113-берене. Доону кабыл алуудан баш тартуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 11-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Сот доону кабыл алуудан баш тартат, эгерде:
1) доо административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жатпаса;
2) бир эле тараптардын ортосунда бир эле жүйө жөнүндө же ошол эле негиздер боюнча сот тарабынан чыгарылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же болбосо иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же доону өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы бар болсо;
3) доогер талаш-тартышты чечүүнүн сотко чейинки мыйзамда белгиленген тартибин сактабаса жана ушундай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулса.
4) административдик доо ушул Кодексте же мыйзамда аларга мындай укук каралбаган мамлекеттик бийлик органы, башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, уюм, кызмат адамы же болбосо жаран тарабынан башка жактын, чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн берилсе;
5) административдик доону, арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн административдик иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн аныктоочу ушул Кодекстин ченемдеринде каралган башка негиздер болсо.
2. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама кабыл алат, ал сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга тийиш. Аныктама доогерге ал берген документтерди кайра кайтаруу менен бир убакта тапшырылат же жиберилет.
3. Доону кабыл алуудан баш тартуу доогерге ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча жоопкерге доо менен сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылат. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
113-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сактабаса жана ушундай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулса. кошулду: 4) административдик доо ушул Кодексте же мыйзамда аларга мындай укук каралбаган мамлекеттик бийлик органы, башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, уюм, кызмат адамы же болбосо жаран тарабынан башка жактын, чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн берилсе; 5) административдик доону, арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн административдик иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн аныктоочу ушул Кодекстин ченемдеринде каралган башка негиздер болсо. 2. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама … соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №5 "О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики".Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 5
- Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 28 февраля 2018 года №5 «О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 51
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 29 мая 2020 года № 9 О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Постановление Пленума Верховного суда · 29.05.2020 · № 9
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 29 мая 2020 года №9 «О некоторых вопросах применения законодательства о государственной пошлине при рассмотрении…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 41
- Обобщение судебной практики по рассмотрению административных дел связанных с проведением земельной амнистииОбзор судебной практики · 28.03.2025
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-113" title="113-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>