Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
214-берене. Апелляциялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) жазуу жүзүндө же сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.
2. Апелляциялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) даттануу (сунуштама) даректелген соттун аталышы;
2) даттанууну (сунуштаманы) берген жактын аталышы, анын жашаган жери, эгерде бар болсо, уюлдук телефонунун, факстарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жак үчүн ошондой эле - анын катталган номери жана жайгашкан жери жана башка реквизиттери;
3) процесстин башка катышуучуларынын аталышы жана алардын турган жери;
4) даттанылып жаткан чечимди көрсөтүү;
5) даттануу бүтүндөй чечимге же анын конкреттүү бөлүгүнө шилтеме жасоо менен анын айрым бөлүктөрүнө берилип жаткандыгын көрсөтүү;
6) биринчи инстанциядагы сот тарабынан туура эмес колдонулган материалдык укуктун ченемдерин же процесстик укуктун олуттуу бузулган ченемдерин көрсөтүү же болбосо далилдерди (жагдайларды) туура эмес баалоо эмнеде экендигин көрсөтүү;
7) даттанууну (сунуштаманы) берген адамдын так көрсөтүлгөн өтүнүчү;
8) даттанууга (сунуштамага) тиркелген документтердин тизмеги.
3. Апелляциялык даттанууга (сунуштамага) даттанууну (сунуштаманы) берип жаткан жак кол коет. Өкүл тарабынан берилген апелляциялык даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу башка документ түп нускада же болбосо талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөдө тиркелиши керек. Юридикалык жактын жетекчисинин колу ушул юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат.
4. Апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) берген жак процесстин башка катышуучуларына даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жөнөтөт.
5. Апелляциялык даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери, ошондой эле даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышкан жактарга жиберилгендигинин далилдери тиркелүүгө тийиш.
6. Зарыл болгон учурда апелляциялык даттанууга (сунуштамага) мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу тууралуу арыз тиркелет.
7. Процесстик мөөнөт өткөрүп жиберилген учурда апелляциялык даттанууга өткөрүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз апелляциялык даттанууга тиркелет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана мазмуну
1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) жазуу жүзүндө алынып салынды: машинкага басылган текст түрүндө кошулду: же сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.
2. Апелляциялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр … берген жактын аталышы, анын жашаган жери, эгерде бар болсо, алынып салынды: телефондорунун, кошулду: уюлдук телефонунун, факстарынын номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми … тиркелет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № алынып салынды: 85 Мыйзамынын кошулду: 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-214" title="214-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>