Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
213-берене. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Апелляциялык даттануу (сунуштама) чечим чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен апелляциялык инстанциянын сотуна берилиши мүмкүн.
2. Эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр каралбаса, апелляциялык даттануу (сунуштама) сот тарабынан чечим жарыя кылынгандан кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
3. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө процесстик мөөнөт ушул Кодекстин 103-беренесине ылайык апелляциялык сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
4. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө маселени кароонун натыйжалары боюнча апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат жана ал даттанылышы мүмкүн. Мында өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө аныктамага даттануу (сунуштама) талаш-тартыштын маңызы боюнча апелляциялык инстанциядагы соттун сот актысына кассациялык даттануу (сунуштама) менен бирге берилиши мүмкүн.
5. Апелляциялык даттануу (сунуштама) берүүгө өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартылганда, апелляциялык даттануу (сунуштама) ага тиркелген бардык документтер менен бирге арыз ээсине кайра кайтарылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чечим чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. кошулду: Апелляциялык даттануу (сунуштама) ошондой эле сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу менен апелляциялык инстанциянын сотуна берилиши мүмкүн.
2. Эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр каралбаса, апелляциялык даттануу … тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № алынып салынды: 85 Мыйзамынын кошулду: 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №5 "О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики".Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 5Пункттар: п. 9
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-октябрындагы № 253 "Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Чүй…Постановление · 15.10.2020 · № 253
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы №09-р Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 271-беренесинин…Решение · 26.06.2019 · № 09-р
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №5 "О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики".Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 5
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-213" title="213-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>