Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
174-берене. Ишти чечүүдөгү соттун ыйгарым укуктары
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Ишти маңызы боюнча чечүүдө сот доону толук же жарым-жартылай канааттандыра алат же болбосо аны канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тартат.
2. Административдик доо канааттандырылган учурда сот төмөнкүдөй чечим кабыл ала алат:
1) жоопкер - административдик органдын административдик актысын толук же бир бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;
2) жоопкер - административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же административдик орган тарабынан башка аракеттерди жасабоо милдети жөнүндө;
3) жоопкер - административдик органдын айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;
4) эгерде жоопкерде башка административдик актыны кабыл алуу боюнча мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктар же дискрециялык ыйгарым укуктар (кароо укугу) жок болсо, жоопкер-административдик органды тиешелүү административдик актыны кабыл алууга милдеттендирүү;
5) жоопкер - административдик органдын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;
6) жоопкер - административдик органдын аракеттерин (аракетсиздиктерин) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.
7) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.
3. Эгерде административдик органдын, башка мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын даттанылып жаткан актысы же аракети (аракетсиздиги) сотко кайрылган адамдын же анын кызыкчылыгы үчүн доо берилген жактын жеке укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгобойт деп сот аныктаса жана аларды жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар түзүлбөгөндүгү аныкталган учурда, сот административдик доону канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жоопкер - административдик органдын аракеттерин (аракетсиздиктерин) алынып салынды: жараксыз кошулду: мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.
кошулду: 7) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.
3. Эгерде административдик органдын, башка мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын даттанылып жаткан актысы же аракети (аракетсиздиги) сотко кайрылган адамдын же анын кызыкчылыгы үчүн доо берилген жактын жеке укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгобойт деп сот аныктаса жана аларды жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар түзүлбөгөндүгү аныкталган учурда, сот административдик доону канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13Пункттар: п. 1
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 7-майындагы № 54 "№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 07.05.2024 · № 54
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-174" title="174-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>