198-берене. Протокол түзүү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 19-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Протокол соттук жыйналыштын катчысы тарабынан түзүлөт.
2. Протокол жазуу жүзүндө түзүлөт.
3. Сот протоколду түзүүнүн толуктугун камсыз кылуу үчүн соттук жыйналышта же болбосо жыйналыштан тышкары, өзүнчө процесстик иш-аракеттерди жасоодо аудио жана видео жазууларды пайдаланат. Бул учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет, анда булар колдонулганы жөнүндө белги коюлат. Соттук жыйналышка аныктап жазуунун кошумча материалдары соттук жыйналыштын протоколдоруна тиркелет жана иштин материалдары менен кошо сакталат.
4. Процесстин катышуучулары жана алардын өкүлдөрү өздөрү иш үчүн олуттуу деп эсептеген жагдайлар тууралуу маалыматтарды протоколго киргизүү жөнүндө өтүнмө кылууга укуктуу.
5. Протокол соттук жыйналыш аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана ага кол коюлууга тийиш.
6. Татаал иштер боюнча соттук жыйналыштын протоколун түзүү жана кол коюу кыйла узак мөөнөттө, бирок соттук жыйналыш аяктагандан кийин беш күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
7. Чечимди же аныктаманы жарыя кылууда, протоколду түзүүнүн мөөнөттөрү жана аны менен таанышуу укуктары жөнүндө жарыяланат.
8. Протоколго соттук жыйналыштын төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлат. Протоколго киргизилген бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, протоколдогу оңдоолор айтылууга жана алардын колу менен тастыкталууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
198-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Протокол соттук жыйналыштын катчысы тарабынан түзүлөт.
2. Протокол алынып салынды: компьютердик, электрондук (санарип аудио жазууну кошуп алганда), машинкага басуу же кол менен жазуу алынып салынды: ыкмалары менен кошулду: жүзүндө түзүлөт.
3. Сот протоколду түзүүнүн толуктугун камсыз кылуу үчүн … өзүнчө процесстик иш-аракеттерди жасоодо аудио жана видео жазууларды алынып салынды: пайдалана алат. кошулду: пайдаланат. Бул учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет, анда … оңдоолор айтылууга жана алардын колу менен тастыкталууга тийиш.
кошулду: (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-198" title="198-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>