунун себептери сот тарабынан жүйөлүү деп таанылса, тараптардын биринин сотко келүүсүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү боюнча алдын ала соттук жыйналыш кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Ишке катышкан жактар ушул Кодекстин 1311-беренесине ылайык видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен алдын ала соттук жыйналышка катышууга укуктуу.
4. Алдын ала соттук жыйналышта сот доогердин доодон баш тартпагандыгын жоопкердин доону тааныбай тургандыгын айкындайт жана тараптарга жарашуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү түшүндүрөт.
5. Эгерде талаш-тартыш ушул берененин 4-бөлүгүндө аныкталган тартипте жөнгө салынбаган болсо, сот:
1) доонун талаптарын жана жоопкердин доого каршы пикирлерин тактайт;
2) доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибербегенин текшерет;
3) ишке катышуучу жактардын курамы жөнүндө маселени айкындайт;
4) доогердин доону колдоорун жана жоопкердин аны тааный тургандыгын айкындайт;
5) талаш-тартышты чечүү үчүн белгилөө зарыл болгон фактыларды жана алардын кайсынысын тараптар тааный тургандыгын, ал эми кайсылар далилденүүгө тийиш экендигин аныктайт;
6) тараптар өздөрүнүн жүйө далилдерин же болбосо каршы пикирлерин кайсыл далилдер менен негиздей алышарын айкындайт жана аларды берүү үчүн мөөнөттөрдү белгилейт;
7) ишти соттук териштирүүгө карата даярдоо үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
6. Тараптар алдын ала соттук жыйналышта далилдерди келтирүүгө, жүйөлөрдү берүүгө, өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.
7. Ушул Кодекстин 15-17-главаларында каралган жагдайлар болгондо, тараптардын пикирин эске алуу менен алдын ала соттук жыйналышта иш боюнча өндүрүш токтотула турат же токтотулат же болбосо арыз кароосуз калтырылат, бул жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама кабыл алынат.
8. Алдын ала соттук жыйналышта судья иштин административдик доону берүү мөөнөттөрүн сактоо маселелери боюнча иштин иш жүзүндөгү жана юридикалык жагдайларына алдын ала баа берүүгө укуктуу. Доогер административдик доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергени белгиленген учурда судья доогерге мындай мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылууну сунуш кылат. Өтүнмө жок болгондо, судья доону кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама кабыл алат.
9. Ишти даярдалган деп таанып, судья ишти соттук териштирүүгө дайындайт, бул жөнүндө аныктама чыгарылат. Тараптардын макулдугу менен судья иш боюнча соттук териштирүүгө түздөн-түз алдын ала соттук жыйналыштан кийин киришүүгө укуктуу.
10. Алдын ала соттук жыйналышта ушул Кодекстин 19-главасына ылайык протокол жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
126-берене. Даярдоо өндүрүшүнүн убагында административдик доодон баш тартуу жана административдик доону таануу
1. Доогер доодон толук же жарым-жартылай баш тарта алат, ал эми жоопкер - доону толук же жарым-жартылай тааный алат. Даярдоо өндүрүшүнүн убагында доодон баш тартуу же доону таануу сотко даректелген жазуу жүзүндөгү өтүнмөдө баяндалууга, ал ишке тиркелүүгө тийиш.
2. Доодон баш тартууну кабыл алууда сот иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат. Доогер доодон жарым-жартылай баш тарткан учурда сот доо талаптарынын бир бөлүгүнө карата иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.
3. Жоопкер доону жарым-жартылай тааныган жана аны сот кабыл алган учурда ушул Кодекстин 174-беренесине ылайык жоопкер тарабынан таанылган доо талаптарын канааттандыруу тууралуу соттун чечими кабыл алынышы мүмкүн. Жоопкер доону толук тааныганда жана аны сот кабыл алганда, доону канааттандыруу тууралуу соттун чечими кабыл алынат.
4. Эгерде доогердин же жоопкердин бул иш-аракеттери мыйзамга карама-каршы келсе же болбосо кимдир-бирөөнүн укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузса, сот доогердин доодон баш тартуусун, жоопкер доону таануусун кабыл албайт жана административдик ишти кароону улантат. Сот доогердин доодон баш тартуусун четке кагуу тууралуу жана жоопкердин доону таануусун четке кагуу тууралуу жүйөлөнгөн аныктама чыгарат.
127-берене. Административдик иштерди бириктирүү жана административдик доо талаптарын бөлүп алуу
1. Эгерде мындай талаптарын туура жана өз убагында каралышына көмөктөшөт деп тааныса, соттун өндүрүшүндө турган бир түрдүү, бир эле тараптар катышкан административдик иштерди же болбосо ар кандай административдик жоопкерлерге карата бир административдик доогердин доолору боюнча соттун өндүрүшүндө турган бир нече административдик иштерди же болбосо бир административдик доогерге карата бир нече ар кандай административдик доогерлердин доолору боюнча бир нече административдик иштерди биргелешип кароо жана чечүү үчүн сот өзүнүн аныктамасы менен бир өндүрүшкө бириктире алат.
2. Эгерде сот билдирилген талаптарды өз-өзүнчө кароону максатка ылайык деп тааныса, бир административдик доо талапты же бириктирилген бир нече талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлөт.
3. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүүгө жана билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө биринчи инстанциядагы сотто административдик иштерди карап чыгуу менен аяктаган соттук актыларды кабыл алганга чейин жол берилет.
4. Сот административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө, билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө же тиешелүү өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, анын көчүрмөсү ушундай административдик иштердин процессинин катышуучуларына жиберилет.
5. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу же билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу берилиши мүмкүн.
6. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө маселени чечүүдө алар боюнча мурда өндүрүшү козголгон административдик иштер менен бириктирилет.
7. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктиргенден жана билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлгөндөн кийин административдик ишти соттук териштирүүгө даярдоо кайрадан башталат.
128-берене. Жеке катышуусунун милдеттүүлүгү
1. Сот тараптардын же үчүнчү жактардын соттук жыйналышка жеке катышуусунун милдеттүүлүгү тууралуу аныктама чыгарууга жана тараптарды же болбосо үчүнчү жактарды түшүндүрмө берүү үчүн чакырууга, анын ичинде соттук териштирүүгө алардын өкүлдөрү катышып жатканда чакырууга укуктуу.
2. Адам соттун чакыруусу боюнча жүйөлүү себепсиз келбеген учурда ага соттук айып пул салынышы жана (же) ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелерине ылайык мажбурлап алып келүү колдонулушу мүмкүн.
13-глава. Соттук териштирүү
129-берене. Административдик ишти соттук жыйналышта кароо
1. Административдик иш даярдоо өндүрүшү аяктаганы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо тууралуу аныктама кабыл алынган күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.
2. Ушул Кодексте жана мыйзамдарда административдик иштердин айрым категорияларын кароонун жана чечүүнүн башка мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.
3. Административдик ишти соттук териштирүү процесстин катышуучуларын чакыруу менен соттук жыйналышта жүзөгө ашырылат.
4. Соттук жыйналыш соттун жайында өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда айрым процесстик иш-аракеттер соттун жайынан тышкары жерде жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Административдик процесстин катышуучусу ишти ал болбогондо кароо жөнүндө өтүнмө билдирүүгө укуктуу. Эгерде сот ишти ошол катышуучу жокто кароонун мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келсе, анын соттук жыйналышка келбей калышы соттук териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.
130-берене. Оозеки териштирүү
1. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, административдик ишти соттук териштирүү оозеки өтөт. Соттук жыйналышта административдик ишти териштирүү учурунда соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучуларына милдеттүү түрдө кабарланылат.
2. Ушул Кодексте белгиленген учурларда административдик ишти соттук териштирүү жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде соттук жыйналышты өткөрбөстөн жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
131-берене. Ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароо
1. Эгерде ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароо жөнүндө өтүнмөнү доогер билдирбеген, ал эми процесстин башка катышуучулары ишти кароонун ушундай тартибин колдонууга каршылык билдирбеген учурда иш жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде каралышы мүмкүн.
2. Процесстин катышуучусу чечим чыгарылганга чейин ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароого жазуу жүзүндөгү макулдукту кайра чакыртып ала алат.
3. Процесстин катышуучуларынын макулдугуна жана жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде ишти дайындоого карабастан, эгерде аны туура чечүү үчүн зарыл деп эсептесе, сот чечим чыгарылганга чейин ишти оозеки териштирүүдө кароо үчүн соттук жыйналышты дайындай алат.
4. Жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде иштер оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн каралат. Ишти ушундай тартипте кароодо сот жазуу жүзүндөгү далилдерди (билдирилген талаптардын маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү жана каршы пикирлерди кошкондо) гана иликтейт.
5. Жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процессинде сот кошумча өтүнмөлөрдү жана документтерди берүүгө боло турган мөөнөттү, ошондой эле чечимди жарыя кылуу датасын, убактысын жана ордун дайындайт жана алар жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарлайт.
1311-берене. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен соттук жыйналыш
1. Соттук жыйналышты өткөрүү учурунда соттун имаратында жеке өзү катышууга объективдүү себептер боюнча мүмкүнчүлүгү болбогон ишке катышуучу жак, анын өкүлү, ошондой эле күбө, эксперт, адис же котормочу соттук жыйналышка видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу, анын ичинде жеке санариптик түзүлүштөрдү пайдалануу менен катышууга укуктуу. Мындай жактардын соттук жыйналышка катышуусу жөнүндө маселе ишке катышкан жактардын өтүнмөсү боюнча же соттун жеке демилгеси боюнча жана соттун тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда сот тарабынан чечилет. Жеке санариптик түзүлүштөрдү колдонуу менен видеоконференцбайланыш тутуму пайдаланылган учурда видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартибине, ыкмаларына жана шарттарына коюлган талаптар сакталууга тийиш.
2. Сотко катышып жаткан жактар, ошондой эле эксперт, адис жана күбө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук жыйналышка катышуу жөнүндө өтүнмөсүн процесстин кайсы баскычында болбосун сотко билдире алат.
3. Ишти карап жаткан сот соттук жыйналышка катышуусу зарыл болгон жактын жашаган жери, турган жери же жайгашкан жери боюнча видеоконференцбайланыш тутумун пайдаланууга укуктуу.
4. Катышуусу иштин туура чечилиши үчүн керек болгон адамдардын видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен соттук жыйналышка катышуусу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет. Соттун кабарлоосу аныктама чыккан күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен ишке катышкан жактарга жана соттук процесстин башка катышуучуларына, ошондой эле видеоконференцбайланыш түзүлө турган тиешелүү сотко жиберилет.
5. Ишти карап жаткан соттун соттук жыйналышынын катчысы катышуусу ишти туура кароо үчүн зарыл болгон жактын соттук жыйналышка катышуусун видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу камсыз кылуучу сот менен байланышты түзөт.
Мындай жактын турган жериндеги соттун кызматкери соттук жыйналышта төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча соттук жыйналышта видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен катышуусу керек болгон жактардын келүүсүн текшерет, алардын инсандыгын аныктайт, ошондой эле соттук жыйналыштын жүрүшүндө төрагалык кылуучунун башка тескемелерин аткарат, анын ичинде зарыл болгон учурда күбөдөн көрсөтмө берүүдөн баш тартканы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергени үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги, ишке катышып жаткан жакка укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү тууралуу тил кат алат, соттук териштирүүнүн катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү материалдарды кабыл алат. Видеоконференцбайланыш түзүлгөн жактардан сотто алынган бардык документтер соттук жыйналыш өткөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен ушул ишти карап жаткан сотко иштин материалдарына тиркөө үчүн жиберилүүгө тийиш. Видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу ишке катышып жаткан күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоолорунун зарылдыгы, көрсөтмө берүү, эксперттик корутунду чыгаруу жана котормону жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө эскертилгендиги тууралуу тил каты санариптик формада алынат. Мындай тил каттын санариптик формасы ушул Кодекстин 63, 136, 145 жана 150-беренелерине ылайык сот тарабынан алынуучу тил катка теңдештирилет.
6. Сот техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда (техникалык жабдыктын жоктугу же бузук болушу) соттук жыйналышты видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен өткөрүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
7. Ушул беренеде белгиленген эрежелер апелляциялык инстанция сотунда колдонулушу мүмкүн.
8. Соттук жыйналыштын жүрүшүндө видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу тартиби, ыкмалары жана шарттары санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
132-берене. Соттук жыйналышта төрагалык кылуучу
1. Ишти жеке өзү караган судья төрагалык кылуучунун милдетин аткарат.
2. Төрагалык кылуучу тараптардын укуктарынын теңдигин камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүү менен соттук жыйналышка жетекчилик кылат, иштин жагдайларын ар тараптан, толук жана объективдүү иликтөө үчүн зарыл шарттарды түзөт. Төрагалык кылуучу ошондой эле соттук жыйналыштын күн тартибинин сакталышын камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.
Соттук териштирүүгө катышкан адамдардын кимдир-бирөө төрагалык кылуучунун иш-аракеттерине каршы пикирин билдирген учурда, бул каршы пикирлер соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет жана төрагалык кылуучу өзүнүн иш-аракеттери карата түшүндүрмө берет.
3. Төрагалык кылуучунун тескемелерин процесстин бардык катышуучулары, алардын өкүлдөрү, күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар жана соттук жыйналыштын залында катышып отурган адамдар үчүн аткарууга милдеттүү.
133-берене. Соттук жыйналыштагы тартип
1. Судьялар соттук жыйналыштын залына киргенде, залда катышып олтургандардын бардыгы орундарынан турат, өз көрсөтмөлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн ордунан туруп берет. Бул эрежеден четтөөгө төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана жол берилиши мүмкүн.
2. Процесстин катышуучулары судьяларга "Урматтуу сот" деген сөздөр менен кайрылышат.
3. Ишти соттук териштирүү талаптагыдай тартипти жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылган шарттарда өтөт. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында төрагалык кылуучу алардын инсандыгын ырастоочу документтерди текшерүү, алар алып кирген буюмдарды кароону кошуп алганда, ишти териштирүүгө катышууну каалаган адамдарды текшерүү жөнүндө тескеме бере алат.
4. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кино- жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түз радио- жана телеберүүгө ишке катышкан жактардын пикирин эске алуу менен соттун уруксаты боюнча жол берилет. Бул иш-аракеттер соттук жыйналыштын ойдогудай жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, соттук жыйналыштын залындагы сот тарабынан көрсөтүлгөн орундарда жүзөгө ашырылууга тийиш жана убактысы чектелиши мүмкүн.
5. Процесстин катышуучулары, ошондой эле соттук жыйналыштын залында катышып олтургандардын бардыгы белгиленген тартипти сактоого милдеттүү.
6. Сот актыларын соттук жыйналыштын залында олтурган бардык катышуучулар орундарынан туруп угушат.
7. Соттук жыйналышты өткөрүүдө ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумдарына жана түзүлүштөрүнө коюлуучу талаптарды аткарууга милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
134-берене. Соттук жыйналышта тартипти бузгандарга карата колдонулуучу чаралар
1. Ишти териштирүү убагында тартипти бузган адамга төрагалык кылуучу соттун атынан эскертүү жасайт.
2. Тартипти кайталап бузганда процесстин катышуучулары соттун аныктамасы боюнча соттук териштирүүнүн бардык убактысына же бир бөлүгүнө соттук жыйналыштын залынан чыгарып жиберилиши мүмкүн. Кийинки учурда төрагалык кылуучу жыйналыштар залына кайра киргизилген адамга ал жок кезде жүргүзүлгөн процесстик иштерди тааныштырат. Ишти териштирүүгө катышып олтурган жарандар тартипти кайталап бузганы үчүн төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча залдан чыгарылат.
3. Тартипти бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдарга, ошондой эле алар соттук жыйналыштын жүрүшүндө сотко урматтоо көрсөтпөгөндүгү үчүн сот аларга ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салууга укуктуу.
4. Эгерде соттук жыйналышта тартип бузуучунун аракеттеринде кылмыш белгилери бар болсо, сот материалдарды тиешелүү прокурорго жиберет.
5. Ишти териштирүүдө катышып отурган жарандар тарабынан тартип жапырт бузулганда, сот процесстин катышуучулары болуп саналбаган бардык жарандарды соттук жыйналыштын залынан чыгарып жибере алат же ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат.
6. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук териштирүүнү жүргүзүүдө соттук жыйналышта тартипти кайрадан бузууга жол берген, ошондой эле сотко урматтоо көрсөтпөгөн жактардын чыгып сүйлөө жана өз билдирүүлөрүн айтуу (алардын видео сүрөттөлүшүн өчүрүү менен же ансыз) мүмкүнчүлүгү соттук жыйналыштын бүткүл убактысында же бөлүгүндө чектелиши мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
135-берене. Соттук жыйналышты ачуу
1. Ишти териштирүү үчүн дайындалган убакытта төрагалык кылуучу соттук жыйналышты ачат жана кайсы иш кароого жаткандыгын жарыялайт.
2. Соттук жыйналыштын катчысы сотко бул иш боюнча чакырылган кайсы адамдар келгендигин, келбей калган адамдар кабарлангандыгын жана алардын жоктугунун себептери жөнүндө кандай маалыматтар бар экендигин айтып берет.
3. Төрагалык кылуучу келгендердин инсандыгын белгилейт, ошондой эле кызмат адамдарынын жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын текшерет.
136-берене. Котормочуга анын милдеттерин түшүндүрүү
1. Төрагалык кылуучу котормочуга сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдардын түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, ал эми ал адамдарга - ишке катышкан адамдардын жана күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, жарыя кылынган жана иштеги болгон документтерди, аудио жана видео жазууларды, эксперттердин корутундуларын, адистердин консультацияларын жана түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле төрагалык кылуучунун тескемелерин, соттун аныктамаларын жана чечимдерин которуп берүү милдетин түшүндүрөт.
2. Котормочу которуу убагында котормону тактоо үчүн процесстин катышуучуларына суроо берүүгө, соттук жыйналыштын протоколундагы котормонун тууралыгы боюнча сын-пикирин билдирүүгө укуктуу.
3. Төрагалык кылуучу котормочуга билип туруп туура эмес которгону үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилиги тууралуу эскертет. Котормочунун бул тууралуу тил каты соттук жыйналыштын протоколуна тиркелет.
Котормочу сотко келүүдөн качкан учурда, сот ага ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салышы мүмкүн.
4. Ушул берененин эрежелери дудук же дүлөйлөрдүн (сурдокотормочунун) белгилерин түшүнгөн жана ишти териштирүүгө катышуу үчүн чакырылган адамдарга жайылтылат.
Документтин уландысы
Көрсөтүлгөн беренелер: 291 ичинен 137. Калгандары, «137-берене» баштап «277-берене» чейин, өз барактарында ачылат:
- 137-берене. Күбөлөрдү соттук жыйналыштын залынан чыгарып салуу
- 138-берене. Соттун курамы жөнүндө маселени чечүү жана өзүн-өзү четтетүү жана четтетүү укуктарын түшүндүрүү
- 139-берене. Процесстин катышуучуларына жана алардын өкүлдөрүнө алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү
- 140-берене. Процесстин катышуучуларынын өтүнмөлөрүнүн сот тарабынан чечилиши
- 141-берене. Процесстин катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн соттук жыйналышка келбей коюуларынын кесепеттери
- 142-берене. Соттук жыйналышка күбөнүн, эксперттин, адистин келбей калуусунун кесепеттери
- 143-берене. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу. Соттук жыйналыштагы тыныгуу
- 144-берене. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда күбөлөрдү суракка алуу
- 145-берене. Экспертке жана адиске алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү
- 146-берене. Ишти маңызы боюнча соттук териштирүүнүн башталышы
- 147-берене. Процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү
- 148-берене. Далилдерди иликтөө тартибин белгилөө
- 149-берене. Далилдерди иликтөө
- 150-берене. Көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчилик тууралуу күбөгө эскертүү
- 151-берене. Күбөлөрдү суракка алуунун тартиби
- 152-берене. Күбөнүн жазуу жүзүндөгү материалдарды пайдалануусу
- 153-берене. Жашы жетелек күбөлөрдү суракка алуунун тартиби
- 154-берене. Күбөнүн көрсөтмөлөрүн жарыя кылуу
- 155-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди иликтөө
- 156-берене. Жарандардын жеке кат алышууларын жана башка билдирүүлөрүн жарыя кылуу жана иликтөө
- 157-берене. Буюм далилдерин иликтөө
- 158-берене. Жеринде кароо
- 159-берене. Аудио жана видео жазууларды иликтөө
- 160-берене. Далилдин жалгандыгы жөнүндө билдирүү
- 161-берене. Эксперттин корутундусун иликтөө
- 162-берене. Кошумча жана кайрадан экспертизалоо
- 163-берене. Адистин консультациялары
- 164-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары
- 165-берене. Ишти маңызы боюнча кароонун аяктоосу
- 166-берене. Соттук жарыш сөздөр
- 167-берене. Ишти маңызы боюнча кароону кайра баштоо
- 168-берене. Прокурордун корутундусу
- 169-берене. Соттун чечим чыгаруу үчүн чыгып кетиши
- 170-берене. Ишти соттук териштирүүнү кайрадан баштоо
- 1701-берене. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшү
- 1702-берене. Санариптик формадагы административдик сот өндүрүшүнүн документтери
- 1703-берене. Соттук жыйналышты протоколдоо
- 1704-берене. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды идентификациялоо жана аутентификациялоо
- 1705-берене. Соттук жыйналышты трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)
- 171-берене. Чечим чыгаруу
- 172-берене. Чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү
- 173-берене. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
- 174-берене. Ишти чечүүдөгү соттун ыйгарым укуктары
- 175-берене. Чечимдин мазмуну
- 176-берене. Чечимди жарыя кылуу, процесстин катышуучуларына чечимди берүү же жөнөтүү
- 177-берене. Кошумча чечим
- 178-берене. Чечимдеги жаңылыш жазууларды жана айкын арифметикалык каталарды оңдоо
- 179-берене. Чечимди түшүндүрүү
- 180-берене. Соттун чечиминин күчүнө кириши
- 181-берене. Чечимди аткарууну кийинкиге жылдыруу жана мөөнөтүн узартуу, чечимди аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү
- 182-берене. Соттун иш боюнча өндүрүштү токтото туруу милдети
- 183-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото турууга соттун укугу
- 184-берене. Өндүрүштү токтото туруу жөнүндө соттун аныктамасы
- 185-берене. Өндүрүштү кайра баштоо
- 186-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу
- 187-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуунун тартиби жана натыйжалары
- 188-берене. Соттун административдик доону кароосуз калтыруу милдети
- 189-берене. Соттун административдик доону кароосуз калтыруу укугу
- 190-берене. Административдик доону кароосуз калтыруунун тартиби жана натыйжалары
- 191-берене. Аныктама чыгаруунун тартиби
- 192-берене. Аныктаманын мазмуну
- 193-берене. Аныктаманын мыйзамдуу күчүнө кирүүсү
- 194-берене. Соттун жеке аныктамасы
- 195-берене. Процесстин катышуучуларына соттун аныктамасынын көчүрмөлөрүн жөнөтүү
- 196-берене. Протокол жүргүзүүнүн милдеттүүлүгү
- 1961-берене. Соттук териштирүүнү аудио жана видео белгилөө каражаттары менен жаздырып белгилөө
- 197-берене. Протоколдун мазмуну
- 1971-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун протоколунун мазмуну
- 198-берене. Протокол түзүү
- 199-берене. Протоколго сын-пикирлер
- 200-берене. Протоколго сын-пикирди кароо
- 201-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдерге жана (же) аракеттерге (аракетсиздикке) даттануу
- 202-берене. Соттун арызды карап чыгышы
- 203-берене. Соттун чечими, аны аткаруу жана даттануу
- 204-берене. Судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечимдерин даттануу
- 205-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу
- 206-берене. Арызды берүү
- 207-берене. Арыздын мазмуну
- 208-берене. Арыз боюнча соттун чечими
- 2111-берене. Сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун токтомун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу
- 2112-берене. Сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун талашууга тийиш болгон токтомдору, аракеттери (аракетсиздиги)
- 2113-берене. Сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун токтомдорун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды берүү
- 2114-берене. Сот аткаруучусунун, жеке сот аткаруучусунун токтомун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды кароо
- 2115-берене. Соттун аныктамасы жана аны ишке ашыруу
- 2116-берене. Соттук актылар боюнча даттануу жана сот аткаруучуларынын, жеке сот аткаруучуларынын токтомдорун, аракеттерин (аракетсиздиктерин) талашуу боюнча иштерди кайра кароо
- 2117-берене. Маалымат ээлеринин маалымат алууга болгон укукту бузган аракетине (аракетсиздигине) жана (же) актыларына даттануу
- 2118-берене. Арыз берүү
- 2119-берене. Соттун чечими
- 212-берене. Апелляциялык даттануу укугу
- 213-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
- 214-берене. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну
- 215-берене. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) чектери
- 216-берене. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу соттор
- 217-берене. Апелляциялык инстанцияда ишти кароонун мөөнөттөрү
- 218-берене. Соттун апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийинки иш-аракеттери
- 219-берене. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу
- 220-берене. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) каршы пикир
- 221-берене. Апелляциялык даттануудан баш тартуу же апелляциялык сунуштаманы кайра чакыртып алуу
- 222-берене. Апелляциялык инстанциянын сотунда доогердин доодон баш тартуусу жана тараптардын жарашуу макулдашуусу
- 223-берене. Ишти апелляциялык кароого карата даярдоо жана ишти кароого дайындоо
- 224-берене. Ишти апелляциялык инстанциядагы соттун кароо тартиби
- 225-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) боюнча сот актысын чыгаруу үчүн соттун чыгып кетүүсү
- 226-берене. Ишти апелляциялык инстанцияда кароонун чектери
- 227-берене. Соттук чечимдин аткарылышын токтото туруу
- 228-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун доону камсыз кылуу чараларын көрүүсү
- 229-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары
- 230-берене. Соттун чечимин өзгөртүүгө карата негиздер
- 231-берене. Соттун чечимин жокко чыгарууга жана жаңы чечим кабыл алууга карата негиздер
- 232-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу же арызды кароосуз калтыруу менен чечимди жокко чыгаруу
- 233-берене. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жиберүүгө карата негиз
- 234-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун актысы
- 235-берене. Апелляциялык чечимдин (аныктаманын) мазмуну
- 236-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун актыларындагы жаңылыш жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо
- 237-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун кошумча сот актысы
- 238-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин түшүндүрүү
- 239-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин аткаруу
- 240-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жана кайра улантуу, иш боюнча өндүрүштү токтотуу жана апелляциялык инстанциядагы сотто доону кароосуз калтыруу
- 241-берене. Соттун аныктамаларына даттануу укугу
- 242-берене. Жеке даттанууларды (сунуштамаларды) берүүнүн жана кароонун мөөнөттөрү, тартиби
- 243-берене. Жеке даттанууларды (сунуштамаларды) кароодо соттун ыйгарым укуктары
- 244-берене. Жеке даттануу боюнча кабыл алынган аныктаманын мыйзамдуу күчү
- 245-берене. Сот актыларын кассациялык тартипте кайра кароо
- 246-берене. Кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн болгон сот актылары
- 247-берене. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүгө укугу бар жактар
- 248-берене. Кассациялык даттанууларды (сунуштамаларды) берүүнүн мөөнөттөрү
- 249-берене. Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну
- 250-берене. Ишти кароонун чектери
- 251-берене. Кассациялык инстанцияда ишти кароонун мөөнөттөрү
- 252-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берүү тартиби
- 253-берене. Биринчи инстанциядагы соттун кассациялык даттанууну (сунуштаманы) алгандан кийинки иш-аракеттери
- 254-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайтарып берүү
- 255-берене. Кассациялык даттануудан (сунуштамадан) баш тартуу же кассациялык сунуштаманы чакыртып алуу
- 256-берене. Кассациялык инстанциядагы сотто доогердин доодон баш тартуусу жана тараптардын жарашуу макулдашуусу
- 257-берене. Сот актысынын аткарылышын токтото туруу
- 258-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кабыл алуунун тартиби
- 259-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун тартиби
- 260-берене. Кассациялык өндүрүштү токтото туруу
- 261-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары
- 262-берене. Сот актыларын кассациялык тартипте жокко чыгарууга же өзгөртүүгө карата негиздер
- 263-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актылары
- 264-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актыларынын мазмуну
- 265-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун актыларынын мыйзамдуу күчү
- 266-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жеке аныктамасы
- 267-берене. Сот актыларын кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо
- 268-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери
- 269-берене. Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздери
- 270-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароочу соттор
- 271-берене. Арыз (сунуштама) берүү
- 272-берене. Кайтадан ачылган жагдайларды же жаңы жагдайларды кайра кароо жөнүндө арызга (сунуштамага) карата талаптар
- 273-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз (сунуштама) берүү үчүн мөөнөттү эсептөө
- 274-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча арызды (сунуштаманы) кайтарып берүүгө негиздер
- 275-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арызды (сунуштаманы) кароо
- 276-берене. Кайтадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы
- 277-берене. Сот актыларын аткаруу
Браузерде документтин толук тексти автоматтык түрдө жүктөлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 23 · цитата келтиргендер: 102 · байланышкандар: 32
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (26)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 3 октября 2025 года №25 О порядке рассмотрения заявлений о пересмотре судебных актов по вновь открывшимся и новым…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 03.10.2025 · № 25Пункттар: п. 1, п. 2, п. 3, п. 5, п. 7, п. 10, п. 11, п. 12, п. 13, п. 14, п. 15, п. 16
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 24 ноября 2021 года №14 "О некоторых вопросах применения законодательства при разрешении споров, связанных с регистрацией прав на…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 24.11.2021 · № 14Пункттар: п. 3, п. 10
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 29 мая 2020 года № 9 О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 29.05.2020 · № 9Пункттар: п. 1, п. 11, п. 12, п. 15, п. 17, п. 19, п. 26, п. 29, п. 30, п. 32, п. 36, п. 38
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 29 мая 2020 года №10 "О судебной практике по делам об установлении фактов, имеющих юридическое значение".Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 29.05.2020 · № 10Пункттар: п. 7, п. 9, п. 15
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 24 мая 2019 года № 10 О некоторых вопросах судебной практики по применению законодательства о залоге (В редакции…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 24.05.2019 · № 10Пункттар: п. 20
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13Пункттар: п. 1, п. 2
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №5 "О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики".Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 5Пункттар: п. 2, п. 3, п. 4, п. 6, п. 7, п. 8, п. 9, п. 10, п. 11, п. 12, п. 13, п. 14
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №4 "О судебном решении" (с изменениями, внесенными ПП ВС КР от 17.10.24г. №28).Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 4Пункттар: п. 1, п. 2, п. 3, п. 4, п. 5, п. 7, п. 8, п. 9, п. 10, п. 11, п. 13, п. 15
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 3 июля 2017 года №7 "О некоторых вопросах порядка обжалования налогоплательщиками решений органов налоговой службы".Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 03.07.2017 · № 7Пункттар: п. 1, п. 3, п. 4, п. 6
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 28 февраля 2018 года №4 «О судебном решении»Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 40 · № 4 токтомго өзгөртүү киргизет
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 29 мая 2020 года №10 «О судебной практике по делам об установлении фактов, имеющих юридическое значение»Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 48 · № 10 токтомго өзгөртүү киргизетПункттар: п. 7, п. 9, п. 15
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 29 мая 2020 года №9 «О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 41 · № 9 токтомго өзгөртүү киргизет
- Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 24 ноября 2021 года №14 «О некоторых вопросах применения законодательства при разрешении споров, связанных с…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 52 · № 14 токтомго өзгөртүү киргизетПункттар: п. 3, п. 10
- Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 28 февраля 2018 года №5 «О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса…Пленум токтомуна өзгөртүү · Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 51 · № 5 токтомго өзгөртүү киргизетПункттар: п. 4, п. 6, п. 7, п. 8, п. 9, п. 10, п. 11, п. 12, п. 13, п. 14, п. 15, п. 16
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел связанных с проведением земельной амнистииСот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 28.03.2025
- Анализ причин, рассмотрения административными судами дел свыше сроков, установленных процессуальным законодательствомСот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 19.03.2025
- Анализ судебной практики по вопросам приостановления производства по административным делам в судах первой и апелляционной инстанцийСот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 19.03.2025
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел по оспариванию решений Уполномоченного органа об отказе в предоставлении статуса беженца в Кыргызской Республике.Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 14.01.2025
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административными судами заявлений (представлений) о пересмотре судебных актов, вступивших в законную силу по вновь открывшимся или…Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 17.12.2024
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административными судами дел по таможенным спорам за период с 2020 года по 2022 год.Сот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 17.12.2024
26 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Цитата келтиргендер (102)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы №09-р Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин…Решение · 26.06.2019 · № 09-р
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 7-майындагы № 54 "№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 07.05.2024 · № 54
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-мартындагы (Кайбидин Турабаевич Исаевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик…Решение · 17.03.2021 · № 09-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б "Кодекстердин иш-чара пландарын бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 14.04.2017 · № 120-б
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакырып алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.12.2018 · № 629
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 22 майындагы № 2079-VII "2023-жылда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.05.2024 · № 2079-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3575-VI "2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын бекитүү…Постановление · 26.02.2020 · № 3575
- Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө жобо (КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын…Положение · 15.08.2025 · № 58
- Постановление Конституционный Суд Кыргызской Республики от 31 марта 2022 года "О рассмотрении жалобы Заяцкого Анатолия Владимировича на определение коллегии судей…Постановление · 31.03.2022
- Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 1-октябрындагы № 5 «Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу.…Приказ · 01.10.2025 · № 5
- Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2026-жылдын…Порядок · 18.05.2026 · № 347
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-декабрындагы № 1176-VI "Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2016 · № 1176-VI
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркундөтүү маселелери боюнча кецеш жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.03.2021 · № 83
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы № 3762-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.05.2020 · № 3762-VI
- Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөЗакон · 24.03.2023 · № 70
- Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 15.11.2021 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы ПЖ № 47 "2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу…Указ · 03.03.2023 · № 47
102 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (23)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17-мартындагы (Кайбидин Турабаевич Исаевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик…Решение · 17.03.2021 · № 09-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы №09-р Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин…Решение · 26.06.2019 · № 09-р
- Маалымат алуу укугу жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 217
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү…Закон · 11.04.2023 · № 85
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү…Закон · 20.01.2017 · № 6
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз…Закон · 11.04.2020 · № 39
- Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2025 · № 262
23 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (32)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү…План · 05.06.2024 · № 137
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3824-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2020 · № 3824-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-январындагы № 832-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-январындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 11.01.2023 · № 832-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 934-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 08.02.2023 · № 934-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 978-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 22-февралындагы жыйналышынын күн тартиби"…Постановление · 22.02.2023 · № 978-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы № 3613-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.03.2020 · № 3613-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 4833-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын сентябрындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2021 · № 4833
- КР Президентинин 2020-жылдын 16-майындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын жеpгиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.05.2020 · № 91
- КР Президентинин 2020-жылдын 16-майындагы № 92 "Кыргыз Реснубликасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.05.2020 · № 92
- КР Президентинин 2020-жылдын 16-майындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.05.2020 · № 93
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 208-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.04.2022 · № 208
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 365-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 23-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү…Постановление · 23.06.2022 · № 365-VII
- КР Жогорку Кенешинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 121-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2022 · № 121-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2612-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 11.12.2024 · № 2612-VII
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 138/26-7 “Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2018-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы…Постановление · 05.03.2019 · № 138/26-7
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 04-р "Байышбек Абдрахманович Нааматовдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Решение · 03.09.2020 · № 04-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууКонституционный закон · 09.10.2025 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1630-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик…Постановление · 31.05.2017 · № 1630-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3581-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз…Постановление · 26.02.2020 · № 3581-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-февралындагы № 3582-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз…Постановление · 26.02.2020 · № 3582-VI
32 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.