42-берене. Прокурор
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Прокурор чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко административдик доо менен кайрылууга укуктуу. Эгерде жаран ден соолугунун, жаш курагынын абалына, аракетке жөндөмсүздүгүнө байланыштуу же башка жүйөлүү себептер менен сотко өзү кайрыла албаган учурда, административдик жана башка жалпы укук мамилелеринин субъекти болуп саналган жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого административдик доо прокурор тарабынан берилет. Мында кызыкчылыгы үчүн доо берилип жаткан адам доогер катарында тартылышы мүмкүн.
2. Административдик доо менен кайрылган прокурор жарашуу макулдашуусун түзүү укугунан тышкары, бардык процесстик укуктардан пайдаланат жана доогердин бардык процесстик милдеттерин аткарат. Прокурор башка адамдын кызыкчылыктарын коргоо боюнча коюлган талаптарды колдоодон баш тарткан учурда, эгерде ошол жак же анын мыйзамдуу өкүлү доодон баш тартуу жөнүндө билдирбесе, ишти маңызы боюнча кароо улантыла берет. Аракетке жөндөмсүз жарандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн коюлган доону кошпогондо, доогер прокурор билдирген доодон баш тарткан учурда, эгерде бул иш-аракеттер мыйзамга карама-каршы келбесе же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, сот иш боюнча өндүрүштү токтотот.
3. Эгерде бул жарандын же мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоону талап кылса, прокурор административдик процесстин кандай болбосун баскычында ишке киришүүгө укуктуу жана административдик иш боюнча корутунду берет. Эгерде административдик иш анын административдик доосунун негизинде козголсо, прокурор иш боюнча корутунду бербейт. Ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө кабарландырылган прокурордун келбей калышы, ишти териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кошулду: кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарын коргоо алынып салынды: үчүн, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда кошулду: үчүн сотко административдик доо менен кайрылууга укуктуу. Эгерде жаран ден … коргоого административдик доо прокурор тарабынан берилет. кошулду: Мында кызыкчылыгы үчүн доо берилип жаткан адам доогер катарында тартылышы мүмкүн.
2. Административдик доо менен кайрылган прокурор жарашуу … келбей калышы, ишти териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (6)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №5 "О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики".Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 5
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 29 мая 2020 года № 9 О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Постановление Пленума Верховного суда · 29.05.2020 · № 9
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 3 октября 2025 года №25 О порядке рассмотрения заявлений о пересмотре судебных актов по вновь открывшимся и новым…Постановление Пленума Верховного суда · 03.10.2025 · № 25
- Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 28 февраля 2018 года №5 «О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 51
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 29 мая 2020 года №9 «О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 41
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административными судами заявлений (представлений) о пересмотре судебных актов, вступивших в законную силу по вновь открывшимся или…Обзор судебной практики · 17.12.2024
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-42" title="42-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>