201-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдерге жана (же) аракеттерге (аракетсиздикке) даттануу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 20-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун, шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын чечими, аракети (аракетсиздиги) менен шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктары бузулуп жатат деп эсептеген жаран же шайлоо процессинин башка субъекти (шайлоочу, талапкер, саясий партия, алардын шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, коммерциялык эмес уюм, байкоочулар) жоопкер турган жер боюнча биринчи инстанциядагы сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
Коммерциялык эмес уюм анын коомдук байкоочу катары шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктары бузулган учурда сотко кайрылууга укуктуу.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыз менен талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоо комиссияларындагы алардын өкүлдөрү жана байкоочулар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөткөн депутаттар же фракциялар, ошондой эле бул кызмат ордуна талапкерлер кайрыла алат.
3. Участкалык, округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери тиешелүү даттанууларды жогору турган шайлоо комиссиялары карагандан кийин гана сотко даттанылат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) түздөн-түз сотко даттанылат.
4. Арыз өзүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү болгон чечим кабыл алынган аракет (аракетсиздик) жасалган учурдан тартып тез арада, бирок үч календарлык күндөн кечиктирбестен берилет.
5. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде берилет.
6. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте кабыл алынган чечимдерге арыздар чечим кабыл алынган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде берилет.
7. Арыздарды берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 88, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
201-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2020 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере избирательного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча биринчи инстанциядагы сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
кошулду: Коммерциялык эмес уюм анын коомдук байкоочу катары шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктары бузулган учурда сотко кайрылууга укуктуу.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын … ошондой эле бул кызмат ордуна талапкерлер кайрыла алат.
3. алынып салынды: Участкалык кошулду: Участкалык, округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери тиешелүү даттанууларды … жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) түздөн-түз сотко даттанылат.
4. алынып салынды: Сотко арыз кошулду: Арыз өзүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө арыз ээсине белгилүү … ичинде берилет.
7. Арыздарды берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № алынып салынды: 88 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 88, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-201" title="201-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>