124-берене. Жоопкердин административдик доого каршы пикири
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 12-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Жоопкер өзүнүн демилгеси боюнча же соттун талабы боюнча административдик доону алгандан кийин сотко жана административдик процесстин катышуучуларына өзүнүн жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берет. Каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат.
2. Каршы пикирде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) каршы пикир киргизилүүчү соттун аталышы;
2) тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн аталышы, даректери;
3) ар бир талап боюнча доону бир бөлүгүн же толук таанууга же тааныбоого жоопкердин позициясы;
4) доону тааныбаган учурда доого каршы пикирлер негизделген далилдер;
5) эгерде үчүнчү жактар бар болсо, алар;
6) каршы пикирге тиркелген документтердин тизмеги;
7) ишти кароо үчүн жана чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар, ошондой эле жоопкердин өтүнмөсү.
3. Каршы пикирге жоопкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат. Эгерде каршы пикир сотко жоопкердин өкүлү тарабынан киргизилип жатса, анда ага анын ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документ тиркелүүгө тийиш.
Жоопкердин доого жазуу жүзүндө каршы пикирин бербей коюшу, анда болгон далилдер боюнча ишти кароого тоскоолдук кылбайт.
4. Эгерде жоопкер жазуу жүзүндөгү каршы пикирди берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберсе жана мөөнөттү өткөрүп жиберүү ишти өз учурунда карап чыгууну кыйындатса, сот жоопкерге ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айыпты сала алат.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
124-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
14.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…катышуучуларына өзүнүн жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берет. кошулду: Каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат. 2. Каршы пикирде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) каршы пикир киргизилүүчү … каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айыпты сала алат. кошулду: (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-124" title="124-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>