Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
134-берене. Соттук жыйналышта тартипти бузгандарга карата колдонулуучу чаралар
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Ишти териштирүү убагында тартипти бузган адамга төрагалык кылуучу соттун атынан эскертүү жасайт.
2. Тартипти кайталап бузганда процесстин катышуучулары соттун аныктамасы боюнча соттук териштирүүнүн бардык убактысына же бир бөлүгүнө соттук жыйналыштын залынан чыгарып жиберилиши мүмкүн. Кийинки учурда төрагалык кылуучу жыйналыштар залына кайра киргизилген адамга ал жок кезде жүргүзүлгөн процесстик иштерди тааныштырат. Ишти териштирүүгө катышып олтурган жарандар тартипти кайталап бузганы үчүн төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча залдан чыгарылат.
3. Тартипти бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдарга, ошондой эле алар соттук жыйналыштын жүрүшүндө сотко урматтоо көрсөтпөгөндүгү үчүн сот аларга ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салууга укуктуу.
4. Эгерде соттук жыйналышта тартип бузуучунун аракеттеринде кылмыш белгилери бар болсо, сот материалдарды тиешелүү прокурорго жиберет.
5. Ишти териштирүүдө катышып отурган жарандар тарабынан тартип жапырт бузулганда, сот процесстин катышуучулары болуп саналбаган бардык жарандарды соттук жыйналыштын залынан чыгарып жибере алат же ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат.
6. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук териштирүүнү жүргүзүүдө соттук жыйналышта тартипти кайрадан бузууга жол берген, ошондой эле сотко урматтоо көрсөтпөгөн жактардын чыгып сүйлөө жана өз билдирүүлөрүн айтуу (алардын видео сүрөттөлүшүн өчүрүү менен же ансыз) мүмкүнчүлүгү соттук жыйналыштын бүткүл убактысында же бөлүгүндө чектелиши мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…залынан чыгарып жибере алат же ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат. кошулду: 6. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук териштирүүнү жүргүзүүдө соттук жыйналышта тартипти кайрадан бузууга жол берген, ошондой эле сотко урматтоо көрсөтпөгөн жактардын чыгып сүйлөө жана өз билдирүүлөрүн айтуу (алардын видео сүрөттөлүшүн өчүрүү менен же ансыз) мүмкүнчүлүгү соттук жыйналыштын бүткүл убактысында же бөлүгүндө чектелиши мүмкүн. (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-134" title="134-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>