13-берене. Административдик сот өндүрүшүнүн айкындык жана ачыктык принциби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204
1. Иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүрөт.
2. Соттук ачык жыйналышта ишти кароонун натыйжалары боюнча чыгарылган соттун чечими ачык жарыяланат.
3. Соттук ачык жыйналышта катышкан ишке катышып отурган адамдар соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же үн жазуу каражаттарынын жардамы менен белгилеп алууга укугу бар. Соттук жыйналышты кино- жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түз радио- жана телеберүүгө соттун уруксаты менен жол берилет.
4. Соттун жабык жыйналыштарында иштерди кароо жана чечимдерди жарыялоо мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган иштер боюнча, ошондой эле бул мыйзамда каралган учурларда башка иштер боюнча жүзөгө ашырылат. Ошондой эле ишке катышкан адамдын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, жарандардын жеке жашоо-турмушу жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун зарылдыгына жана ачык талкуулоо иштин туура каралышына жолтоо кылууга жөндөмдүү башка жагдайларга таянган өтүнмөсүн канааттандырууда жабык соттук териштирүүгө жол берилет.
Жабык соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же үн жазуучу каражаттардын жардамы менен жаздырып каттоого, жабык соттук отурумду кино- жана фото сүрөткө тартууга, көрмө жазууга, түз радио- жана телеберүүгө жол берилбейт.
5. Сот ишти жабык соттук жыйналышта кароо жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама кабыл алат, анда соттун жабык жыйналышына катышкан адамдардын ишти кароодо белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчиликтери тууралуу сот тарабынан эскертилгендиги көрсөтүлөт.
6. Ишти жабык соттук жыйналышта териштирүүдө ишке катышкан адамдар, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл болгон учурларда, ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери катышат.
7. Жабык соттук жыйналышта иш ушул Кодексте белгиленген бардык эрежелерди сактоо менен каралат жана чечилет.
8. Ишти жабык соттук жыйналышта кароонун натыйжалары боюнча чечимдин резолюциялык бөлүгү ачык жарыяланат.
(КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы №204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.09.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…зарыл болгон учурларда, ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, алынып салынды: котормочулар кошулду: котормочулар, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери катышат.
7. Жабык соттук жыйналышта иш ушул Кодексте белгиленген … натыйжалары боюнча чечимдин резолюциялык бөлүгү ачык жарыяланат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы №204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-13" title="13-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>