141-берене. Процесстин катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн соттук жыйналышка келбей коюуларынын кесепеттери
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 13-глава
1. Процесстин катышуучулары келбей калгандыгынын себептери жөнүндө сотко кабарлоого жана ал себептердин жүйөлүүлүгүнө далилдерди берүүгө милдеттүү.
2. Соттук жыйналышка аларга кабарлоо тууралуу маалымат болбогон процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөлөрү келбей калган учурда ишти териштирүү кийинкиге калтырылат.
3. Эгерде процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган болсо, эгерде алардын келбей калганынын себептеринин жүйөлүүлүгү жөнүндө тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.
4. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөсү келбей калган учурда, эгерде келбей калуунун себептери жөнүндө маалымат болбогондо же болбосо сот анын келбей калган себептерин жүйөсүз деп тааныса, сот ишти кароого укуктуу.
5. Тараптар соттон ишти аларсыз кароону жана чечимдин көчүрмөсүн аларга жиберүүнү өтүнүүгө укуктуу. Эгерде бул иштин жагдайлары боюнча зарыл болсо, сот тараптардын соттук жыйналышка катышуусун милдеттүү деп тааный алат. Сот тарабынан соттук жыйналышка катышуусу милдеттүү деп таанылган процесстин катышуучусу келбей калганда, сот ушул Кодекстин 128-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган чараларды көрүүгө укуктуу.
6. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланган процесстин катышуучусунун өкүлүнүн келбей калуусу ишти кароого бөгөт болуп саналбайт. Сот процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча, анын өкүлүнүн келбей калганына байланыштуу ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
141-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Анализ причин, рассмотрения административными судами дел свыше сроков, установленных процессуальным законодательствомОбзор судебной практики · 19.03.2025
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-141" title="141-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>