173-берене. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Сот төмөнкүлөрдү текшерүү менен чечим чыгарат:
1) административдик акт Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келеби;
2) административдик акт мыйзамдарда каралган административдик жол-жоболорду сактоо менен чыгарылганбы;
3) мыйзамда каралган мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жол-жобосу сакталганбы;
4) талаш туудуруп жаткан акт мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын компетенциясын;
5) сотко кайрылган адамдын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбаганбы, же болбосо талашылып жаткан акт (аракет) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан кабыл алынган (жасалган) күнү бул адамга анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар жаралганбы.
2. Чечим кабыл алуу учурунда сот ошондой эле административдик доону камсыз кылуу боюнча чаралардын күчүн сактоо же жокко чыгаруу жөнүндө, буюм далилдеринин андан аркы тагдыры, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндө маселелерди жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө келип чыккан жана чечүүнү талап кылган маселелерди чечет.
3. Сот кароодо жана чечим чыгарууда доодо баяндалган жүйө далилдерге байланган эмес.
4. Сот административдик актынын укукка ылайыктуулугуна баа берүүдө чечимде административдик орган тарабынан административдик актыга киргизилген негиздемени гана эске алат.
5. Сот административдик жол-жоболорду же башка мыйзамдарда белгиленген эрежелерди сактоо менен аракет (аракетсиздик) жүзөгө ашырылганын текшерип, административдик органдын аракети (аракетсиздиги) боюнча чечим чыгарат.
6. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сот ишти доогер тарабынан билдирилген талаптардын чектеринде чечет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
173-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбаганбы, же болбосо кошулду: талашылып жаткан акт (аракет) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан кабыл алынган (жасалган) күнү бул адамга анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар алынып салынды: түзүлбөгөнбү.
кошулду: жаралганбы.
2. Чечим кабыл алуу учурунда сот ошондой эле административдик доону … актыга киргизилген негиздемени гана эске алат.
5. Сот кошулду: административдик жол-жоболорду же башка мыйзамдарда белгиленген эрежелерди сактоо менен аракет (аракетсиздик) алынып салынды: административдик жол-жоболорду сактоо менен жүзөгө ашырылганын текшерип, административдик органдын аракети … сот ишти доогер тарабынан билдирилген талаптардын чектеринде чечет.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 28 февраля 2018 года №4 «О судебном решении»Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 40
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №4 "О судебном решении" (с изменениями, внесенными ПП ВС КР от 17.10.24г. №28).Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 4
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 28 февраля 2018 года №5 "О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики".Постановление Пленума Верховного суда · 28.02.2018 · № 5
- Постановление Пленума Верховного суда Кыргызской Республики от 28 февраля 2018 года №5 «О некоторых вопросах применения судами норм Административно-процессуального кодекса…Постановление Пленума Верховного суда · 25.12.2025 · № 51
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111520/st-173" title="173-берене - Административдик-процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>