Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
183-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото турууга соттун укугу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 15-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
Соттун төмөнкү учурларда иш боюнча өндүрүштү токтото турууга укугу бар:
1) доогер чакыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө же кандайдыр-бир мамлекеттик милдетти аткарууга тартылып аскердик кызматта жүргөндө - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болуусу же болбосо мамлекеттик милдетти аткаруусу аяктаганга чейин;";
2) доогер дарылоо мекемелеринде болгондо же сотко келүүсүнө тоскоолдук кылган жана медициналык мекеменин маалымкаты менен ырасталган оорусу болгондо - дарылоо мекемесинен чыгарылганга же оорусу айыкканга чейин, бирок эки айдан ашык эмес мөөнөткө. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тарап өкүлүн дайындоого милдеттүү, ал эми сот ишти кароону кайрадан улантууга укуктуу;
3) сот тарабынан экспертиза дайындалганда - эксперт корутундусун бергенге чейин;
4) ченемдик укуктук актыларды чечмелөө боюнча мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий суроо-талап жиберилгенде. Кыргыз Республикасынын Конституциясын кошпогондо, ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк бөлүгүн расмий чечмелөө (түшүндүрүү) ченем жаратуучу орган же ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу ушул актыны кабыл алган же чыгарган кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт;
5) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өзүнүн кароосуна ишти чечүүдө колдонулган же колдонууга жаткан мыйзамдын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө суроо-талапты кабыл алганы жөнүндө кабарлоо алынганда - Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту суроо-талапты караганга чейин;
6) аларга расмий түшүндүрмө берүүнү же болбосо мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматты алууну талап кылуучу маселелер боюнча мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий суроо-талап жөнөтүү.
2. Эгерде ишке катышкан жактар өкүлдөрдүн катышуусу менен административдик ишти жүргүзсө, сот административдик иш боюнча өндүрүштү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда убактылуу токтотпойт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Анализ судебной практики по вопросам приостановления производства по административным делам в судах первой и апелляционной инстанцийСот практикасынын обзору · Обзор судебной практики · 19.03.2025
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Анализ судебной практики по вопросам приостановления производства по административным делам в судах первой и апелляционной инстанцийОбзор судебной практики · 19.03.2025
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-183" title="183-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>