241-берене. Соттун аныктамаларына даттануу укугу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 25-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына соттун чечиминен өзүнчө, процесстин катышуучулары тарабынан төмөнкү учурларда даттанылышы мүмкүн:
1) ушул Кодексте каралган;
2) эгерде соттун аныктамасы иштин жылышына тоскоолдук кылган.
2. Соттун калган аныктамаларына жеке даттануулар (сунуштамалар) берилбейт, бирок бул аныктамаларга каршы пикирлер апелляциялык же кассациялык даттанууга (сунуштамага) киргизилиши мүмкүн.
3. Даттанылууга жатпаган биринчи инстанциядагы соттун жана апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасына жеке даттануулар (сунуштамалар) берилген учурда, даттануу (сунуштама) сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө аныктама чыгарылуу менен, тиешелүүлүгүнө жараша биринчи инстанциядагы соттун судьясы же апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кайтарылууга жатат. Судьянын (соттун) даттанууну (сунуштаманы) кайтарып берүү жөнүндө аныктамасы даттанылышы мүмкүн.
4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
241-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кайтарып берүү жөнүндө аныктамасы даттанылышы мүмкүн.
4. алынып салынды: Ушул главанын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) биринчи инстанциядагы соттун иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө жана доону кароосуз калтыруу тууралуу аныктамасына;
2) апелляциялык инстанциядагы соттун ушул Кодекстин 229-беренесинин 1, 2, 4 жана 5-пункттарына кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык алынып салынды: чыгарылган аныктамасына.кошулду: күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 17-майындагы № 267 ("Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 17.05.2024 · № 267
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №5 "О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики".Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 5
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-241" title="241-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>