248-берене. Кассациялык даттанууларды (сунуштамаларды) берүүнүн мөөнөттөрү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 26-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, кассациялык даттануу (сунуштама), апелляциялык инстанциядагы сот актысы чыгарылган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн.
2. Талаштын маңызы боюнча эмес кабыл алынган апелляциялык инстанциянын сот актысына даттанылган учурда, кассациялык даттануу бир айлык мөөнөттө берилет.
Иш боюнча өндүрүштү токтотуу, доону кароосуз калтыруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу ал кабыл алынган күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.
3. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүнүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтү, ушул Кодекстин 103-беренесине ылайык, кассациялык инстанциядагы сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
4. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тиешелүү соттук коллегиясынын сот актысында көрсөтүлөт.
5. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) берүүнүн өткөрүлүп жиберилген процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылган учурда, кассациялык даттануу (сунуштама) ага тиркелген бардык документтер менен бирге арыздануучуга кайрылып берилүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
248-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…актысына даттанылган учурда, кассациялык даттануу бир айлык мөөнөттө кошулду: берилет. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу, доону кароосуз калтыруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу ал кабыл алынган күндөн тартып үч айдын ичинде берилет. 3. Кассациялык даттануу (сунуштама) берүүнүн өткөрүлүп … документтер менен бирге арыздануучуга кайрылып берилүүгө тийиш. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-248" title="248-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>